26-ноябрдагы маалыматка караганда, Кыргызстанда кечээтен бери коронавирустан алты киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын бешөө Бишкек шаарынын, бирөө Ош облусунун тургуну болчу.
Жалпысынан көз жумгандардын саны 1251 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 427 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (179) жана Чүй (94) облусунда.
Оору жуккандардын жалпы саны 71 171 кишиге жетти.
Бир күндө 495 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2861 адам жатат, дагы 3832 бейтап үйдөн дарыланууда.
Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3858 адамга жетти, алардын 3568и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 16 дарыгерден табылды.
Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды.
Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа 25-ноябрдагы басма сөз жыйынында бир суткада өлкөдө 28 миңден ашык кишиден коронавирус табылганын жана бир күндө 168 киши көз жумганын кабарлады.
Министр Кожа Стамбул, Бурса жана Измир баштаган ири шаарларда бейтаптардын көбүнөн ооруканалардын кайра жандандыруу бөлүмдөрү толуп калганын билдирди.
Түркияда 20-октябрдан баштап коронавируска байланыштуу чектөөлөр кайрадан киргизилип, дем алыш күндөрү кечки саат сегизден эртең мененки саат 10го чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган.
Түркиянын бардык аймактарында ресторан-кафелерден тамактанууга болбойт. Сентябрда ачылган мектептер жана жогорку окуу жайлары жаңы жылга чейин аралыктан билим алууга өттү.
Түркияда коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу 11-мартта катталган. Ошол кезде өлкөдө ресторан, соода борборлору, коомдук жайлар жана мектептер жабылган. 1-июнда чектөөлөр алынып, жарандарга беткап тагуу милдеттендирилген.
Расмий маалыматтар боюнча 25-ноябрда Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 12840 кишиге жетти. Вирусту жугузуп алгандар 467 миңден ашып, алардын 385 миңге жакыны айыккан.
Түркия Кыргызстан менен аба каттамдарын 7-августта калыбына келтирген. Бул өлкөдө 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган.
1-декабрдан тартып Бишкекте кинотеатрларга жана соода борборлорунун ичиндеги коомдук тамактануучу жайларга (фудкорт) иштөөгө уруксат берүү пландалууда. Бул тууралуу 25-ноябрда шаардын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевге таянып Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.
Кинотеатрларда жана фудкорттордо бардык санитардык эрежелер так сакталышы талап кылынат.
Мындан тышкары, шаардагы супермаркеттерге мурдагыдай күнү-түнү иштөөгө уруксат берүү пландалып жатат.
Ал эми тойканалар жана ресторандар үчүн өзүнчө алгоритм иштелип чыгууда.
24-ноябрда өкмөт коронавируска байланыштуу жабылган мекеме-ишканаларды кайра ачуу боюнча жоопкерчиликти өзүнөн алып, жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүп берип жатканын маалымдаган. Ишин уланта баштаган мекеме-ишканаларда тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык жана башка талаптар сакталышын жергиликтүү бийлик өзү көзөмөлдөп, жооптуу болору айтылган.
Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева жамааттарда Жаңы жылды майрамдоо иш-чараларын чектөө же таптакыр тыюу салуу маселесин да караштырыш керек экенин белгилеген.
Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул оору жуккандардын жалпы саны 70 миңден ашты. Алардын 1200дөн ашууну көз жумду. Азыр ооруканада жаткан 3 миңдей бейтаптын 127синин абалын дарыгерлер өтө оор деп мүнөздөп жатышат.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 25-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен төрт киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, бирөө Талас облусунун, дагы бирөө Баткен облусунун тургуну болчу.
Жалпысынан көз жумгандардын саны 1245 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 378 адамдан табылды. Алардын эң көбү Чүй (111) облусунда жана Бишкек шаарында (80).
Оору жуккандардын жалпы саны 70 744 кишиге жетти.
Бир күндө 455 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2851 адам жатат, дагы 3832 бейтап үйдөн дарыланууда.
Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3842 адамга жетти, алардын 3560 айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 11 дарыгерден табылды.
Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды.