Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:19

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

12:13 18.10.2020

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 18-октябрдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 илдетинен үч адам каза болду. Ош, Нарын облустарында бирден киши, дагы бири Бишкекте.

Коронавирус акыркы суткада дагы 554 кишиден жаңы аныкталды. Мурда ооругандардын 227си айыкты.

Оору жаңы такталган учурлар:

  • Бишкек - 88;
  • Жалал-Абад облусу – 143;
  • Ош облусу - 105;
  • Баткен облусу - 90;
  • Ош шаары - 38;
  • Чүй облусу – 46;
  • Ысык-Көл облусу – 26;
  • Талас облусу - 12;
  • Нарын облусу – 6;

Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 52 044 адамды түздү. Анын 1111и жашоо менен кош айтышып, 45 736сы сакайды.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2 489 бейтап стационарда, 2 232 киши үй шартында дарыланып жатат.

2019-жылдын декабрында Кытайдын Ухань аймагынан тараган коронавирус 188 мамлекетке жайылды.

13:59 17.10.2020

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова коронавируска каршы кыргыз өкмөтү жүргүзүп жаткан иштер чабал экенин айтты.

Бул тууралуу облустардагы саламаттык сактоо тармагындагы жетекчилер жана адистер менен 17-октябрда өткөрүлгөн онлайн кеңешмеде билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Исмаилова илдетке каршы республикалык штабдын жыйынында айтылган маалыматтар менен онлайн кеңешмеде берилген маалыматтар эки башка чыгып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, жетекчилер жеке коргонуу каражаттары, медициналык жабдуулар, дары-дармек каражаттары жетиштүү деп маалымат бергени менен, иш жүзүндө ага шайкеш келбеген учурлар болууда.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандар алгач мартта аныкталган. Июнь-июль айларында бейтаптар жана өлгөндөр кескин көбөйгөн. Август-сентябрда оору бир аз басаңдап, октябрда кайрадан күчөдү жана өлүм саны өсүүдө. 17-октябрга карата бир суткада 470 адамдан оору аныкталып, беш киши каза болду. Бишкекте жана аймактарда кайрадан күндүзгү стационарлар ачылып, 118 номурундагы сурап-билүү кызматы жанданды.

Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 51490 адамды түздү. Анын 1108и жашоо менен кош айтышып, 45509у айыкты.

Республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3529 учур катталды, алардын 3145и сакайды. Сексенден ашуун медкызматкер көз жумду.

11:49 17.10.2020

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 17-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада дагы 21 медицина кызматкери илдетти жуктуруп алды. Алар:

  • Баткен облусунда – 6;
  • Жалал-Абад облусунда – 5;
  • Бишкек шаарында – 5;
  • Ысык-Көл облусунда – 3;
  • Талас облусунда – 1;
  • Ош шаарында – 1.

Ал эми акыркы суткада стационардан алты, үй карантининен 11 медкызматкер чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3529 учур катталды, алардын 3145и сакайды.

Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 51490 адамды түздү. Анын 1108и жашоо менен кош айтышып, 45 509у айыкты.

11:30 17.10.2020

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 17-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада беш бейтап каза болду. Алардын үчөө Ош облусунда, бири Нарында, дагы бири Бишкекте.

COVID-19 илдети акыркы суткада дагы 470 кишиден жаңы аныкталды. Мурда ооругандардын 221и айыкты.

Оору жаңы такталган учурлар:

  • Бишкек - 98;
  • Жалал-Абад облусу – 98;
  • Ош облусу - 97;
  • Баткен облусу - 82;
  • Ош - 38;
  • Чүй облусу – 32;
  • Ысык-Көл облусу – 17;
  • Талас облусу - 7;
  • Нарын облусу - 1.

Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 51490 адамды түздү. Анын 1108и жашоо менен кош айтышып, 45 509у сакайды.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2353 бейтап стационарда, калганы үй шартында дарыланып жатат.

2019-жылдын декабрында Кытайдын Ухань аймагынан тараган коронавирус 188 мамлекетке жайылды. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 39 миллион 250 миңден ашты. Алардын 1 миллион 103 миңден ашууну көз жумду, 27 миллиондон көбү айыкты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG