Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде дагы 22 медицина кызматкеринин анализинен коронавирус табылды.
Эң көп учур Ош облусунда катталды. Ош облусунда сегиз, Ош шаарында үч, Баткен облусунда үч, Жалал-Абад облусунда үч, Бишкек шаарында эки, Чүй облусунда, Чүй облусунда бир медкызматкер вирус жугузуп алганы аныкталды.
Бир суткада стационарда дарыланып жаткан бир, үй карантинден үч медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда COVID-19 диагнозу башталган март айынан бери вирус жугузган медицина кызматкерлери 3437 кишиге жетти.
Вирус 80ден ашык медкызматкердин өмүрүн алды. Коронавирус жугузуп алган 3089 медкызматкер айыгып чыкты.
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 11-октябрдагы маалыматына караганда, COVID-19 жугузуп алгандар кескин көбөйүп жатат. Акыркы суткада вирус жугузуп алган дагы үч киши кайтыш болду. Анын экөө Ош, бирөө Баткен облусунда катталды.
Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1085ке жетти. 18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып жаткан. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.
Бир сутка ичинде коронавирус дагы 306 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды. Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 49 230га жетти. Анын 44395и сакайганы айтылды. Бир күндө 138 киши ооруканалардан айыгып чыкты.
Бир сутка ичинде Кыргызстанда 22 медициналык кызматкер коронавирус жугузуп алганы аныкталды.
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын 11-октябрдагы маалыматына караганда, илдетке чалдыккан кызматкерлердин сегизи Ош облусунда, алтоо Ош шаарында, төртөө Баткен, дагы төртөө Жалал-Абад облусунда.
Ал эми бир суткада стационардан бир, үй карантинден үч медкызматкер айыгып чыкканы кабарланды. Кыргызстанда COVID-19 диагнозу башталган март айынан бери вирус жугузган медициналык кызматкерлер 3415ке жетти. Вирус 80ден ашык медкызматкердин өмүрүн алды.
Коронавирус жугузуп алган 3085 медкызматкер айыгып чыкты.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб элди сак болууга чакырып, бул вирустан жана пневмониядан каза болгондор боюнча көрсөткүч оорлой баштаганын билдирди.
Штабдын бүгүнкү, 10-октябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери беш адам каза болду, алардын экөө Бишкекте, үчөө Ош облусунда. Жалпысынан көз жумгандардын саны 1 082ге жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 307 адамдан табылды. Алардын эң көбү Ош, Жалал-Абад облустарында жана Бишкекте. Оору жуккандардын жалпы саны, ошентип, 48 924кө жетти.
Бир күндө 130 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1 642 адам жатат, дагы 1 520 бейтап үйдөн дарыланууда.
Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 393га жетти, алардын 3081и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 14 дарыгерден табылды.
Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган.