Венгрия өкмөтү 1-сентябрдан тарта чет өлкөлүктөрдү киргизбей турган болду.
Өлкөдө коронавируска чалдыккандар көбөйүп жатканына байланыштуу Венгрия Евробиримдиктеги чек арасын биринчи болуп жапты.
Акыркы жумаларда Евробиримдиктеги көпчүлүк өлкөлөрдө коронавирус илдети кайра күч алганы байкалууда.
Италия, Испания, Британияда ооруга чалдыккандардын саны суткасына миңден ашууда.
Францияда 28-августка караган күнү жети миң адам ооруга чалдыкканы аныкталган. Мындай көрсөткүч Францияда 31-мартта катталган. Парижде көчөдө беткап кийүү талабы кайрадан киргизилди.
Быйыл мартта Европадагы пандемиядан улам Шенген келишимине кирген өлкөлөрдүн көпчүлүгү чек араларын жапкан. Июнь айынын аягына карай чек аралар ачылып, талаптар жумшарган. Айрым өлкөлөр сырттан кирген жарандарды текшерилүүгө же эки жумалык карантинге жиберүүнү улантышууда.
Шенген аймагынын тышкы чек арасы дагы деле көптөгөн өлкөлөрдүн жарандары үчүн жабык. Алардын арасында АКШ жана Орусия да бар.
АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда, дүйнөдө коронавирус илдетине 25 миллионго чукул адам кабылды. Алардын ичинен 6 миллиондон ашууну америкалыктар. Дүйнө жүзүндө коронавирус илдетинен көз жумгандардын саны 900 миң адамга чукулдады.
29-августка карата Кыргызстанда коронавирустан жана пневмониядан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.
Ал эми акыркы суткада коронавирус жана пневмониянын лабораториялык тастыкталган 125 жаңы учуру аныкталды. Анын ичинде басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.
- Бишкек - 30
- Ош – 2
- Чүй облусу – 8
- Ош облусу - 12
- Талас облусу - 6
- Нарын облусу – 1
- Ысык-Көл облусу – 13
- Жалал-Абад облусу – 31
- Баткен облусу - 22.
Жалпысынан пандемия башталгандан бери коронавирус илдетине чалдыккандардын саны өлкөдө 43 712 адамга жетти.
Ал эми акыркы сутка ичинде оорудан 247 адам айыкты. Сакайып ооруканадан чыккандардын ичинен бешөө медицина кызматкери. Дагы 11 медицина кызматкери үй карантинден чыгышты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3126 учур катталды, алардын ичинен 2440 медкызматкер айыкты.
Бишкекте адистер коронавируска кабылгандарды аныктоо максатында үймө-үй кыдырып жатышат. Шаардын вице-мэри Виктория Мозгачева 28-августтагы брифингде билдиргендей, бүгүнкү күнгө карата адистер 86 миңден ашык үйдү кыдырып, 190 миңден ашык жарандын абалын сурады.
Анын жыйынтыгында 6945 кишиден курч кармаган респиратордук-вирустук инфекциялар жана пневмониянын белгилери байкалган. Аларга үйдөн дарыланбай, дарыгерлерге кайрылуу тууралуу сунуштар берилген.
Мозгачеванын айтымында, акыркы күндөрдө баш калаада коронавирус жугузуп алгандар мурункуга салыштырмалуу азайды. Бирок оору жугузгандар жана анын курмандыктарынын статистикасы боюнча Бишкек алдыда.
«1-августка карата маалымат боюнча Бишкекте коронавирус жана пневмония менен 412 учур катталса, 27-августка карата 32 учур каттоого алынды», - деди Виктория Мозгачева.
Кыргызстанда коронавируска жана пневмонияга чалдыккандардын 40,31% Бишкек шаарына туура келет.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги жана Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб статистика төмөндөгөнү менен оорунун жайылышы басаңдай элек деп эскерткен. Алар жарандарды санитардык эрежелерди, аралыкты сактоого, беткап кийип жүрүүгө чакырган.