Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:22

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

13:03 8.10.2020

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен төрт киши кайтыш болду.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 8-октябрдагы маалыматына караганда, алардын экөө Баткенде, бири Ош облусу, бирөө Бишкекте катталды. Бул августтан бери коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча эң жогорку көрсөткүч.

Вирус жугузуп алгандан кийин каза болгондор буга чейин күн сайын 1-2 киши болсо, 7-октябрда бир суткада үч киши кайтыш болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий жаңы эсеби боюнча пандемия башталган март айынан бери вирустун курмандыктары 1073кө жетти.

Акыркы күндөрдө коронавирус жугузуп алгандар да көбөйүп жатканы байкалууда. Соңку бир суткада вирус дагы 245 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды.

15:01 6.10.2020

АКШ президенти Дональд Трамп 5-октябрда кечинде аскердик госпиталдан чыкты. Ага өткөн аптанын аягында коронавирус жукканы белгилүү болгон жана абалы начарлай баштагандыктан 3-октябрда Мериленд штатындагы Уолтер Рид улуттук медицина борборуна жаткырылган.

Трамптын дарыгери президентти ооруканадан чыгара берсе болорун, бирок үйүнө барганда деле дарыгерлердин көзөмөлүндө болорун айтты.

Трамп "Твиттердеги" баракчасына "Өзүмдү абдан жакшы сезип жатам. Коронавирустан коркпогула. Ага жашооңорду башкартып койбогула. Биз Трамптын администрациясынын алдында укмуштуудай медикаменттерди иштеп чыктык. Мен өзүмдү мындан 20 жылдагыдан дагы жакшы сезип жатам", деп жазды.

Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Трамп толук дарыланып бүтө электе эле ооруканадан чыгып кеткенин айыптады жана Ак үй саясатты гана ойлоп жатат деп билдирди: "Эгер ал бул вируска ушул кезге чейинкидей эле жеңил ойлуу мамиле кылса, бул америкалыктар үчүн коркунучтуу", деп айтты Пелоси.

Трамп ооруканадан чыккан учур Ак үйдүн дагы бир катар кызматкерлеринен коронавирус аныкталган маалга туш келди. Президенттин жакын чөйрөсүндө эле кеминде 12 адам СOVID-19 жуктуруп алды. Ошондой эле Ак үйдөгү анча чоң эмес кызматты ээлеген бир топ кишиден да бул оору аныкталды.

Трамптын ооруканага жатып чыкканы, анын жанындагыларга да коронавирус жукканын үгүт өнөктүгүнө таасир этти. Акыркы күндөрү анын шайлоо штабынын бир катар иш-чаралары болбой калды.

11:37 5.10.2020

Республикалык штабдын маалыматы боюнча 5-октябрга карата коронавирус илдети дагы 207 адамдан аныкталды. COVID-19 илдетин жуктургандардын жалпы 47 635 болду. Алардын 43 521и айыгып чыкты, алардын 103ү - акыркы суткада айыгып чыккандар. Расмий эсеп менен 1066 адам бул оорудан көз жумду. Акыркы суткада өлүм катталган жок.

Оору жаңы аныкталгандардын ичинде медициналык тогуз кызматкер катталды. Жалпы 3327 медицина кызматкери вирусту жуктуруп, 3059у айыкты.

Азыркы тапта стационардык тартипте 1123 бейтап, амбулатордук тартипте 1470 бейтапдарыланууда. Парламенттик шайлоо күнү Баткен облусунда бир адамдын дене табы көтөрүлүп, добушканага киргизилбей, ооруканага жаткырылган эле.

Борбордук шайлоо комиссиясы дене табы жогорулап турган адамдар кечкисин өзүнчө добуш бере аларын билдирген.

16:30 4.10.2020

Кыргызстанда COVID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаал оорлосо карантин чаралары күчөтүлүшү ыктымал. Бул тууралуу 4-октябрда премьер-министр Кубатбек Боронов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Боронов соңку он күндө Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө да ооругандар көп каттала баштаганын белгиледи. Ошону менен катар премьер-министр өкмөт чектөөлөрдү киргизбөөгө колдон келишинче аракет кыларын белгиледи.

Кыргызстанда март айында башталган коронавирус эпидемиясы миңден ашуун адамдын өмүрүн алды. Соңку бир күндө вирус менен 244 адам жаңы катталды. 1-2 жума мурда бир суткада оору жуккандар 40-50нүн тегерегинде катталып жаткан.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтогон, бирок 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими уланууда. Карантиндик чектөөлөр бара-бара алынган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG