Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа 2-сентябрда берген маалымат жыйынында, өлкөдө коронавирус эпидемиясынын биринчи толкунунун экинчи фазасы башталганын жана өлкөдөгү курч жагдай тууралуу айтты.
"Пандемия уланып, күн сайын вирус жуккан учурлар көбөйүүдө. Биринчи толкундун экинчи фазасын баштан өткөрүп жатабыз. Анкара, Стамбул, Измир, Бурса шаарлары дагы деле болсо кооптуу бойдон калууда", - деди министр.
Министр Кожа пандемия башталгандан бери өлкөдө 30 миңден ашык медицина кызматкерине вирус жукканын, алардын 52си көз жумганын билдирди.
Расмий маалыматтар боюнча Түркияда 2-августта COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 6462 кишиге жетти. Вирусту жугузуп алгандар 273 миңден ашты. Ошол эле маалда 250 миңге жакын бейтап сакайды.
Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам аба каттамдары жабылгандыктан Түркиядагы үч миңден ашуун кыргызстандык атайын уюштурулган чартердик каттам менен Кыргызстанга кайткан. Түркия Кыргызстан менен 7-августта аба каттамдарын ачкан.
Түркияда 30 миңден ашуун кыргызстандык расмий катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир ж.б. ири шаарларда жашап, иштешет.
АКШдагы Эл аралык институту кыргызстандыктардын арасында жүргүзгөн саясий, социалдык-экономикалык жагдай боюнча сурамжылоо жүргүзгөн.
Ага ылайык, коронавирус пандемиясына каршы күрөштө бийликтин саясатына канааттанарын катышкандардын 33% айтышкан. 63% адам канааттанбасын билдирген. Калгандары жооп бере албасын айткан.
Иликтөөнүн жыйынтыгында катышуучулардын 46% коронавирус илдетин олуттуу кабыл аларын билдирген. 33% кайдыгер эместигин, 7% ооруга ишенбесин айткан. 14% оору катары кабыл аларын билдирген.
Сурамжылоодо "өлкөнүн өнүгүүсүнө бут тосуп жаткан маселелердин башында жумушсуздук, коррупция жана коронавирус турат" деген пикирин катышуучулардын басымдуу бөлүгү билдирген.
Саламаттык сактоо жана билим берүү тармагынын алсыздыгы, ички чыр-чатактар, социалдык жакырчылык да өнүгүүгө жолтоо болгон себептер катары айтылган.
"Биздин өлкөнүн иши туура багытта бара жатабы?" деген суроого катышуучулардын 53% жок деп жооп беришкен. 41% "туура багытта" деп жооп беришкен. 6% билбестигин айтышкан.
Эл аралык институттун сурамжылоосу АКШнын эл аралык каржылоо агенттигинин колдоосу менен Кыргызстандын жети облусунан жана эки шаарынан жүргүзүлгөн.
Август айында чыгарылган статистикага ылайык, Кыргызстанда COVID-19 илдети 1120 баладан табылды.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 2-сентябрдагы маалыматына караганда, алардын 117си бир жашка чейинки наристелер. 354ү бир жаштан 5 жашка чейинки балдар. 6-14 жашка чейинкилер 649 баланы түзгөн.
Буга чейин Санжарбек Данияров атындагы Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча мамлекеттик медициналык институттун педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова Кыргызстанда балдар арасында коронавирус менен байланышкан мультисистемалык сезгенүү учурлары кездешип жатканын билдирген.
Анын айтымында, учурда коронавирусту дарылоонун клиникалык протоколунун төртүнчү варианты бекитилди. Балдар арасында учурап жаткан илдетти аныктоо жана дарылоо боюнча аракеттер да ошол протоколго киргизилди.
Азыр Кыргызстанда беш балдар ооруканасы коронавируска чалдыккан балдарды кабыл алууга даяр:
1. Энени жана баланы коргоонун улуттук борбору (Бишкек);
2. Медициналык тез жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасы (Бишкек);
3. Ош облус аралык балдар ооруканасы (Ош);
4. Кара-Суу районундагы балдар ооруканасы (Ош облусу);
5. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы (Бишкек).
Шүкүрова Кыргызстанда бул оору канча баладан табылганын так айткан жок. Аймактык ооруканаларда да балдар бөлүмдөрүндө орундуктар даярдалганын билдирди.
Организмдин мультисистемалык сезгениши деп аталган бул ооруга чалдыккандар буга чейин Кыргызстанда каттала элек болчу. Алгач Кошмо Штаттарда жана Европада балдар кабылып жаткан белгисиз оорунун COVID-19 илдетине байланышы бар экени айтылган.
Америкалык педиатрлар бул илдеттин белгилери коркунучтуу Кавасаки оорусуна окшош экенин билдиришкен.
Бирок Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда балдар арасында Кавасаки синдрому катталбаганын билдирип, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2-сентябрда эксперттерден турган жумушчу топ балдар арасында коронавирус менен байланышкан мультисистемалык сезгенүү учурларына байланыштуу жыйынга чогулду.
Кыргызстанда күз-кыш айларында сасык тумоо жана респиратордук оорулар күчөйт деген божомол бар экенин саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 2-сентябрдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, мындай божомолго байланыштуу коронавирустун алдын алуу боюнча бир катар пландар иштелип чыгып, даярдыктар көрүлүп жатат.
«Көптөгөн жарандар вирус менен ооруп, дарыланып жатышат. Коронавирустун жайылышы дагы деле уланып жатат. Анын азайганы байкалып жатат, бирок эс алууга азырынча эрте. Чет мамлекеттерде коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну байкалууда, - деди министрдин орун басары.
- Биздин республикада пандемия башталгандан бери бир катар масштабдуу иштер жүргүзүлдү. Карантин киргизүү, санитардык талаптардын күчөшү жана башка иш-чаралар өз убагында оорунун алдын алып, туруктуу кармап турууга жардам берди деп эсептейбиз. Тилекке каршы, коронавирус менен бирге пневмония оорусу күчөп, статистикалык маалымат бириктирилди».
Нурболот Үсөнбаев Кыргызстанда коронавируска байланыштуу абал толук турукташа элек экенин эскертти. Ал элди санитардык талаптарды сактоого чакырды.