Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:39

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

09:39 18.9.2020

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Европада коронавирус «кооптуу деңгээлде жайылып жатканын» эскертип, бул чөлкөмдөгү өлкөлөрдү карантин эрежелерин жумшартпоого чакырды. Уюмдун Европа боюнча чөлкөмдүк директору Ханс Клюге сентябрь айында статистика көбөйгөнүн, бул чөлкөмдөгү бардык өлкөлөр үчүн чоң эскертүү болушу керек экенин 17-сентябрда айтты.

ДССУнун Европа боюнча бөлүмүнө мүчө болгон 55 мамлекетте эпидемия башталгандан бери беш миллиондой адамдан коронавирус табылды. 227 миңден ашуун адам COVID-19 илдетинен көз жумду.

Учурда Европада күнүнө 40-50 миңдей адамдан коронирус чыгып жатат. 11-сентябрда бир сутка ичинде 54 миң кишиден өпкөнү сезгенткен вирус табылды.

Дүйнөдө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 30 миллион кишиден ашса, 939 миңден ашуун адам көз жумду.

17:48 17.9.2020

16-сентябрда АКШ өкмөтү коронавируска каршы эффективдүү жана коопсуз вакцина табылары менен бардык америкалыктарды ал препарат менен камсыз кылуу планын жарыялады.

17-сентябрдагы маалыматтарга ылайык, жаңы коронавирусту дүйнөдө 30 миллионго жакын киши жугузуп алды, 20,3 миллион киши айыкты, 941 миңден ашуун бейтап көз жумду.

Кошмо Штаттардын «Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун» жетекчиси Роберт Редфилд жана башка жооптуу адамдар Конгресске даярдаган отчетто эмдөө жараяны жыл этегинде же эмки январда башталып, бара-бара каалагандардын бардыгы ал кампанияга камтыларын 16-сентябрдагы угууда билдиришти.

«Вакцина адегенде ноябрь-декабрь айларында колубузга тиет деп ойлойм. Бирок чектелген гана санда болгондуктан, кимге артыкчылык берилерин чечип алууга тийишпиз. Америкалыктардын бардыгы качан камсыз болот, вакцинанын артыкчылыгынан пайдаланып, кадыресе турмушка качан кайта алабыз деп сурап атсаңыз, балким 2021-жылдын экинчи кварталынын этеги, үчүнчү квартал деп ойлойм», - деди Редфилд.

Адистин бул маалыматы президент Дональд Трамптын вакцинация программасын баштоо боюнча буга чейин айткан божомолдоруна караганда алда канча пессимисттик маанайда.

Доналд Трамп, архивдик сүрөт
Доналд Трамп, архивдик сүрөт

15-сентябрда Трамп вакцина үч-төрт жуманын ичинде даяр болорун айткан. Андай болсо, эмдөө 3-ноябрдагы президенттик шайлоого чейин башталышы ыктымал дегенди билдирет.

Бирок Редфилд вакцина тиешелүү мекемелер тарабынан жактырылгандан кийин калың элге дагы 6-9 айдан кийин жетерин Конгрессте айтты.

Трамп Ак үйдөгү брифингде кабарчынын суроосуна жооп берип жатып Редфилддин билдирүүсүн «туура эмес маалымат» деп атады.

«Менимче, ал муну айтып жатканда чаташып калды. Бул туура эмес маалымат. Мен ага телефон чалганда муну айткан эмес. Балким жаңылыш маалымат беришкен, балким сүйлөп атканда ката кетирип койду. Жок, биз ишти дароо баштайбыз. Вакцина даяр деп октябрь, же бир аз өтүп жарыяланат».

Өз сөзүндө Редфилд вирустун жайылышын токтотууда беткаптын эффективдүүлүгүн баса белгиледи. Бир да вакцина азыр илдеттен 100 процент коргой албайт деген фактты эске алуу менен, «Мына бул беткап мени COVID-19дан вакцинага караганда жакшырак коргойт деген кепилдик көбүрөөк деп айтат элем», - деди Редфилд.

Анын бул сөздөрүнө да Трамп макул эместигин айтты. «Беткап вакцинадан пайдалуу боло албайт, мен муну ага айттым», - деп билдирди президент.

Демократтардын президенттикке талапкери, Трамптын оппоненти Жо Байден мамлекет башчыны вакцина чыгаруу маселесин саясатташтырып жаткандыгы үчүн айыптады.

Индия пандемия учурунда
Индия пандемия учурунда

Ал арада БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш COVID-19 пандемиясы ооздуктала электигин билдирди.

Илдеттен көз жумгандардын саны дүйнөдө 1 миллион кишиге жакындап баратат. Бейшембидеги маалыматтарга ылайык, вирусту 30 миллионго жакын киши жугузуп алды, 20,3 миллион киши айыкты, 941 миңден ашуун бейтап көз жумду.

Жакындан бери пандемиянын очогуна айланган Индияда шаршембиден бейшембиге чейин дээрлик 98 миң жаңы учур катталды. Инфекция жугузгандардын жалпы саны боюнча АКШ биринчи (6.6 миллион), Индия экинчи (5.12 миллион) орунда турат.

Европада болсо эпидемиянын экинчи толкуну уланып, вируска кабылгандар көбөйүп жатат. Бир топ өлкөлөрдө улам жаңы чектөөлөр, беткап тагынып жүрүү эрежелери киргизилүүдө.

15:08 17.9.2020

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб парламенттик шайлоого аттанган партияларга коронавирус пандемиясы маалындагы санитардык талаптарды эскертти.

Штабдын 17-сентябрдагы жыйынында вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков карантин режими уланып жатканын билдирип, эл аралап үгүт жүргүзүп жаткан саясатчылар коомдук саламаттыгына кайдыгер болбошу керектигин айтты.

Талапка ылайык, жыйындарга 50дөн ашуун адам чогулбашы керек жана кишилердин арасында бир жарым-эки метр аралык сакталууга тийиш.

Коронавирустун экинчи толкунунан коркосузбу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:03 0:00

14:38 17.9.2020
  • Кызыл-Кыяда милициянын убактылуу кармоочу жайында отурган алты адам коронавирусту башка жактан жугузуп алган болушу ыктымал. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) 17-сентябрда билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, эпидемия башталгандан бери бул жайда санитардык эрежелер так сакталып келет, камоого алынуучу ар бир адам ПЧР анализинин жыйынтыгын көрсөткөн кагаз менен кабыл алынат. Мындан тышкары, тийиштүү мекемелер санитардык-эпидемиологиялык абалга көзөмөл жүргүзүп турушат.

Ушуну менен Казакстанда санитардык дарыгер экинчи жолу алмашты. Быйыл май айында бул кызматта иштеп келген Жандарбек Бекшин иштен кетүү тууралуу арыз жазып, анын ордуна Айжан Есмагамбетова дайындалган.

Ага ылайык, парламенттик комиссия алты айдын ичинде өз корутундусун чыгарышы керек. Комиссияны оппозициядагы депутат жетектегени менен мүчөлөрүнүн көбүн премьер-министр Никол Пашиняндын саясий блогунун өкүлдөрү түзмөкчү.

  • Ташкенттин Шайхантахур районундагы эки мектеп жабылганын Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы буга мектептеги мугалимдерде коронавирус аныкталганы себеп болгонун билдирди.

Пандемияда мектепке барган окуучулар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG