Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

11:56 2.10.2020

Кыргызстанда 2-октябрга карата 215 адамдан коронавирус табылды. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 154 айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 47056 ​кишиге жетти. Алардын 43 137си сакайып, 1065и жашоо менен кош айтышты.

Жаңы катталгандар:

  • Баткен облусунда - 63;
  • Чүй облусунда 41;
  • Жалал-Абад облусунда - 40;
  • Чүй облусунда - 23;
  • Ош шаарында - 19;
  • Бишкек шаарында - 17;
  • Ысык-Көл облусунда - 10;
  • Талас облусунда - 1;
  • Нарын облусунда - 1.

2-октябрга карата оору жаңы аныкталгандардын 28и - медицина кызматкерлери. Жалпы жонунан медицина тармагында иштеген 3294 адис вирус жуктурду. Алардын 3029у сакайды. Сексенден ашууну көз жумду.

16:14 1.10.2020

Кыргызстанда коронавируска каршы күрөштө өзгөчөлөнгөн медицина кызматкерлерине жана башка жарандарга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Өлкө президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 1-октябрда дарыгерлер, куткаруучулар, укук коргоо органдарынын жана башка мекемелердин кызматкерлери, медицина факультеттеринин ыктыярчы-студенттери, журналисттер менен жолугуп, жалпысынан 123 адамга сыйлыктарды тапшырды.

Сыйлык тапшыруу салтанаты. 2020-жылдын 1-октябры.
Сыйлык тапшыруу салтанаты. 2020-жылдын 1-октябры.

Президент аларга ыраазычылык билдирип, илдетке каршы күрөшкөндөрдүн каарман эмгегине жана таза ниетине бүткүл өлкө күбө болгонун белгиледи. Ооруга чалдыккандардын баарынын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болбогонуна өкүнүүсүн билдирди. Оору коркунучу дагы эле бар экенин, коронавирустун кесепеттерин жоюу боюнча бардык чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады. Аткарыла турган иш, чече турган маселе көп экенин айтты.

Ошону менен катар Жээнбеков эл аралык уюмдардын жана өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосун белгилеп, Орусиянын жана Кытайдын медициналык адистери жардамга келгенин кошумчалады.

Жалпысынан 131 адамга медаль, орден жана Ардак грамоталарын ыйгаруу тууралуу жарлыктарга быйыл август айында кол коюлган болчу.

Кыргызстанда март айынан бери коронавирус 46 841 адамга жукту, алардын миңден ашууну каза болду. Ооруга 3 266 медицина кызматкери чалдыкты, алардын 80ден ашуунун сактап калууга мүмкүн болгон жок.

11:21 1.10.2020

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен Ош облусунда бир киши каза болду.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 1-октябрдагы маалыматына караганда, өлкөдө пандемия башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары расмий эсеп боюнча 1065ке жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып жаткан.

Саламаттык сактоо министрлиги каза болгондордун эсеби кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Акыркы күндөрдө вирус жугузуп алгандар кайра көбөйгөнү байкалууда. Соңку бир күндө илдет 172 кишиден табылып, пандемия башталгандан бери вирус жугузгандар 46871 кишини түздү.

09:52 1.10.2020

Казакстанда «Кавасаки синдромуна» окшош оорудан эки жана үч жаштагы эки бала чарчап калды. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы билдирди.

Казакстандын «Педиатрия жана балдар хирургиясы илимий борборунун» башчысы Риза Боранбаеванын айтымында, ата-энелери балдарды ооруканага кечирээк алып келгендиктен, алардын өмүрлөрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Мындан тышкары балдар кошумча кызыл жүгүрүк (красная волчанка) илдети менен да жабыркашкан. Дарыгерлер «Кавасаки синдромуна» окшогон оору жаңы типтеги коронавирустан айыккан балдарда пайда болуп жатканын билдиришүүдө. Чарчап калган эки бала да бир нече жума мурда COVID-19 менен ооруган.

Боранбаеванын айтымында, Казакстанда «Кавасаки синдромуна» окшогон мультисистемалык ооруга чалдыккандардын саны 41 балага жетти. Алардын баарында тең коронавируска каршы антитела пайда болуп, 37си айыгып чыкты.

"Коронавирус жуктуруп, андан жеңил айыккан балдар «Кавасакиге» окшогон мультисистемалык ооруга чалдыгып жатышат. Эгер коронавирустан айыккандан кийин эки-алты жуманын ичинде баланын денесинде кызыл тактар пайда болуп, дене табы жогоруласа, дароо дарыгерге кайрылуу керек. Мындай учурда диагноз өз убагында коюлуп, баланын айыгып кетүү ыктымалдыгы жогору болот», — деди ал.

Казакстанда балдар «Кавасакиге» окшогон мультисистемалык ооруга кабылган алгачкы учур 4-августта катталган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG