Орусияда соңку бир сутка ичинде коронавирусту жугузуп алгандардын саны 12 126 кишиге жетти. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Орусияда акыркы жолу илдетке чалдыккандардын эң жогорку чеги 11-майда катталган. Анда 11 656 кишиден вирус табылган.
COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө коронавирустун ырасталган учурлары 1 миллион 300 миң кишиге чукулдап баратат. Учурда 250 миңдей бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Расмий маалымат боюнча, COVID-19 илдетинен 22 миңден ашуун адам көз жумду.
Орусия коронавирустун тарашы боюча АКШ, Индия жана Бразилиядан кийин төртүнчү орунда турат.
Вирустун жаңы очоктору бир катар өлкөлөрдө кайра катталууда. Сентябрь айынын соңунда дүйнө мамлекеттеринин ичинен биринчи жолу Израил кайрадан карантин киргизген. Аны улай Чехия, Словакия, Италия жана Британия сыяктуу Европа өлкөлөрү да кайра чектөөлөрдү күчөттү.
Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 36,5 миллиондон, көз жумгандардын саны 1 миллиондон ашты.
Жалал-Абад облусунда ден соолукту калыбына келтирүүч «Бакыт» борборунда 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар бөлүмү ишке кирет. Даярдык иштери аягына чыгайын деп калды.
Өкмөттүн облустагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов аталган борбордогу даярдык жана анда түзүлүп жаткан шарттар менен таанышты. Коронавируска кабылгандар облуста күн сайын көбөйүп жаткандыктан, орундардын жетишсиздик маселесинин алдын алыш үчүн жугуштуу оорулар бөлүмү даярдалып баштаган.
Эскирген шарты жок имаратты калыбына келтирүүгө өкүлдүн резервдик фондунан 650 миң сом бөлүп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Өкмөт тарабынан камсыздалган бир миллион сомдон ашуун каражатка медициналык жана ички жабдыктар сатылып алынган.
Өткөн сутка ичинде облус боюнча 44 жаран коронавирус жугузуп ооруканага түшкөн. Учурда Жалал-Абад облусу боюнча 300дөн ашуун адам бул вирустан дарыланууда.
Акыркы күндөрдө облустук клиникалык жана Сузак аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмдөрү бейтаптарга дээрлик толду. Андыктан жарандардын өмүрүн сактоодо күндүзгү стационардын ишин жандантуу зарылдыгы жаралууда.
Республикалык штабдын маалыматы боюнча 9-октябрга карата бир сутканын ичинде 4 адам каза болду. Каза болгондордун экөө Баткен, бирден киши Ош, Жалал-Абад облустарында.
Коронавирустан жалпы 1077 адам каза болду.
Акыркы суткада вирус 275 адамда жаңы аныкталды. Бул август айынын акырынан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 15 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен ооруган медициналык кызматкерлердин саны 3379 болду, алардын ичинен 3075 медкызматкер айыгып чыкты.
Март айынан бери коронавирус жалпы 48 617 кишиге жукту. 44 097 киши айыкты.
Саламаттык сактоо министрлиги вирус акыркы 2-3 күндө көбөйүп жатканын билдирүүдө.
Абдикеримов: Башаламандыктын айынан вирус күчөп баратат
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов «Кабар» маалымат агенттигинде басма сөз жыйынын өткөрүп, өлкөдө акыркы күндөрү күчөгөн башаламандыктын кесепетинен адамдар облустардан шаарга келип кетип, коронавирус тез жайылып баратканын билдирди.
«Оорунун таркап кетүү коркунучу бар, анткени көпчүлүк санитардык нормаларды сактабай жатат. Ошол эле учурда суук түштү, башка сасык тумоо оорулары да күчөөдө. Бардык жарандарды санитардык ченемдерди сактап, беткап кийип, зарыл болбосо көчөгө чыкпай, антисептик колдонууга чакырам», - деди министр.
Акыркы суткада коронавирус өлкө боюнча 245 адамда жаңы катталды, төрт киши каза болду. Ооругандардын көбү Бишкек жана Ош шаарларындагы адамдар. Өлкодөгү COVID-19 үчүн ачылган керебеттердин 41% толду.