Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:47

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

14:26 19.9.2020

Премьер-министр Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып Кыргызстанда ушу тапта зарыл медикаменттердин үч айга жете турган көлөмү бар экенин билдирди.

Бул тууралуу ал 19-сентябрда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында айтты.

«COVID-19дун экинчи толкуну болот деп айтылып жатканына байланыштуу дары-дармектерге муктаждык жаралбашы үчүн ар кандай жагдайга даяр турушубуз керек», - деди Боронов.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта аймактарга сасык тумоого жана курч респиратордук вирустук инфекцияга каршы вакцинанын биринчи партиясы жеткирилгени айтылат. Боронов ошондой эле COVID-19га каршы вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү күчөтүү керектигин тапшырды.

13:04 19.9.2020

Ташкент облусунун тургуну, 11 жаштагы бала коронавирустан 17-сентябрда каза болгон. Ал Өзбекстанда бул илдеттен көз жумгандардын эң жашы.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги бейтап 5-сентябрда мурдунан кан токтобой, дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүп келгенин кабарлады. Рентгенден анын өпкөсүнүн 50 пайызы жарабай калганы аныкталып, дарыгерлер ага коронавирус деген диагноз койгон. Ал ПЧР тесттен да аныкталган.

Ушуну менен Өзбекстанда COVID-19 илдетинен каза болгондор 415 кишиге жетти. Анын ичинен 291 адам Ташкент шаарынан, 59 бейтап Ташкент облусунан.

Коңшу өлкөдө пандемияда Өзбекстанда 49 761 кишиден коронавирус аныкталды. Алардын ичинен 46 92си айыгып чыкты. Сакайгандар жалпы ооругандардын 93 пайызын түзөт.

12:48 19.9.2020

12:47 19.9.2020

Роттердам Эрасмус университетинин аспиранты, Москвадагы шаардык терапевттер биримдиги түзгөн эл аралык коронавирусту изилдөө тобунун мүчөсү Амир Талипов медициналык академияларда окуган студенттерге вирусту дарылоо, аныктоо боюнча жаңы ыкмаларды, дүйнөлүк тажрыйбаларды үйрөтүү үчүн акысыз курс ачты. Ага Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 6-курсунун бир нече студенти катышууда.

Коронавирусту дарылоону үйрөткөн жаш дарыгер
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG