Улуу Британия Европадагы башкы өлкөлөр сыяктуу бир айлык карантин жарыялайт. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Борис Жонсон 31-октябрда билдирди. Анын айтымында, карантин 5-ноябрда башталып, бир айга созулат. Бул учурда тургундар “өзгөчө учурда” гана үйүнүн чыгышы керек. Мындай өзгөчө учурга алгачкы зарылдыктагы тамак-аш, буюм-тайым сатып алуу, жумушка, мектепке, ооруканага баруу, көчөдө көнүгүү жасоо кирет. Мектептер, университеттер жана айрым дүкөндөр ачык болот, ал эми ресторандар жабылып, даяр тамакты алып кеткенге гана уруксат берилет.
Британияда коронавирустан 46 миңден ашык адам каза болду. Бул Европа өлкөлөрүнүн ичиндеги эң көп көрсөткүч. Учурда бул өлкөдө күн сайын 20 миңдей адамдан вирус аныкталууда. Британ бийлиги мындай абал улана берсе саламаттык сактоо кызматына күч келиши мүмкүн экенин эскертүүдө.
Учурда Европада күн сайын вирус 240 миңден ашык адамдан аныкталууда.
Коронавирустан улам катаал чектөөлөрдү Франция жана Германия да киргизди. Бул өлкөлөр илдет жайылып жаткандыктан жалпы улуттук карантин жарыялашкан. Ал эми Чехиянын парламенти өлкөдөгү өзгөчө кырдаалды 20-ноябрга чейин узартууну колдоду.
31-октябрда Португалия менен Австриянын бийликтери да кийинки аптадан баштап жарым-жартылай чектөө киргизүү чечимин кабыл алды. Ал эми 2-ноябрдан тартып Греция да кайрадан карантин жарыялоону чечкен.
3-ноябрда президенттик шайлоого даярданып жаткан АКШда болсо эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Бул өлкөдө күн сайын 1000ге чейин адам пандемиядан улам каза болуп, ооруканаларга кайрылгандар кескин көбөйдү. 30-октябрда бир күндө 100 миң кишиден вирус аныкталып, илдет жугузгандардын жалпы саны 9 миллиондон ашты. Бул Кошмо Штаттардын жалпы калкынын 3 пайызын түзөт.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб 31-октябрда тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстанда ушул тапта COVID-19 вирусуна кабылган 3413 бейтап стационарларда дарыланууда.
Маалыматка караганда, алардын ичинен 83 адамдын (2,4%) абалы канааттандыраарлык. 2328 киши (68,2%) орто оордукта болсо, 892 бейтап (26,1%) оор абалда жана 110 бейтап (3,2%) өтө оор абалда жатат.
Мындан сырткары 3767 киши үй шартында дарыланып жатканы маалымдалган. Алардын абалы кандай экени айтылган эмес.
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 484 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен үч адам каза болду. Көз жумган бейтаптын үчөө тең Баткен облусунун тургундары.
31-октябрга карата соңку бир күндүн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 461 адамды түздү.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 58 878 кишиге жукту. Анын 49 983 айыкканы айтылды.
Вирустан 1 145 адам кайтыш болду.
COVID-19га байланыштуу кырдаал Орусияда да оор болуп турат. Бул жолу Алтай, Омск, Кемеров аймактарында илдетке кабылгандар көп болуп, ооруканаларда орун жетпей, ал эми өлүкканаларда сөөктөр батпай калганы тууралуу кабарлар тарап жатат.
Өткөн аптада маалымат каражаттарында Новокузнецк шаарындагы моргдо тартылган деген видео таркаган. Анда ондогон сөөктөр жерде жатканын көрүүгө болот. Ушундай эле видео «Вконтакте» сайтындагы «Кострома» деген баракчага да жайгаштырылды. Анда да чакан бөлмөдө эч кандай эрежелер сакталбастан кара мүшөктөргө салынган адам сөөктөрүн көрүүгө болот.
28-октябрга карата Орусияда бир жарым миллиондой адамдан коронавирус табылган, 27 миң киши бул илдеттен көз жумду. Кырдаал оор болгонун Кремль да мойнуна алды.
Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: «Маселе чындыгында олуттуу. Эпидемиологиялык соккуга өзгөчө аймактар туш болууда», - деп айтты.
Кошмо Штаттар дагы эле коронавирус катуу жайылган мамлекеттердин сап башында турат. Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, октябрь айында эле Америкада миңдей киши көз жуумп, 73 миң адам коронавируска чалдыккан. Экинчи орунда Индия турат. Бул мамлекетте жалпысынан сегиз миллиондой адамдан вирус табылган.
Латын Америкасында да COVID-19 менен ооругандар азая элек. Мексикада пандемия башталгандан бери бул илдеттен каза болгондор 90 миң кишиге чукулдады. Аргентинада бул көрсөткүч 30 миңдин тегерегинде. Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 44 миллиондон ашты, ал эми бул илдеттен 1,1 миллиондон көп адам көз жумду.
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алып, ооруканага түшкөндөрдүн арасында 90 киши өтө оор абалда жатат. Дагы 877 бейтап оор, 2314ү орточо, калгандары канааттандырарлык абалда деп бааланууда. COVID-19 илдетине каршы республикалык штаб 30-октябрда ушундай маалымат таратты.
Пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын расмий катталган жалпы саны 58394 адамга жетти. Ооруканадан айыгып чыккандар - 49 522 киши. Каза болгондор 1142ге жетти. 18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган болчу.
Учурда 3359 бейтап стационарда, башкалары үй шартында дарыланууда.
30-октябрга карата бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония үч кишинин өмүрүн алып, 596 адам ооруну жуктуруп алганы аныкталды.
Ооруну жаңы жугузуп алгандардын аймактардагы эсеби:
Бишкек шаары - 136;
Баткен облусу - 112;
Жалал-Абад облусу - 91;
Чүй облусу - 89;
Ош облусу – 64;
Талас облусу – 39;
Ысык-Көл облусу – 35;
Ош шаары – 23;
Нарын облусу – 7.
Кытайдын Ухань калаасынан тараган коронавирус 188 мамлекетке жайылып, 45 миллиондон ашуун адамга жукту. Кыргызстанда ооруга чалдыккандар алгач 18-мартта аныкталган.