Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 31-августка карата маалыматы боюнча ушу тапта илдет аныкталган 715 бейтап стационарда дарыланууда. 4818 бейтап амбулатордук түрдө дарыланып жатат.
Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө Жалал-Абад облусунан эки медициналык кызматкер коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Муну менен пандемия башталган март айынан бери COVID-19 диагнозу аныкталган медициналык кызматкерлер 3133 кишиге жетти. Анын 2471и айыгып чыкты. Вирустан 80ден ашык медкызматкер кайтыш болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсебине ылайык, март айынан бери илдеттин курмандыктары 1059 кишини түздү. Мекеме 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын билдирген. Ага чейин вирустан жалпы 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий маалымдалган.
Соңку бир күнгө карата алынган маалыматта вирус жуккандар 43898ге жеткени, 38459у айыкканы айтылды.
Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус дагы бир кишинин өмүрүн алды. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 1-сентябрдагы брифингде билдиргендей, илдеттен каза болгон учур Бишкекте катталды.
Мекеменин 18-августтагы жаңы эсеби боюнча пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирустун курмандыктары 1060ка жетти. Бир сутка ичинде вирус дагы 60 кишиден лабораториялык жол менен аныкталды. Пандемияда илдетке чалдыккандардын расмий эсеби 43958ди түзүп, анын 38649у айыкты.
Кыргызстанда 18-августка чейин вирустан жалпы 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий маалымдалган. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын билдирген.
Азыр стационарда 704, үй шартында 4856 бейтап дарыланууда.
Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 вирусун дагы 78 киши жугузуп алганы расмий аныкталды.
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 31-августка карата маалыматы боюнча Бишкекте - 18, Ысык-Көл облусунда – 14, Баткен облусунда - 12, Жалал-Абад облусунда – 11, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 6, Талас облусунда - 2, Нарын облусунда – 4, Ош шаарында бир адамдын анализинен вирус табылды.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 43 898ге жетти. Анын 38 459у айыгып чыкты.
АКШдагы Хопкинс университетинин маалыматына караганда, 30-августка карата жалпы дүйнө жүзүндө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны 25 миллион адамдан ашты. Буга Индияда акыркы суткада оору жуктургандардын саны рекоррдук чектен ашып, 78 761 адам жаңы катталганы негиз берди. Индия оору жуктургандарын саны жагынан үчүнчү орунда турат. Биринчи орунда АКШ, андан кийин Бразилия.
Америкада коронавируска чалдыккан адамдардын саны 6 миллион 139 миңден ашты. 3,4 миллион адам оорудан айыкты. 186 миңден ашуун адам илдеттен көз жумду.
Бразилияда 3,8 млн. адам коронавируска кабылган. 3 миллиондон ашык адам сакайып чыкты. 120 498 адам илдеттен көз жумду.
Индияда 3,5 миллион адам вирус жуктурган. 2,7 млн. адам айыгып, 63 миңден ашуун адам вирустан көз жумган.
Университеттин маалыматы боюнча дүйнөдө пандемия башталгандан бери коронавируска чалдыгып, каза болгондордун жалпы саны 846 миң адамдан ашты.