Кыргызстанда 3-октябрга карата 128 адамдан коронавирус табылды. Бир бейтап каза болду. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткандардын 141и айыкты. Каза болгондор катталган жок.
Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 47184 кишиге жетти. Алардын 43 278и сакайып, 1066сы жашоо менен кош айтышты.
Жаңы катталгандар:
- Баткен облусунда - 38;
- Ош облусунда - 33;
- Бишкек шаарында - 22;
- Жалал-Абад облусунда - 17;
- Ош шаарында - 8;
- Ысык-Көл облусунда - 6;
- Чүй облусунда - 2;
- Нарын облусунда - 2.
3-октябрга карата оору жаңы аныкталгандардын 10у - медицина кызматкерлери. Жалпы жонунан медицина тармагында иштеген 3304 адис вирус жуктурду. Алардын 3038и сакайды. 80ден ашууну көз жумду.
Казакстандын бийлиги 5-октябрдан тартып башка өлкөлөр менен жаңы аба каттамдарын жандантпай, ал эми Түркия менен каттамдарды азайтмак болду. Мындай чечим коронавирус инфекциясын жайылтпаш үчүн кабыл алынды. Ошондой эле өлкөгө башка жактардан келгендер ПЧР тесттин жыйынтыгы талап кылынат, ал жок болсо милдеттүү түрдө эки күндүк карантинге жаткырылат.
Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой бул кадамдар өлкөдө эпидемиологиялык туруктуулукту сактоого багытталганын билдирди:
«Европада, Германия, Австрия сыяктуу өлкөлөрдө вирус жуккандар көбөйүп атат. Биздин жарандар башка өлкөгө барган учурда ПЧР изилдөөнүн жыйынтыгын сурашат. Мисалы, Бириккен Араб Эмираттарына жана башка өлкөлөргө коронавирус менен оорубаганыңызды далилдеген документ жок болсо кире албайсыңар. Ошондуктан Казакстанга вирусту алып кирбеш үчүн ушундай чечимдер кабыл алынды».
1-октябрга карата Казакстанда коронавирус жуккандар 107 миң адамдан ашты. Анын ичинен 1724 киши каза болду. Мындан сырткары 1-августтан тартып пневмонияга чалдыкка 32 миңден ашык адам катталып, андан 355 адам көз жумду.
Кыргызстанда коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал дагы эле курч болуп турат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Нурболот Үсөнбаев 2-октябрда билдирип, мындай жагдайга адамдардын ооруну кенебегендиги себеп болуп жатканын айтты.
«Азыр Баткен облусунда оору көбөйүп жатканын байкап жатабыз. Ушундай эле абал медиктердин арасында байкалат. Буга массалык топтолуу жана социалдык аралыкты сактабай калуу себеп болууда», - деди Үсөнбаев.
Кыргызстанда 2-октябрга карата 215 адамдан коронавирус табылды. Бул соңку бир жарым айдагы эң чоң көрсөткүч.
Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 47056 кишиге жетти. Алардын 43 137си сакайып, 1065и жашоо менен кош айтышты.
АКШ президенти Дональд Трамп жана жубайы Мелания Трамп коронавируска чалдыкканы аныкталды. Бул тууралуу Трамп «Твиттерге» жазды.
Президенттин жеке дарыгери Шон Конли: «Президенттин жана биринчи айымдын абалы жакшы, алар айыгып кеткенче Ак үйдөгү өз бөлмөлөрүндө болушат», - деди.
Мурдараак Дональд Трамптын жакын жардамчысы Хоуп Хикс андан коронавирус аныкталганын, мындан улам Трамп өзүн карантинге алганын билдирген.
Президенттин кеңешчиси жана улук жардамчысы Хоуп Хикс 29-30-сентябрда Трамп менен бир самолетто сапарларда чогуу болгон. Ал вируска чалдыкканы 1-октябрда аныкталган.
Дональд Трамп илдетке чалдыкканы ноябрга белгиленген президенттикке шайлоого бир айга калганда, өнөктүк кызуу жүрүп жаткан учурга туш келди. 30-сентябрда Трамп менен Демократиялык партиядан талапкер Жо Байдендин алгач телетаймашы өткөн эле. Бул дебаттан соң Байден коронавирусту аныктоочу тест тапшырганбы-жокпу, азырынча ачык айтыла элек. АКШ президентинин вирус табылган жардамчысы Хикс дал ушул иш-чарага Трампты Огайого коштоп барган.
Дональд Трамптын вирус жугузуп алып карантинге кетиши анын шайлоо өнөктүгүнө таасирин тийгизет. Ал алдыдагы убакта бир нече жолугушууларга, иш-чараларга катыша албай калат.
Дональд Трамптын атаандаштары коронавируска жетишинче олуттуу мамиле кылбай жатат деп сындап келишкен. Ал вирус тарай баштаган алгачкы убакта беткап тагынуудан баш тарткан болчу. Кийинчерээк коомдук иш-чараларда беткап тагынууга өткөн.
АКШ - COVID-19 вирусу эң көп тараган мамлекет. Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, бул өлкөдө 2-октябрга карата жети миллион 278 миңден ашуун киши илдетке кабылып, 208 миңге жакыны жашоо менен кош айтышты.
Кытайдын Ухань шаарында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.
Дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 34 миллион 200дөн ашты. Алардын бир миллион 21 миңден көбү көз жумду, 24 миллионго жакыны бейтап айыкты.