Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:04

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

15:47 16.10.2020

Европада коронавирус күч алды

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму билдиргендей, Европада COVID-19 илдети күч алганына байланыштуу катаал чаралар кабыл алынышы мүмкүн.

Германияда, Чехияда, Италияда жана Польшада коронавирус жуктуруп алгандардын күнүмдүк көрсөткүчү жогорулап, өлкө жетекчилери вирусту ооздуктоонун чараларын көрүп жатышат.

Дүйнөдө коронавируска кабылгандардын саны 38,5 миллионго жетип, 1,1 миллион киши көз жумду.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге 15-октябрда өткөн басма сөз жыйында азыркы чектөө чаралары кырдаалды эске алуу менен абсолюттук түрдө зарыл экенин билдирди.

Бул бюрого 53 мамлекет, анын ичинде Орусия жана Борбор Азия мамлекеттери да кирет.

“Европадагы эпидемиологиялык абал аябай тынчсыздандырып жатат. Коронавирус жуктуруп алгандардын күнүмдүк көрсөткүчү өсүп, ооруканага түшкөндөр көбөйүп жатат. COVID-19 өлүмгө себепчи болгон негизги оорулардын тизмесинде бешинчи орунга чыкты жана күнүнө бул илдеттен миң кишиге чейин көз жумуп жатат”,-деди Клюге.

Саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге. (көз айнекчен)
Саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге. (көз айнекчен)

Ал ошондой эле мамлекет бийликтерин коронавирусту ооздуктоо аракеттерин улантууга чакырды.

Клюгге эгер жарандар санитардык эрежелерди көзөмөлдөшсө, февраль айына карата миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калса болорун билдирди.

-Эпидемиологиялык моделдер көрсөткөндөй, жапырт беткап тагынуу сыяктуу өтө жөнөкөй эрежени азыркыдай калктын 60% эмес, 95% сактаса, үйдө же коомдук жайда болобу топтолуу эрежелерин сактаса 53 мамлекеттен турган биздин аймакта 1-апрелге карата 281 миң адамдын өмүрүн сактап калса болот.

15-октябрда Орусия коронавирустан өлгөндөрдүн саны пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүчкө жеткенин билдирди. Соңку 24 саатта 286 адам көз жумган. Жалпысынан Орусияда коронавирус 23 500дөй адамдын өмүрүн алды.

Германияда 15-октябрда соңку бир сутка ичинде 6 миңден көп адамдан коронавирус аныкталды. 83 миллион калкы бар мамлекетте март айындагы эң жогорку көрсөткүч 6300гө жеткен.

Канцлер Ангела Меркел жана Германиянын 16 аймагынын губернатору карантин чараларын катаалдаштырууну макулдашты. Ага ылайык беткап тагынуу эрежелери күчөтүлөт, бар-ресторандар эртерек жабылат жана башка чаралар киргизилет.

Чехияда эрежелер катаалдашканына карабастан, коронавирус жуктуруп алгандар көбөйүп жатат. 14-октябрда вирус 9544 адамдан аныкталды. Бул да пандемиянын башынан берки эң жогорку көрсөткүч.

10,7 миллион калкы бар мамлекетте 1 172 адам көз жумду.

Бардык тамактануучу жайлар, пабдар жана барлар 14-октябрдан баштап жабылган. Коомдук жайларда алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө тыюу салынган. Ал эми мектептер 2-ноябрга чейин жабылып, сабактар аралыктан өтүп жатат.

Франциянын президенти Эммануел Макрон тогуз аймакка, анын ичинде баш калаа Парижде 17-октябрдан 1-декабрга чейин түнкүсүн коменданттык саат киргизилерин жарыялады.

15:18 15.10.2020

Орусияда коронавируска каршы дагы бир вакцина катталды

Новосибирскидеги “Вектор” деген Мамлекеттик вирусология жана биотехнология борбору коронавируска каршы вакцинаны каттады. Буга чейинки препараттай эле бул вакцина да клиникалык сыноонун үчүнчү баскычы аяктай электе катталды. Препарат даяр болгонун президент Владимир Путин шаршембиде өкмөт менен жыйында билдирди.

Аны иштеп чыккан институт биологиялык курал жасоо үчүн негизделген, бирок азыр «Роспотребнадзор» мекемесинин карамагына өткөн. Мекеменин жетекчиси, Орусиянын башкы санитардык дарыгери Анна Попова жаңы препарат менен эмделгенин маалымат каражаттарына билдирди.

Августта Гамалея атындагы Эпидемиялогия жана микробиология борбору «Спутник V» вакцинасын сыноо толугу менен аяктай электе каттап, Батыштагы айрым адистердин сынына кабылган. Эксперттер сыноонун үчүнчү баскычын жүргүзбөй жатып аны колдонуу кооптуу эксперимент деп айтып келишти.

Дүйнөдө коронавируска каршы 36 препарат сыноодон өтүп жатат. Кеминде эки компания вакцина күтүлбөгөн таасир бергенден кийин сыноону убактылуу токтотушкан.

11:38 15.10.2020

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде дагы 32 медицина кызматкеринин анализинен коронавирус табылды.

Эң көп учур Жалал-Абад облусунда катталды. Жалал-Абад облусунда 14, Баткен облусунда сегиз, Талас облусунда алты, Бишкекте эки, Чүй облусунда бир, Ысык-Көл облусунда да бир медкызматкер вирус жугузуп алганы аныкталды.

Бир суткада стационарда дарыланып жаткан төрт, үй карантинден төрт медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда COVID-19 диагнозу башталган март айынан бери вирус жугузган медицина кызматкерлери 3488ге жетти.

Вирус 80ден ашык медкызматкердин өмүрүн алды. Коронавирус жугузуп алган 3113 медкызматкер айыкты.

11:37 15.10.2020

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 15-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада вирус жугузуп алган дагы беш киши кайтыш болду.

Анын экөө Баткен облусунда, экөө Ош облусунда, бирөө Бишкек шаарында катталды.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1099 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

15-октябрга карата соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 388 кишиден жаңы аныкталып, августтан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 50 589ду түздү. Анын 45 080и сакайганы айтылды. Бир күндө 196 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2092 бейтап стационарда, 1847си үй шартында дарыланууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG