Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

15:02 8.11.2020

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 8-ноябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония дагы беш кишинин өмүрүн алды. Каза болгондордун үчөө Бишкек шаарында, бири Талас, бири Ош облусунда катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1177 кишиге жетти.

Бир суткада дагы 515 кишиден вирус расмий табылды. Коронавирус расмий аныкталгандар боюнча Жалал-Абад облусу алдыга чыкты. Бул аймакта 133 кишиден илдет табылды. Андан кийин Бишкек шаарында 107, Чүй облусунда 60, Баткен облусунда 54, Ош облусунда 52, Ысык-Көл облусунда 45, Ош шаарында 43, Талас облусунда 20, Нарын облусунда 1 кишиден вирус аныкталды.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 62 819 адамга жетти. Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 53 952 адам.

Кыргызстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын арасынан 1019 адам оор абалда бейтапканаларда жатат. Учурда стационарда 3409 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 58 адамдын абалы - канааттандыраарлык, 2195 бейтаптын абалы – орто, 137 киши - өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда – 3634 бейтап бар.

00:45 8.11.2020

Батышта коронавирус жуккандар кескин көбөйдү

Айнура Жекше кызы

Кошмо Штаттарда коронавируска чалдыккан адамдардын саны экинчи күн катары менен рекорддук чекке жетти. Жонс Хопкинс университетинин 5-ноябрдагы статистикасына ылайык, бир күндө вирус 123 миң 85 кишиден табылды.

Ошол эле күнү 1220дан ашуун бейтап COVID-19дан көз жумду. Шаршембиде коронавирусту 107 миң киши жугузуп алганы кабарланган.

50 штаттын кеминде 19унда инфекциялангандардын бир күндүк көрсөткүчү пандемия башталгандан бери болуп көрбөгөндөй көбөйдү.

АКШдан тышкары башка аймактар, өзгөчө Европа эпидемиянын экинчи толкунунан жабыркап келатат. «Ажанс Франс Пресс» агенттиги коронавирус алгач аныкталгандан бери континентте 11 миллион 600 миңдей киши инфекцияланганын жазат.

Бир топ өлкөлөрдө кайрадан карантин киргизилсе, башкаларында вирустун жайылышынын алдын алыш үчүн чектөөлөр иштеп жатат.

Францияда бейшембиде бир күндө инфекциялангандар 58 миңден ашты. 30-октябрда өлкөдө декабрга чейин карантин жарыяланган. Эл жумушка баруу, азык-түлүк алуу, оорукана же башка чукул жардамга кайрылуу үчүн гана сыртка чыга алат. Бирок мектептер бул ирет жабылган жок.

Коронавирус чектөөлөрүнө каршы акция. Италия, 2-ноябрь, 2020-жыл.

Италияда акыркы 24 саатта вирусту 34,5 миңдей киши жугузуп алганы катталды. Премьер-министр Жузеппе Конте кол койгон буйрукка ылайык, 5-ноябрдан 3-декабрга чейин кечки саат 10дон таңкы саат 5ке чейин коменданттык саат киргизилди. Айрым аймактардын, анын ичинде жазында катуу жабыркаган Ломбардиянын тургундары кайрадан карантин шартында жашай баштады.

Коронавирус чектөөлөрүнө каршы акция. Италия, 2-ноябрь, 2020-жыл
Коронавирус чектөөлөрүнө каршы акция. Италия, 2-ноябрь, 2020-жыл

Белгиянын Льеж шаарынын саламаттык сактоо мекемеси апта аягына чейин ооруканалар толуп каларынан чочулап турат. 3-ноябрдан тартып бейтаптар Германияга дарыланууга жөнөтүлө баштады. Көбү аппараттын жардамы менен дем алса, башкалары ИВЛге туташтырылган.

Киши башына алганда Белгия вируска кабылгандар жагынан Европада биринчи орунда баратат. Бул тууралуу Европанын Илдеттердин алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору билдирди. 11 миллион калктуу өлкөдө COVID-19дан 7 405 киши дарыланса, 1 412си жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Польша бейшембиде коронавирустун жаңы 27 миң учуру катталганын билдирди. Бир күндүк көрсөткүч дагы көтөрүлсө, өкмөт өлкө аймагы боюнча карантин жарыялай турганын буга чейин эскерткен.

Өкмөт башчы Матеуш Моравецки Варшавадагы борбордук стадиондо ачылган убактылуу стационар 1 200 бейтапты кабыл аларын билдирди.

Варшавадагы тест жасоо борбору. 31-октябрь, 2020-жыл.
Варшавадагы тест жасоо борбору. 31-октябрь, 2020-жыл.

Лондон полициясы бейшембиде түнкү кайгуул маалында карантиндик чектөөлөрдү бузган 104 кишини кармады. Маалыматка караганда, вирустун жайылышын ооздукташ үчүн киргизилген жаңы эрежелерге карабай жүздөгөн киши шаар борборуна топтолуп алган. Полиция кармалгандарга тиешелүү чара көрүлөрүн билдирди.

COVID-19га кабылгандардын жалпы саны бир миллион кишиден ашкандан кийин саламаттык сактоо системасына күч келеринен чочулаган премьер-министр Борис Жонсон бүт өлкө аймагында карантин жарыялаган.

Дүйнө жүзүндө COVID-19 бери дегенде бир миллион 226 миң кишинин өмүрүн алды. Вируска 48 миллиондон ашуун киши чалдыкты.

16:12 7.11.2020

Кыргызстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын арасынан 969 адам оор абалда бейтапканаларда жатат. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 7-ноябрдагы маалыматында айтылат.

Учурда стационарда 3445 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 51 адамдын абалы - канааттандыраарлык, 2293 бейтаптын абалы – орто, 969 киши - оор абалда, 132 киши - өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда – 3645 бейтап бар.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1172 кишиге жетти. Пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 62300дөн ашты.

Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 53 406 адам.

13:54 7.11.2020

Жонс Хопкинс университетинин эсебинде, АКШда соңку бир күндө коронавирус дагы 123 миңден ашык кишиден табылды. Оорудан 1200дөн көп бейтап көз жумду. Шаршембиде коронавирусту 100 миңге чукул адам жугузуп алганы кабарланган.

50 штаттын кеминде 19унда инфекциялангандардын бир күндүк көрсөткүчү пандемия башталгандан бери болуп көрбөгөндөй көбөйдү.

Ушул тушта Европа эпидемиянын экинчи толкунунан жабыркап келатат. «Ажанс Франс Пресс» агенттиги коронавирус алгач аныкталгандан бери континентте 11 миллион 600 миңдей киши инфекцияланганын жазды. Бир топ өлкөлөрдө кайрадан карантин киргизилсе, башкаларында вирустун жайылышынын алдын алыш үчүн чектөөлөр иштеп жатат.

Францияда бейшембиде бир күндө инфекциялангандар 58 миңден ашты. 30-октябрда өлкөдө декабрга чейин карантин жарыяланган. Италияда акыркы 24 саатта вирусту 34,5 миңдей киши жугузуп алганы катталды. Киши башына алганда Белгия вируска кабылгандар жагынан Европада биринчи орунда баратат.

Дүйнө жүзүндө COVID-19 бери дегенде бир миллион 226 миң кишинин өмүрүн алды. Вируска 48 миллиондон ашуун киши чалдыкты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG