Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:58

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

11:38 10.9.2020

Кыргызстанда соңку бир суткада COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу 10-сентябрда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабарлады.

Штабдын ушул эле күнкү маалыматына караганда, илдетке чалдыккан 71 бейтап жаңы катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматованын айтымында, алардын эң көбү Баткен облусунда – 19 адам:

«Бишкек шаарында 15, Ош шаарында бир, Чүй облусунда төрт, Ош облусунда беш, Талас облусунда төрт, Ысык-Көл облусунда сегиз, Жалал-Абад облусунда 15 адам катталды».

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 684 адамга жукту, алардын ичинен 40 487 бейтап айыкты, 1063 бейтап каза болду.

Азыр COVID-19 илдетине чалдыккан 532 бейтап ооруканада жатат, 2260 адам үйүндө дарыланууда.

Оору жугузгандардын 3 160ы - медицина кызматкерлери. Алардын арасынан 2635 медкызматкер айыкты.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майдан тарта токтогон, бирок 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

16:10 9.9.2020

Европада коронавирустун учурлары көбөйүп жатат. Чехияда шейшембиде вирусту 1 164 киши жугузуп алганы аныкталып, пандемия башталгандан бери рекорд болду. Мурунку күнү мындан эки эсе аз катталган. 10-сентябрдан тартып бардык жабык коомдук жайларда кайрадан маска тагынып жүрүү эрежеси, башка чектөөчү чаралар киргизилүүдө.

Англияда 14-сентябрдан баштап алтыдан көп кишинин чогулушуна тыюу салынмакчы. Мектептерге, иш орундарына, үйлөнүү үлпөттөрүнө жана тажияларга андай тыюу жок. Буга чейинки чектөө 30 киши болчу. Саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнноктун айтымында, чектөөлөр Рождествого чейин жумштартылышы мүмкүн.

Акыркы жумада Британияда илдет жуккандар күнүнө эки миңдин айланасында болуп келатат. Дүйнөдө коронавируска 27 миллиондон көп киши чалдыкты, өлгөндөр 900 миңге жакындады.

Ал арада «АстраЗенека» фармацевтикалык компаниясы коронавируска каршы вакцинаны сыноонун акыркы баскычын улантууну убактылуу токтотту. Буга вакцина сайылган ыктыярчылардын бири түшүнүксүз ооруга чалдыкканы түрткү болду. Бул тууралуу компания 8-сентябрда кабарлады. Анда эмдөө «көз каранды эмес комиссияга коопсуздугун текшерүүгө мүмкүнчүлүк бериш үчүн» убактылуу токтотулганы жазылган. Компания муну кадыресе көрүнүш катары мүнөздөп, мындай текшерүүлөр сыноо маалында болуп турарын белгиледи.

«АстраЗенека» жана Британиядагы Оксфорд университети чыгарган бул вакцина - учурда өндүрүшкө чыгары күтүлүп жаткан негизги талапкерлердин бири.

«АстраЗенека» - вакцинаны сыноонун үчүнчү баскычын өткөрүп жаткан үч компаниянын бири. Учурда АКШда түмөндөгөн ыктыярчылар сыноого катышууда. «Pfizer» жана «Moderna» компаниялары чыгарган препарат да сыноонун үчүнчү фазасына жеткен.

Ал арада италиялык изилдөөчү медиктер орусиялык вакцинанын клиникалык сыноосу күмөн жаратарын билдиришти. «Lancet» журналына жарыяланган ачык катта алар түрдүү эксперименттердин жыйынтыктары бирдей болуп чыкканын белгилешкен.

Вакцинаны чыгарган Гамалея борбору статистикалык маалыматтар бурмаланган деген дооматты четке какты.

14:00 9.9.2020

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жуккан дагы бир бейтап - Талас облусунун тургуну каза болду. Бул тууралуу 9-сентябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Штабдын ушул эле күнкү маалыматына караганда, илдетке чалдыккан 87 бейтап жаңы катталды. Аладын эң көбү Бишкек шаарында - 27. Баткен облусунда 17, Жалал-Абад облусунда 13, Ош облусунда 11, Чүй облусунда сегиз, Ысык-Көл облусунда жети жана Ош, Талас облустарында экиден адам катталды.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 613 адамга жукту, алардын 40 336сы айыкты, 1063 бейтап каза болду.

Азыр COVID-19 илдетине чалдыккан 535 бейтап ооруканаларда жатат, 2373 бейтап үйүндө дарыланууда.

Оору жугузгандардын 3159у - медицина кызматкери. Алардын ичинен бир дарыгер Жалал-Абад облусунда жаңы катталды.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтогон, бирок 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими уланууда.

18:26 8.9.2020

Өкмөт коронавирустун очогунда иштеген медицина кызматкерлеринин айлыгына жылдын аягына чейин кошумча төлөм үчүн деп дагы 640 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу 8-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди:

“Канчасы үстөк пулга берилери табелдин негизинде эсептелип чыгат. Ай сайын буйрук чыгарып отурбастан жылдын аягына чейин деп болжолдуу сумма катары 640 миллион сомго токтом чыгардык. Ошону ай сайын канча керек болсо алып турушат, эгер жетпесе кошуп беребиз, ашып калса кайра бюджетке кайтарабыз”.

Өкмөт башчынын айтымында, марттан июлга чейин 785 миллион сом төлөнүп берилди. Анын ичинде, акыркы жолу июль айында 41 649 медицина кызматкерине 444 миллион сом бөлүнгөн.

Ошентип, жыл аягына чейин дарыгерлердин айлыгына кошумча төлөнүп берилчү акча үчүн бөлүнгөн сумма 1 миллиард 425 миллион сом болот.

Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 3 158 медкызматкерге жукту, алардын 2 600ү айыкты, каза болгондор 70тен ашты. "Азаттыктын" маалыматына караганда, кайтыш болгондор 80ден көп.

Айлыкка кошумчадан тышкары өкмөт каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон, оору жугузуп алгандарга 200 миң сомдон берүүнү убада кылган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG