Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдети лабораториялык жол менен дагы 78 кишиден табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 2-сентябрдагы брифингде билдирди.
Анын маалыматына караганда, Бишкекте - 23, Жалал-Абад облусунда – 13, Баткен облусунда - 12, Ысык-Көл облусунда – 11, Чүй облусунда – 10, Нарын облусунда – 5, Ош облусунда - 3, Ош шаарында бир жаңы учур катталды.
Расмий эсеп боюнча өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган март айынын ортосунан бери илдетке чалдыккандардын жалпы саны 44 036 кишини түздү, 38 895 бейтап айыкты.
Облустук ыкчам штабдын маалыматына караганда, эпидемия башталгандан бери 119 күндүзгү стационар уюшулуп, аларда 1 655 орундук ачылган.
Ушул тапта облус аймагында алты аймактык оорукана, алты үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, эки жалпы дарыгерлик практика борбору, 53 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 120 фелдшердик-акушердик пункт бар.
Ысык-Көл облусунда күндүзгү стационарлар жабылды. Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб облустук медицина мекемелеринде 740 дарыгер, 2 144 медайым жана облуска сырттан келген 52 дарыгер иштеп жатканын кабарлады.
«Облустук жана райондук аймактык ооруканаларда кычкылтек тутумдары орнотулган. Мындан сырткары облус боюнча 1014 кычкылтек концентратору бар, алардын 593 даанасы ооруканаларда, калгандары күндүзгү стационарларда. Облус боюнча 15 стационардык жана төрт көчмө рентген аппараты бар», - деп айтылат маалыматта.
Андан тышкары Ысык-Көл облусунда 18-июлдан 29-августка чейин үймө-үй кыдыруунун жыйынтыгында коронавирус менен пневмонияга чалдыккан 2 621 адам аныкталды. Бардыгына тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Дарыгерлер жалпысынан 112 500 короону кыдырып, 514 541 адам текшерүүдөн өткөн.
Европада коронавирус кайрадан жайыла баштаганына карабай 1-сентбярдан тартып Англия, Франция жана Белгия баштаган бир катар өлкөлөрдө мектептерде окуу башталды.
Францияда 11-18 жаштагы окуучулардын баары имараттардын ичинде да, сыртта да беткап кийип жүрүүгө милдеттендирилди. Өлкөнүн билим берүү министри Жан-Мишел Бланкер 31-августта эгер кайсы бир мектепте оору катталса ошол окуу жайы кайра карантинге убактылуу жабылышы ыктымал экенин эскертти.
Орусияда да 17 миллион окуучу мектептерге кайтты. Аларга беткап кийип жүрүү тууралуу эреже киргизилген жок. Коронавирус пандемиясы маалында, март айынан тартып Орусияда мектептер карантинге жабылган жана окуучулар аралыктан окууга өтүшкөн, кийин үч айлык каникулга тарап кетишкен.
Билим берүү министрлиги оорунун жайылышынын алдын алыш үчүн бир бөлмөдөн көчпөй окуу, окуучулардын дена табын ченеп, каттап туруу өңдүү сактык чаралары көрүлөрүн билдирди.
Англияда алты ай мурда жабылган мектептер кайра ачылды. Ал арада бир миллиондой студент дагы жакынкы апталарда британ университеттерине кайтканы жатат. Бирок Университеттер менен коллеждер бирикмеси өкмөткө мындай пландын кооптуулугун эскертти. Уюм тараткан билдирүүдө окуу башталса «коомдук саламаттык сактоо олуттуу каатчылыкка кептелиши мүмкүн» экени, «карылар үйүндөгүдөй абал университеттерде кайталанышы» ыктымал болору айтылган.
АКШда коронавирус менен ооругандар алты миллиондон ашты жана илдеттен 183 миңдей бейтап көз жумду.
Дүйнө жүзүндө коронавируска 25,3 миллион адам кабылып, көз жумгандар 850 миң кишиге чамалады.
Президент Сооронбай Жээнбеков пандемияга байланыштуу республиканын бардык мектептеринде билим берүү онлайн тартипте жүргүзүлүп жатканын, бирок кырдаал толугу менен турукташканда балдар адаттагыдай эле мектепке бара баштай турганын айтты. Бул тууралуу өлкө башчы 1-сентябрда Бишкек шаарындагы конуштардын биринде жайгашкан № 87 орто мектебине барганда айтты.
1-сентябрда Кыргызстанда 156 миң бала мектеп босогосун аттады. Бирок коронавирус пандемиясынан улам «Биринчи коңгуроо» жыйыны уюштурулбай эле сабактар башталды.
Коронавирус пандемиясынан улам окуучулар 2019-2020-жылынын акыркы чейрегин да аралыктан окуп бүтүрүшкөн.