Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 илдети лабораториялык жактан тастыкталган 108 учур жаңыдан катталды. Анын ичинен басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда - 33 адам вируска чалдыкты.
Бишкек шаарында - 17;
Ош шаарында – 2;
Чүй облусунда – 11;
Ош облусунда – 12;
Талас облусунда - 6;
Нарын облусунда – 1;
Ысык-Көл облусунда – 10;
Баткен облусунда - 16.
Ушуну менен жалпы пандемия башталгандан берки убакта коронавируска чалдыккандардын саны 43 820 адамга жетти.
Ал эми акыркы суткада оорудан 225 адам айыгып чыкты. Жалпы сакайгандардын саны 38 198 адам коронавирусту жеңип, айыгып кетти.
30-августка карата COVID-19 вирусунан Ош облусунда бир адам кайтыш болду. Оорудан көз жумгандардын жалпы саны - 1059 адам.
29-августта COVID-19 дартынан жана пневмониядан каза болгондордун жаркын элесине арналган «Эскерүү шамы» акциясы болот. Коронавирус инфекциясынан каза болгондорду шам жагып, эскерүү демилгесин Бишкек мэриясы көтөргөн.
Демилгечилер кечки саат 21:30да электр жарыгын өчүрүп, терезени ачып, шам жагып, каза болгондорду эскерүүнү сунушташууда.
Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиликтери жана башкы консулдуктары өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине 49 кычкылтек концентраторун тапшырышты. Бул жабдуулар мекемелердин жеке каражатына алынган.
49 кычкылтек концентраторунун 15и президенттик жана өкмөттүк иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына тапшырылды. Калгандары Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. Министрлик аны муктаждыгына ылайык өлкөдөгү бейтапканаларга бөлүштүрүп берет.
Берлинде коронавирус пандемиясына каршы бийликтин саясатына жана чектөөлөргө нааразылардын митинги өтүп жатат.
"Интерфакс" агенттиги маалымдагандай, 29-августта Берлиндин жашоочулары көптөгөн борбордук көчөлөргө чогулду.
Митингге чыккандардын көпчүлүгү беткапсыз. Метролордун кире бериштеринде Берлин транспортунун коопсуздук кызматкерлери элди беткап кийүүгө үндөп турушат.
Адамдар чогулган жерлерде полиция да жүрөт, бирок алар чогулгандарга эч кандай тоскоолдук жараткан жок. Эл чогулуп жаткан аймактын үстүндө полициянын тик учагы да кырдаалга көз салып, айланып учуп жүргөнү кабарланды.
"Bild" маалымат агенттиги полицияга шилтеме берип, дагы бир борбордук көчө - Фридрихштрасседе 18 миңге чукул адам чогулганын билдирди.
Берлиндин көчөлөрүндөгү коопсуздукка ушу тапта 3 миң полициячы көз салууда. Эл чогулган жерлерге суу бүркө турган автоунаалар алып келингени кабарланды. Бирок маалыматка караганда, алар көп жылдан бери чогулган элди таратуу үчүн эмес, жолдорду автоунаалардан тосуу үчүн колдонулуп келет.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, Германия оору жуктургандардын саны жагынан 20-орунда. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 243 миңге чукул адамга вирус жуккан. Оорудан көз жумгандардын саны 9360ка жетти. 217 миңден ашууну сакайып чыкты.
Германияда 83,8 миллионго чукул калк жашайт.