Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун коронавирус пандемиясы башталганын жарыялаганына жарым жыл болду.
Өткөн жыл этегинде Кытайда башталып, дүйнөнү каптаган коронавирустан 900 миңден көп киши ажал тапты. Вирус козгогон COVID-19 илдетине 28 миллиондон ашуун киши чалдыкты. Эң көп жапа чеккен өлкөлөр АКШ, Индия жана Бразилия болууда. Бардык чараларга карабай, ушул тапта бир катар жерлерде ооруну жуктуруп алгандардын саны өсүп жатат. Акыркы төрт күндө эле дүйнөдө вируска кабылгандар бир миллионго көбөйдү. Бир айда вирус жугузуп алгандар 8 миллионго өстү.
Францияда соңку бир күндө коронавирус 10 миңдей кишиден аныкталды. Бул эпидемия башталгандан берки өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч.
Өзбекстанда жети күндөн бери көрсөткүчтөр жогорулап жатат. 10-сентябрда 512 адамдан вирус табылды. Алардын көбү Ташкент шаарында жана Ташкент облусунда. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, соңку бир суткада COVID-19 алты адамдын өмүрүн алды. "Тез жардамга" кайрылгандардын жана абалы оор бейтаптардын саны да өсүп жатканы кабарланды.
Коронавирус Мексикада 69 649 адамдын өлүмүнө себеп болду. 10-сентябрда 554 киши ушул оорунун айынан жашоо менен кош айтышты. Саламаттык сактоо министрлигинин эпидемологу Хосе Луис Аломия билдиргендей, илдет жуккандардын саны 650 миңден көп, анын 460 миңге жакыны айыкты. Күнүгө миңдеген киши вируска кабылууда.
Мексикада коронавирустун алгачкы учуру февралда катталган.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 11-сентябрга карата дүйнөдө COVID-19 илдети менен ооругандардын саны 28 миллиондон ашты. Абал курч өлкөлөрдүн сап башында АКШ, Бразилия, Индия жана Орусия турат.
2019-жылдын декабрында Кытайдын Ухань калаасынан чыккан оору дүйнөнүн 188 мамлекетине тарады. Андан каза болгондордун саны 907 миңден ашты. Сакайгандар 19 миллионго чамалап калды.
Коронавирус эпидемиясы жыл сайын күзүндө көп катталуучу сасык тумоо оорулары башталганда абалды оорлотушу ыктымал. Бул тууралуу 11-сентябрда Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев билдирди.
Жороев абалдын ого бетер курчушуна жол бербеш үчүн сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүү зарыл экенин айтты:
«Биз бүгүнкү күндө жаңы коронавирус оорусунан толук арыла элекпиз. Ал эми жыл сайын болуучу сасык тумоо оорусунун мезгили жакындап калды. Киши бир эле убакта эки оору менен, сасык тумоо жана коронавирус менен ооруп калуу жана илдет оор абалда өтүү коркунучу бар».
Жороев билдиргендей, Саламаттык сактоо министрлиги быйыл жалпысынан 900 миңден ашык кишини эмдөөнү пландап жатат. Вакцинанын биринчи партиясы сентябрь айынын орто ченинде келет. Жүрөк-кан тамыр, дем алуу органдарынын өнөкөт оорусу барлар, көп ооруган балдар, кош бойлуу аялдар, 65 жаштан ашкан адамдар акысыз эмделет. Вакцина ашып калса, тейлөө жана транспорт тармагында иштегендер, мугалимдер, почточулар эмделет.
Департаменттин директору мамлекет сатып ала турган вакцина бардыгына жетпей турганын, андыктан мүмкүнчүлүгү барлар жеке клиникаларга кайрылса болорун белгиледи. Ал жыл сайын күзүндө аба салкындаганда респиратордук-вирустук оорулардын жана сасык тумоонун эпидемиологиялык мезгили башталарын, бул кезде өнөкөт илдети барлар, тез-тез ооруган балдар, улуу курактагылар абайлашы керек экенин кошумчалады.
Жороев билдиргендей, вакцинанын баасы азырынча белгисиз, былтыр 600 сомдун тегерегинде болгон.
Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет бүгүнкү күнгө карата 44 761 адамга жукту, алардын 40 631и айыкты, 1063 бейтап каза болду.
Өкмөт коронавирус жугузуп алган медицина кызматкерлерине жана бул оорудан каза болгон дарыгерлердин жакындарына кенемте төлөп берүү тууралуу маалымат берди. 11-сентябрда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдиргендей, жалпысынан 165 адам боюнча каражат бөлүндү.
«Өкмөттүн 2020-жылдын 4-майындагы буйругунун негизинде бүгүнкү күндө 144 медицина кызматкерине 200 миң сомдон бир жолку акчалай компенсация төлөнүп берилди. Ал эми каза болгон 21 медкызматкердин үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон төлөндү», - деди ал.
Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 3 163 медкызматкерге жукту, алардын 2 657си айыкты, каза болгондор 70тен ашты. «Азаттыктын» маалыматына караганда, кайтыш болгондор 80ден көп.
«Кызыл зонада» иштегендерге өкмөт айлыгына кошумча төлөп берүүгө да убада берген. 8-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов бул максатта жыл аягына чейин бир миллиард 425 миллион сом каралып жатканын билдирген.
Саламаттык сактоо министрлигинин финансы бөлүмүнүн жетекчиси Мухтарбек Баймырзаев «Азаттыкка» 9-сентябрда билдиргенине караганда, эпидемиянын алдын алуу жана ооруга каршы күрөшүү максатында ишке тартылган адистердин кошумча эмгек акысы үчүн март-июль айларында бюджеттен 785,4 миллион сом каражат бөлүнүп, анын баары иштегендерге төлөнгөн.