Кыргызстанда бир сутка ичинде өлкө боюнча тогуз медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Алардын ичинен Баткен менен Ош облустарында төрттөн, Жалал-Абадда бир медкызматкер.
Андан тышкары COVID-19 илдети жуккан төрт медициналык кызматкер ооруканалардан сакайып чыкты. Үй карантининен 15 дарыгер чыгарылды.
Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3 197 учур катталды, алардын ичинен 2 779 медкызматкер айыкты. Расмий маалымат боюнча, коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери 70тен ашык медицина кызматкерлери бул оорудан каза болду.
Саламаттык сактоо министрлиги 11-сентябрда илдет жуккан 144 медицина кызматкерине 200 миң сомдон, ал эми вирустан каза болгон 21 медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон кенемте төлөнгөнүн кабарлаган.
Өкмөттүн чечими менен иш учурунда коронавирус жугуп, каза болгондордун жакындарына 1 миллион сомдон кенемте берилиши керек. Ал эми вирус жугузуп алган медкызматкерлерге 200 миң сомдон кенемте каралган.
Кыргызстанда соңку бир суткада COVID-19 вирусунан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу 19-сентябрда коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб кабарлады. Штабдын ушул эле күнкү маалыматына караганда, илдет дагы 91 бейтаптан аныкталды. Алардын ичинен эң көбү Баткен облусунда – 30 киши.
- Бишкекте – 9;
- Чүйдө – 6;
- Ош облусунда – 17;
- Таласта – 1;
- Нарында – 1;
- Ысык-Көлдө – 15;
- Жалал-Абадда – 12.
Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул оору 45 335 адамга жукту, алардын ичинен 41 484 бейтап айыкты, 1 063 адам каза болду.
COVID-19 илдетине чалдыккан 570 бейтап ооруканада жатат, 1 771 киши үйүндө дарыланууда.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майда токтогон, 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш коронавирустун жайылышы көзөмөлдөн чыгып баратканын, пандемия глобалдык коопсуздук үчүн «№1 коркунуч» экенин айтты. Бул тууралуу баш катчы БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы жыйынын утурлай билдирди.
Дүйнөлүк уюм күз келгенде дүйнөдө COVID-19 вирусун «жайылышын» факт катары карайт. Гутерриштин пикиринде, вирусту ооздуктоо көзөмөлдөн чыгып кетти. Жакында бул илдеттен өлгөндөр дүйнөдө миллион адамдан ашат деген эсеп бар.
БУУнун баш катчысы «Associated Press» агенттигине «вирус – глобалдык коопсуздук үчүн №1 коркунуч» деп айтты.
Гутерриш COVID-19 илдетине каршы вакцина «дүйнө калкынын баарына тең жеткидей» болушу керек экенин белгилеп, ал үчүн «каржылоодо чукул секирик» жасоо зарыл болорун эске салды. Баш катчынын сөзүнө караганда, эмки жылы планетанын калкын вакцина менен тегиз камсыз кылыш үчүн 35 миллиард доллар зарыл.
Бирок, Гутерриштин оюнда, вакцина пандемиядан улам пайда болгон кризисти жөнгө сала албайт.
17-сентябрда коронавирустун глобалдык көрсөткүчү 30 миллион кишиден ашты.
Ошол эле күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Европада вирустун бир адамдан башкаларга жугуу көрсөткүчү өсүп жатканы тынчсыздануу жаратарын билдирди. Эл аралык уюмдун Европа боюнча регионалдык директору Ханс Клуге муну баарыбыз "коңгуроо катары кабыл алышыбыз керек" деп белгиледи.
"Абдан олуттуу кырдалга туш болдук. Апталык көрсөткүч пандемия Европада алгач туу чокусуна жеткен март айында катталган сандардан ашып жатат. Өткөн жумада инфекция жугузгандардын саны аптасына 300 миңден көп болуп келди. Соңку эки жумада европалык өлкөлөрдүн жарымынан көбүндө инфекциялангандар 10% көбөйдү", - деди.
Клуге көбүрөөк тест жасалып жаткандыктан, вирус жугузуп алгандардын саны да кайсы бир деңгээлде өскөнүн, ошондой эле мурдагыдан айырмаланып, азыр 25-49 жаштагылардын арасында инфекция жугузуп алгандардын саны артканын кошумчалады.
Европада коронавирус пандемиясы башталгандан бери 4 миллион 900 миңге жакын киши ооруду, 226 миңден ашуун адам тапты. Испанияда вирус тездик менен тарап жатса, Францияда бейшембиде бир эле күндө вирус жугузуп алгандардын саны 10 жарым миңден ашты. Чехияда бир суткада 3 миң 130 жаңы учур катталган.
Дүйнөлүк алкакта коронавируска чалдыккандар эң көп АКШда (6,664,021), андан кийин Индия турат (5,118,253), үчүнчү орунда Бразилия (4,419,083) келатат. 17-сентябрга карай пандемия дүйнөдө 945 миңден ашык кишинин өмүрүн алды.
Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 91 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды.
Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 18-сентябрдагы брифингде жаңы аныкталган учурлардын жетөө Бишкекте катталганын билдирди.
Ош шаарында - 3, Чүй облусунда – 11, Ош облусунда - 15, Талас облусунда - 3, Нарын облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда – 15, Баткен облусунда - 20 кишиден вирус табылды.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 45244 кишиге жукту. Анын 41 415и айыкканы айтылды. Вирустан 1063 адам кайтыш болду.
Учурда 547 бейтап стационарда, 1772ү үй шартында дарыланууда.