Кыргызстанда 17-сентябрга карата 81 адамдан коронавирус табылды. Ооругандардын арасынан 107 бейтап айыкты. Каза болгондор катталган жок.
Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45153 кишиге жетти. Алардын 41 317и сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.
Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.
Оору эң көп тараган мамлекеттер - АКШ, Индия, Бразилия, Орусия.
Коңшу Өзбекстанда 17-сентябрга карата коронавирус илдетине чалдыккан адамдардын саны 50 миңге чукулдады. Оорудан көз жумгандардын расмий саны 409 адам. Анын 288и борбор калаа Ташкентте.
Ал эми Казакстанда эпидемия башталгандан бери коронавирус инфекциясын жугузуп алганы ырасталган жана өпкөсү кагынган адамдардын жалпы саны 137 миңден ашты. Эки миңден ашуун киши кайтыш болду.
АКШдагы Жонc Хопкинс университетинин маалыматына караганда, коронавирустун жайылышы боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда АКШ турат. Ооруга чалдыккандардын саны 17-сентябрга карата 6,828 млн. адамдан ашты. 4 миллиондон ашуун адам оорудан сакайды. 201 348 адам илдеттен көз жумду.
АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык Abbott («Эбботт») компаниясы иштеп чыккан жаңы тестти Эй-Би-Синин телеэфири учурунда көрсөттү. Бул тест коронавирусту 15 мүнөттө аныктайт.
«Мен силерге өзгөчө бир нерсе көрсөтөм. Менде бүгүн эле чыккан жаңы тест бар», - деген Трамп пиджагынын чөнтөгүнөн чакан картонду алып чыкты.
Трамптын айтымында бул тест сыртынан кагаздын үзүмү сыяктуу болуп көрүнгөнү менен, вирустун бар-жоктугун так аныктайт.
«Адамдар бул тестти өздөрү менен ала жүрүп, текшерилсе да боло берет. Бул тест өтө жөнөкөй, ошол эле учурда өтө так», - деди Трамп.
Август айынын аягында АКШнын саламаттык сактоо жана социалдык кызматы америкалык «Abbott» компаниясы менен 760 млн. долларлык келишим түзүлгөнүн кабарлаган. Маалыматта тест коронавирустун антиденечесин 15 мүнөттө аныктай турганы айтылган. Атайын жабдыктарды талап кылбаган тесттер менен ириде мектептер жабдыла тургандыгы кабарланган.
«Abbott» компаниясынын тесттерин мурдараак АКШнын Санитардык көзөмөл башкармалыгы да текшерип, уруксат берген. Анализдердин жыйынтыгы 15 мүнөттө чыгып, анын тактыгы 97,1% болору кабарланган. Тест менен кошо чөнтөк телефондор үчүн атайын тиркеме да иштелип чыккан. Анын жардамы менен эл көп жерде анализдин жыйынтыгын аныктоого болот.
АКШдагы Хопкинс университетинин маалыматына караганда, 6,6 млн. америкалык коронавируска чалдыккан. 195 миңден ашуун адам оорудан көз жумду.
«Worldometers» статистика сайтынын маалыматына караганда дүйнөдө коронавирус жукканы аныкталгандар 16-сентябрга карата 30 миллион адамга жакындады. Анын ичинен 21,5 миллиону айыгып кетсе, 940 миңдейи көз жумган.
Индияда коронавируска чалдыккандардын саны 16-сентябрда беш миллиондон ашты. 82 миңден көп адам көз жумду.
Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус кайра жайыла баштаганын эскертти. Мекеме билдиргендей, буга жарандардын санитардык эрежелерди сактабаганы жана саякаттоосу түрткү болууда. Иран - Жакынкы Чыгыштагы коронавирус эң катуу жайылган мамлекеттердин бири. Ал жакта бул илдет 23 миңдей адамдын өмүрүн алды.
Европа мамлекеттери күзүндө коронавирусту жугузгандардын жана андан өлгөндөрдүн саны көп болушу мүмкүн экенин эскертип жатышат. COVID-19га чалдыккандар Испания, Франция, Грекияда көбөйүүдө.
Коңшу Казакстанда соңку бир суткада 400дөй адам пневмония менен ооруканага түшкөн.