Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:20

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

10:49 15.10.2020

Президент Эммануэл Макрон саат 21:00-6:00 аралыгында жарандарды сыртка чыкпоого милдеттендирди. Коменданттык саат Париж, Марсель, Лион, Лилль, Сент-Этьен, Руан, Тулуза, Гренобль жана Монпельеде иштей турганын Би-Би-Си билдирди.

Коменданттык саат 17-октябрдан тарта ишке кирет. Азырынча төрт жумалык мөөнөт менен киргизилди. Мектептерде өзгөчө кырдаал режими киргизилгени менен сабактар кадимкидей жүрөт. Тургундар башка шаарларга күндүз барса болот.

Шаршембиде Францияда 23 миңге жакын киши коронавирус жуктурганы аныкталган.

20:19 14.10.2020

Чехияда бир күндө 8325 кишиге коронавирус жукту

Европанын бир катар өлкөлөрү коронавирус жайылып жаткандыктан катаал чараларды көрүп, карантин киргизип жатат.

Чехияда 14-октябрдан тарта бардык бар, ресторан, клубдар, спорттук жайлар 3-ноябрга чейин жабылды. Мектептер, жогорку окуу жайлары толугу менен онлайн окууга өттү. Коомдук транспорт, дүкөн, башка жабык жайларда беткап тагынып жүрүү эрежеси буга чейин эле киргизилген.

Прага, Чехия.
Прага, Чехия.

Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Роман Примула алдыдагы үч жума эпидемиологиялык абалды жөнгө салуу үчүн абдан маанилүү экенин эскертти:

"Келерки апталарда ооруканага түшкөндөр, оор абалдагылар көбөйүшү ыктымал. Илдеттен көз жумгандар да көбөйөт. Алдыдагы үч жума абдан маанилүү жана кыйын болот", - деди Примула.

Буга чейин адистер ооруканаларда орундар жетпей калышы мүмкүн деп билдирген.

Шаршембиге карай өлкөдө инфекция жуккан 8 миң 325 киши катталды. Жалпы сан 129 миң 747 кишиге жетти. Учурда 68 миң 740 киши ооруп жатат. 1106 киши илдеттен көз жумду. Буга чейин чех өкмөтү быйыл экинчи жолу өзгөчө абал жарыялаган.

14-октябрда Нидерланды да жарым-жартылай карантин киргизген.

19:57 14.10.2020

COVID-19: Орусияда бир күндө 244 адам каза тапты

Дүйшөмбүдө оорудан бир күндө 244 адам көз жумду. Пандемия башталгандан бери рекорддук көрсөткүчтөргө карабай орус өкмөтү карантин киргизүүдөн баш тартып жатат.

Акыркы бир жумадан бери өлкөнү коронавирустун жаңы толкуну каптап, илдет жугузгандар 13 миңден ашканына карабай жергиликтүү бийлик карантин киргизүүдөн баш тартууда. Массалык иш-чараларга да тыюу салына элек.

14-октябрда Орусияда илдет 14231 адамдан аныкталып, дүйшөмбүдө оорудан бир күндө 244 адам каза тапты.

Ал эми Москванын өзүндө вирус 4,5 миң адамдан табылды. Орусиянын борбору азыр өлкөдөгү илдет эң көп жайылган аймак болуп турат.

Ошого карабай бул күндөрү Орусияда футбол чемпионаты өтүп жатат, ар жекшембиде стадиондорго миңдеген көрүүчүлөр топтолууда. Формалдуу түрдө стадионго элдин 30 пайызын гана киргизип, аларга беткап кийүү талабы коюлган.

Медицина кызматкерлеринин көз карандысыз биримдигинин башчысы Алексей Эрлих Москва бийлигинин коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча азыркы аракеттерине чаржайыт жана башаламан деп сындады.

"Массалык иш-чараларды токтотуу керек. Концерттер тынбай өтүп, стадиондор ачык турат. Жазындагыдай парктарды, коомдук тамактануучу жайларды жабуунун кереги жок. Бирок беткап тагынууну ар бир адамдан талап кылуу милдет. Колкап жөнүндө айтканым жок, анын пайдасынан зыяны көп. Адамдар соода түйүндөрүндө, транспортто, эл көп чогулган жерде беткап кийсин дегенден кийин бул талаптын аткарылышын көзөмөлдөө зарыл".

Санкт- Петербург, октябрь 2020-жыл
Санкт- Петербург, октябрь 2020-жыл

Сентябрь айынын соңунда Москва бийлиги коронавирус коркунучунан улам мектептерди жаап, окуучуларды 18-октябрга чейин эки жума эс алууга тараткан. Москванын мэри Сергей Собянин ата-энелерден балдарды үйдөн чыгарбоого үндөгөн.

Мындан тышкары пенсионерлер менен кош бойлууларды обочолонууга чакырып, жумуш берүүчүлөрдү кызматкерлеринин 30 пайызын аралыктан иштөөгө өткөрүүнү талап кылган.

Эки күн мурда Собянин Москваны пандемия каптап баратканын айтып, ошол эле кезде 65 жаштан жогору курактагы 300 миңдей адам шаарды кыдырып жүргөнүнө арызданган.

"Коронавирус менен ооруган жеңил болуп калды, коркунуч жоголду деген туура эмес. Тестирлөө көбөйдү, эч кандай симптомсуз ооруп жаткандарды көбүрөөк аныктай баштадык. Бир топ адамдар ооруну жеңил көтөрүп жатат. Бирок ооруканага орто жана оор абалда түшкөн адамдар бат эле жандандыруу бөлүмүнө которулуп, дем алдыруучу аппараттарга туташтырылып жатат. Мындай бейтаптар азайган жок", - деген ал федералдык телеканалга курган маегинде.

Сергей Собянин
Сергей Собянин

Мындан тышкары Москва бийлиги тамактануучу жайлар менен соода түйүндөрүнө беткап кийбеген кардарлар үчүн айып салууда. Ал эми бир күндө 9 миллионго чейин киши ташыган Москва метросунда адамдын саны азая элек.

Орус бийлиги COVID-19дун жайылышынын алдын алуу, тестирлөө, дарылоо ыкмалары бир кыйла жакшырганын айтып, карантин чараларын киргизүүнүн зарылдыгы жоктугун негиз кылууда.

Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашконун айтымында, аймактардагы бейтапканаларда 176 миң орундук даярдалган. Бир күн мурда анын орун басары Олег Гриднев ооруканалардагы орундардын 90 пайызы толуп турганын айткан.

Бийлик өкүлдөрү жер-жерлерде коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алчу борборлор ачылып, «Тез жардам» кызматы күчөтүлгөн режимде ишке киришкенин кабарлаган менен аймактардагы орусиялыктар орундуктардын, медициналык кызматкетрлер менен аппараттардын жетишсиздигине арызданып жатат.

Буга чейин «Доктор на работе» порталындагы сурамжылоого катышкан орусиялык дарыгерлердин 57 пайызы медициналык мекемелер коронавирустун жаңы толкунуна даяр эмес деп баалашкан.

11 пайызы гана Орусиянын саламаттык сактоо системасы туруштук бере алат деп эсептешет. Мындай ойду көбүнчө Москва менен Санкт-Петербургдагы медицина кызматкерлери билдиришкен.

Эске сала кетсек, ушул жылдын март айында Орусия боюнча илдетке чалдыккандардын саны 93кө жеткенде Москва бийлиги бардык массалык иш- чараларга тыюу салып, карантин киргизген.

Пандемия башталгандан бери Орусияда коронавирусту 1 миллион 350 миңдей киши жуктуруп, 23205 адам өлүмү катталды. Өлкө оорунун жайылышы жагынан АКШ, Индия жана Бразилиядан кийин төртүнчү орунда турат.

Дүйнөдө COVID-19 жугузгандар 38 миллионго чукулдап, 1 миллиондон ашуун адам илдеттен көз жумду.

18:44 13.10.2020

Пандемиянын экинчи толкунуна туш болгон Европада кайрадан чектөөчү чаралар киргизилип, бир катар жерлерде мектептер, бар-ресторандар, эс алуучу, спорттук жайлар жабылууда.

Шейшембиде Еврошаркеттин мүчөлөрү блоктун ичинде эки жакка каттоо боюнча координацияланган системаны кабыл алууну караган жатат. Ушул күндөрү Европада коронавирустун 100 миң жаңы учуру катталууда.

Вирустун очогуна Европада бул ирет Британия, Орусия, Испания, Франция жана Чехия айланды. Буга чейин өзгөчө кырдаал жарыялаган чех өкмөтү 14-октябрдан тартып дагы бир топ чара көрүп, бардык окуу жайлары кайрадан онлайн сабактарга өтүүдө. 3-ноябрга чейин кафелер, барлар, ресторандар жана клубдар жабык болмокчу.

Францияда бир жумада вирус жугузуп алган 20 миң киши аныкталды. Премьер-министр Жан Кастекс экинчи жолу карантиндин киргизилишин жокко чыгарбай турганын билдирди. Ага чейин Париж, Марсел, Лион баш болгон бир катар шаарлар жогорку эпидемиологиялык даярдыкка келтирилди.

Германияда жаңыдан инфекциялангандар өлкөнүн кошуналарына салыштырмалуу аз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG