Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

10:45 16.11.2020

Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери Дамира Байзакова коронавирустан кайтыш болду. Бул маалыматты "Азаттык" радиосуна мекеменин жетекчиси Эрнис Тилеков тастыктады. Анын айтымында, Байзакова коронавирус жугузуп алып, Республикалык инфекциялык ооруканада дарыланып жаткан. Пневмониянын оор түрүнө чалдыккан дарыгер 16-ноябрга караган түнү көз жумду.

62 жаштагы Дамира Байзакова мурда бир нече жыл балдар онкологиясы бөлүмүн жетектеп иштеген.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда бул вирус жуккандарын жалпы саны 66 983 кишиге жетти, алардын 3735и дарыгерлер. Соңку күндө бул оору 20 дарыгерден табылды.

13:37 15.11.2020

Кыргызстанда соңку бир күндүн ичинде дагы 22 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Алардын ичинен беш медкызматкерге вирус кызыл зонада жуккан:

Баткен облусунда – 4 (экөө кызыл зонада);

Бишкек шаарында – 3 (экөө кызыл зонада);

Чүй облусунда – 5 (бирөө кызыл зонада);

Ош облусунда – 1;

Жалал-Абад облусунда – 1;

Талас облусунда – 2;

Ысык-Көл облусунда – 6.

Ал эми бир суткада жети медкызматкер үй карантинден айыгып чыкты.

Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3 715 учур катталды, алардын ичинен 3 490 дарыгер сакайды.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда март айынан бери коронавирустан көз жумгандардын саны 1 199 кишиге жетти. Оору жуккандардын жалпы саны 66 504, илдеттен 57 321 адам айыкты.

11:53 15.11.2020

Кыргызстанда коронавирустан бир күндө 474 адам сакайды.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 15-ноябрдагы маалыматына караганда, оорудан айыккандардын жалпы саны марттан бери 57 321 кишини түздү.

Ушул күндөрү ооруканада 3 318 адам жатат. Алардын ичинен 55 (1,6%) бейтаптын абалы канаттандырарлык, 2 148 кишиники (64,7%) орто оор, 987 (29,7%) оор абалда, 128 (3,8%) адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.

Дагы 3 972 бейтап үйдөн дарыланууда.

11:50 15.11.2020

Мексиканын Саламаттык сактоо министрлиги 14-ноябрда акыркы бир күндө 5 860 адамдан коронавирус аныкталып, бул оору жалпы бир миллион 3 253 кишиге жукканын кабарлады.

635 бейтап каза болуп, COVID-19 илдетинен көз жумгандардын жалпы саны 98 миң 259 кишиге жеткен. Муну менен Мексика адам өлүмү боюнча АКШ, Бразилия жана Индиядан кийинки эле төртүнчү орунга чыкты.

Сөз болуп жаткан өлкө бир миллион кишиге коронавирус жуккан 11 мамлекеттин катарына киргени менен Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу кайрадан чектөө чараларын киргизүүнү карай элек.

Мексикада пандемиядан улам бир катар ишканалар жабылып, өндүрүш соңку айларда гана кайра калыбына келген.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсеби боюнча, дүйнө жүзүндө вирус жуккандардын саны 53 миллиондон ашты. Пандемия бир миллион 300 миңден ашык адамдын өмүрүн алды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG