Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:56

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

18:01 13.10.2020

«Биз коронавируска каршыбыз» аттуу акция өттү

Ош облусунун Араван районундагы Алля Анаров айыл аймагында, Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак жана Нариман айыл аймагында мектеп окуучулары «Биз коронавируска каршыбыз» деген акция өткөрүштү.

Акция COVID-19 вирусуна каршы күрөш боюнча атайын долбоордун алкагында өттү.

Бул тууралуу долбоорду ишке ашырган «Search for Common Ground» эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Анда чоңдор үчүн спорттук мелдештер, кичинекей балдарга «Таза колдор» сынагы уюштурулду. Онлайн жүргүзүлгөн сынакта балдар колду качан, канча жолу самындап жууп, тазалыкты сактоо боюнча ойлорун ортого салышты.

Нариман айыл аймагындагы мектеп окуучулары жарандарга медициналык тез жардам көрсөтүүнү үйрөнүп, мектепте атайын медициналык бурч ачышты. Анда тез жардам көрсөтүүгө керектүү жабдыктар коюлду. Долбоордун алкагында атайын чакырылган дарыгер 9-10-11-класстын окуучуларына аларды колдонуп, ооруган же жабыркаган адамга тез жардам көрсөтүүнү окутуп, үйрөттү.

Ал эми Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы мектеп окуучулары айылдаштарына фейк маалыматтарды аныктоо, маалыматтарга сын көз менен карап, туура эместерин иргей билүү жөндөмүн үйрөтүштү. Мектеп окуучулары коронавирус илдети жайылгандан берки убакта социалдык тармактар аркылуу түрдүү маалыматтар тарап, айылдаштары аларга ишенип, дүрбөлөңгө түшкөнүн айтышты.

Буга чейин мындай долбоордун алкагында Ош облусундагы бир катар орто мектептерге гигиеналык каражаттар таратылган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өткөн окуу жылынын IV чейреги аралыктан окуу менен аяктаган. Жаңы окуу жылында өкмөт 1-класстарга гана мектептен окууга уруксат берип, калган класстарды онлайн окуу форматында калтырган. Сентябрь айынын аягындагы өкмөттүн чечими менен 2-6-класстын окуучулары да мектептен окумак болушкан. Бирок өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдан улам, ал белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

16:42 13.10.2020

Коронавируска чалдыккан АКШнын президенти Дональд Трамп соң шайлоо кампаниясын уланта баштады. 12-октябрда Флоридагы Сэнфорд шаарында ачык асман алдында өткөн жолугушууга катышты. Ал жолугушууга келген тарапкерлери алдында сүйлөп жатып «мен өзүмдү күчтүү сезип турам»,-деди.

Трамп бул жолугушууну шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө өз пайдасына колдонууга аракет кылып жатат. Ал коронавирустан кийин жакшы болгонун өз администрациясынын пандемияга каршы даярдыгынын мыкты экенин көрсөткүсү келүүдө.

3-ноябрга белгиленген шайлоого үч жума калганда сурамжылоолор боюнча негизги атаандашы Жо Байденден артта калууда.

Митингдин алдында Трампты дарылаган дарыгер АКШ президентинин акыркы күндөгү вируска анализи таза чыкканын жарыялаган болчу.

АКШда коронавирус пандемиясы башталгандан бери 7,8 миллион адам вирус жугузуп, 214 миңден ашык адам каза болду.

14:49 13.10.2020

Ыктыярчылар 80 бейтаптын өмүрүн сактап атат

Кыргызстанда коронвируска чалдыккандар кайрадан көбөйдү. Ооруканалар толуп, күндүзгү стационарлардын иши жанданды.

Кырдаалга байланыштуу Жалал-Абаддагы ыктыярчылар жасалма дем алдыруучу аппараттарды колго жасай баштады.

Соңку күндөрү облустук клиникалык, Сузак аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмдөрү бейтаптарга толду. Буга кошумча күндүзгү стационарлар да иштеп жатат.

Жалал-Абад шаарында мындан беш ай мурда да ыктыярчылар жасалма дем алдыруучу аппараттарды колго жасап, ооруканаларга орнотуп берген.

Ыктыярчы Шакир Тайчабаров учурда жергиликтүүлөрдөн чогулган каражатка тетиктерди алып, кычкылтек концентраторлорун жасап жатканын айтып берди.

Кычкылтек концентраторун жасаган ыктыярчылар.
Кычкылтек концентраторун жасаган ыктыярчылар.

Учурда 80 адам колдоно ала турган аппарат даяр болду. Буга чейин алар 150дөй бейтапка жете турган аппаратты ооруканаларга орнотуп беришкен.

“Элдин оорусун токтото албасак да, ыктыярчылар тобун түзүп, колдон келген жардамды бере баштаганыбызга бир топ ай болду. Алгач элге азык-түлүк тараттык, кийин жасалма аппарат керек экенин билип, ооруканаларга кычкылтек берүүчү аппараттарды орноттук”.

Колдо жасалган кычкылтек концентраторун ыктыярчылар Интернеттен көрүп, медициналык жабдыктарды оңдогон жергиликтүү усталар менен бирге иштеп чыгышкан.

Ыктыярчы Шакир Тайчабаровдун белгилөөсүндө, бир эле аппарат алты бейтапты эки жарым саатка чейин кычкылтек менен камсыздай алат.

“Бар акчабызга керектүү тетиктерди сатып алып, кычкылтек аппаратын жасап көрдүк. Бул ийгиликке жетүү үчүн жүздөгөн жаштар аппаратты топтоштурууга салым кошту жана күнү-түнү эл кызматында болушту. Акыркы жолу Таш-Көмүрдөгү ооруканага орнотуп бердик”.

Жогорудагы колдо жасалган медициналык жабдыкты 200 долларга жасап алса болот.

Ал эми башка өлкөлөрдө өндүрүлгөн кычкылтек концентраторлорунун орточо баасы 400-500 долларды түзөт. Ыктыярчылар ооруп, кыйналган бейтаптар үчүн 20 даана концентратор алышкан. Аны үйдө жатып дарыланган бейтаптарга зарыл болгондо берип турушат.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жетекчиси Кумар Ботокараев ыктыярчылар жасаган кычкылтек аппаратын бир учурда 80 бейтапка колдонсо болорун айтты:

“Бизге бир учурда 80 бейтап дем алса болчудай аппаратты ыктыярчылар жасап берди. Завод чыгарган аппаратка караганда, ыктыярчылар жасаган аппараттын бейтаптардын сакайышына көмөгү чоң болууда. Оору күч алганда, ыктыярчылар биз менен чогуу болуп, жардам берип турушту".

Акыркы күндөрдө облустук клиникалык жана Сузак аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмдөрү бейтаптарга дээрлик толду.

12:50 13.10.2020

COVID-19: Бир күндө эки киши кайтыш болду, 343 кишиден вирус табылды

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 13-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада вирус жугузуп алган дагы эки киши кайтыш болду. Анын бири Ош облусунун, экинчиси Бишкек шаарынын тургуну.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1092ге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып жаткан.

Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Акыркы жумаларда Кыргызстанда коронавирустун жайылышы кескин күчөдү. Оору жугузуп алгандардын көбөйгөнү акыркы күндөрдө көп байкалууда. Расмий эсепке караганда, вирус күн сайын 300дөй кишиден лабораториялык жол менен аныкталып жатат.

13-октябрга карата соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 343 кишиден жаңы аныкталды. Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 49871ге жетти. Анын 44712и сакайганы айтылды. Бир күндө 190 киши ооруканалардан айыгып чыкты.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 1776 бейтап стационарда, 1833ү үй шартында дарыланууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG