Францияда 29-октябрдан тарта экинчи жолу толук карантин киргизилди. Барлар, ресторандар жана бир катар ишканалар коронавирус күч алганына байланыштуу жабылды.
Франциянын президенти Эммануэл Макрондун айтымында, күнүнө он миңдеген адамдан вирус табылып жатканына байланыштуу саламаттык сактоо системасына күч келүүдө. Жазындагыдай эле бул жолу өлкө тургундарына жүйөлүү себепсиз үйдөн чыгууга болбойт. Болгону азык-түлүк алганы чыкканга, ооруканаларга барууга жана бир саат спорт көнүгүүлөрүн сыртта жасоого уруксат берилет. Анткен менен жазындагыга салыштырмалуу айрым жеңилдиктер бар.
Француз президентинин бул билдирүүсүнөн бир нече саат мурда Германиянын канцлери Ангела Меркел өлкөсүндө төрт жумалык карантин киргизилерин жарыялаган болчу. Жаңы чектөөлөргө ылайык Германия жарым-жартылай жабылат. Ал эми 2-ноябрдан тарта бардык тамактануучу, көңүл ачуучу жана спорт жайлары да ишин токтотот. Дүкөндөрдө гигиена эрежелери катаалдашат.
Кошмо Штаттары коронавирус катуу жайылган мамлекеттердин сап башында кала берүүдө. Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, октябрь айында эле Америкада миңдей киши көз жумуп, 73 миң адам коронавируска чалдыккан. Экинчи орунда Индия турат. Бул мамлекетте сегиз миллиондой адамдан вирус аныкталган.
Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 44 миллиондон ашты, ал эми бул илдеттен 1.1 миллиондон көп адам көз жумду.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 29-октябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен бир адам каза болду. Көз жумган бейтап Баткен облусунун тургуну болчу.
Жалпысынан көз жумгандардын саны 1 139 адамга жетти. 18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 522 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Баткен, Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарында.
Оору жуккандардын жалпы саны, ошентип, 57 798 кишиге жетти.
Бир күндө 460 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3 444 адам жатат, дагы 3 580 бейтап үйдөн дарыланууда.
Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 605ке жетти, алардын 3 309у айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору үч дарыгерден табылды.
Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды.
Түркмөнстанда коронавирустун жайылышынан улам абал оорлошуп баратканы кабарланууда. 1-ноябрдан тарта өлкөдө карантиндик чектөөлөр күчөшү мүмкүн деген кабарлардан кийин кырдаал ого бетер чыңалды.
Көз карандысыз маалымат каражаттарынын COVID-19 менен байланышкан оорулардын жана өлүмдөрдүн көбөйүшү жөнүндө көптөгөн маалыматтарына карабастан, түркмөн бийлиги "өлкөдө коронавирус таптакыр жок" деп расмий маалымат таратууну улантып жатат.
Маалыматтарга караганда, түркмөн өкмөтү коронавирустун жайылышына жол бербөө үчун чараны олуттуу түрдө күчөтүүнү карап жатат. Дашогуз облусундагы аялдар колониясында өпкөсү кагындар көбөйдү. Маалымат каражаттары колониядагы 500 аялга коронавирус диагнозу коюлганын кабарлашкан.
"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын кабарчылары 27-октябрда Ашхабаддын кээ бир аймактарында коронавирусту жугузуп алгандардын саны көбөйгөнүн жазышты. Алар кырдаал өзгөчө акыркы эки жумада күчөгөнүн маалымдашууда.
"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып, өткөн жекшембиде түркмөн өкмөтү коронавирустун жайылышын чектөө чараларын олуттуу түрдө күчөтүп жатканын жарыялаган. Ошондой эле өкмөт өзгөчө ички аба каттамдарын токтотуу, аймактар арасында жол кыймылын чектөөнү, айрыкча Ашхабадга башка аймактардан кирүүгө тыюу салууну карап жатканы айтылат.
Той-топур, жаназа жана эскерүү сыяктуу иш-чараларга толук тыюу салына турган болууда.
Ошону менен бирге Түркмөнстанда беткап режими, темир жол кыймылын толугу менен токтотуу жана өлкөнүн аймактар аралык транспорт байланышын кескин чектөө сыяктуу карантиндик иш-чаралар дагы деле күчүндө.
Расмий Ашхабад мурдараак 15-октябрга чейин каралган бул чектөөлөр 15-ноябрга чейин узартылганын жарыялаган.
Коронавирустун жайылып кетпеши үчүн Германия бир айлык мөөнөткө айрым аймактарына карантин киргизди. Франция жаңы чектөөлөргө даярдык көрүүдө.
30-октябрдан тартып Францияда массалык иш-чараларга тыюу салынат. Бассейн, ресторан, барлар жабылат. Үйдүн айланасынан алыс чыгууга тыюу салынат.
Дүкөнгө, жумушка, дарыгерге жана кыска убакытка сейилдөөгө чыгууга гана уруксат. Бул тууралуу Франция президенти Эммануэл Макрон 28-октябрда элге жасаган кайрылуусунда айтты.
Анын айтуусунда, сырттан келгендердин баары коронавируска карата тесттен өтүшөт. Чектөөлөр кеминде 2-декабрга чейин созулат. Француз өкмөтү эки жумада бир чектөөнү жумшартуу же катаалдантуу маселесин карап чыгары айтылды.
Германияда 2-30-ноябрга чейин бар, ресторандар, оюн-зоок борборлору, концерттик залдар, театрлар жана фитнес-борборлор жабылат. Дүкөндөр санитардык талаптарды сактоо менен иштөөгө милдеттендирилди. Көпчүлүк аймактарда мектептер иштей берет.
«Биз азыр чара көрүүгө тийишпиз», - деди кырдаалды “өтө олуттуу” деп мүнөздөгөн немис канцлери Ангела Меркель.
Европа өлкөлөрүндө 28-октябрга карата бир суткада дээрлик 15 миң адам вируска чалдыкканы аныкталган. Бул өткөн аптадагы көрсөткүчтөн эки эсе көп.
«Биз бейтапканалардын толушуна жол берсек, анда өтө кеч болуп калат», - деди Германиянын саламаттык сактоо министри Йенс Спан.
Болгария, Бельгия, Португалия, Польшанын өкмөттөрү карантиндик чектөөлөрдү күчөттү.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Европада акыркы бир жумада 1,3 млн. адам коронавирус жугузуп алганын маалымдады. Бул жалпы дүйнө жүзүндөгү вируска чалдыккан 2,9 млн. адамдын дээрлик тең жарымын түзөт.
Илдеттен көз жумгандардын саны да мурунку жумага караганда 37% өстү.