Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

19:39 28.11.2020

Кошмо Штаттар жана Батыш Европанын өкмөттөрү "Ыраазылык билдирүү" күнүнөн кийин коронавируска чалдыккандардын жаңы толкунун пайда болушу мүмкүн деп кооптонуп турушат.

26-ноябрда белгиленген бул майрамда алдын ала эскертүүгө карабастан миллиондогон кишилер жакындарын куттуктоо үчүн саякатка чыгышкан.

Мусулмандарда пайгамбар катары каралган, христиандарда кудай саналган Ыйсанын туулган күнүнө карата соода кескин жанданат, жакындардын келим-кетими көбөйөт. Бирок бул майрамга карата Европанын көп өкмөттөрү карантин шарттарын кыйла жеңилдетүүгө белсенүүдө.

Испания, Британия, Франция сыяктуу өлкөлөрдө соңку учурларда кайра киргизилген кыйла чектөөлөр майнаптуу болгондугу маалымдалды.

Орусияда коронавируска чалдыккандар кескин көбөйүп жатканына карабастан, расмий Москва жаңы кырдаалда карантиндик чектөөлөргө барган жок.

Орусияда акыркы эки күндө катары менен жаңы 27 миңден ашуун кишиден коронавирус табылгандыгы, акыркы бир күндө 510 киши кайтыш болгону маалымдалды. Жалпысынан өлкөдө 2 242 633 киши бул илдетке чалдыккан. Өлкөдө “Sputnik-V” аттуу вакцина үчүнчү баскычтагы сынактан натыйжалуу өткөнү тастыкталды.

Ал эми Австралиянын Виктория штатында чектөө киргизилген 2-августтан бери кыйла жылыштар болду. Бул штатта акыркы 28 күндөн бери бир дагы коронавируска кабылуу учуру жана анын айынан өлүм катталган жок. Эми 28-октябрдан бери бул аймакта чектөөлөрдүн бир тобу алынып салынды.

11:58 28.11.2020

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 130
  • Ош - 16
  • Чүй облусу – 102
  • Ош облусу - 35
  • Талас облусу - 17
  • Нарын облусу - 11
  • Ысык-Көл облусу – 33
  • Жалал-Абад облусу – 50
  • Баткен облусу - 29

Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 423
Жалпы: 71971

COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары:

  • Бишкек – 3
  • Нарын облусу – 1
  • Чүй облусу – 1
  • Ош облусу – 1

Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 6
Жалпы: 1262

11:20 27.11.2020

27-ноябрдагы маалыматка караганда, Кыргызстанда кечээтен бери коронавирустан беш киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын төртөө Бишкек шаарынын, бирөө Нарын облусунун тургуну болчу.

Жалпысынан көз жумгандардын саны 1256 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 377 адамдан табылды. Алардын эң көбү Чүй облусунда (127), Бишкек шаарында (100).

Оору жуккандардын жалпы саны 71 548 кишиге жетти.

Бир күндө 402 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2875 адам жатат, дагы 3698 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3865 адамга жетти, алардын 3576сы айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 7 дарыгерден табылды.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды.

17:21 26.11.2020

АКШда коронавирустан улам бир күндө 2400дөн ашык адам каза болуп, бул акыркы алты айдагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Ал эми акыркы суткада 200 миңге жакын адам вирус жугузган. Кырдаалды 26-ноябрда белгиленип жаткан Алкыш айтуу күнүнө карата иш-чаралар күчөтөрү болжолдонууда. Америкалыктар эң атактуу майрамы болгон бул күнү көпчүлүк адамдар үй-бүлө мүчөлөрү, дос-жары менен чогулуп, бирге тамактанышат.

Өлкөдө 25-ноябрда вирустун кесепетинен 2439 адам каза болуп, пандемия өмүрүн алган адамдардын жалпы саны 262 миңден ашты.

Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча, дүйнө жүзүндө коронавирус жугузгандардын саны 60 миллион адамдан ашты.

Европадагы бир катар өлкөлөр ушул айдын башында пандемиянын экинчи толкунунун алдын алыш үчүн чектөөлөрдү киргизген. Германияда киргизилген чектөөлөр кеминде 25-декабрга чейин күчүндө болот. Өлкө канцлери Ангела Меркел 25-ноябрда чектөөлөрдү алуу эрте экенин билдирди.

Бул күнү Германияда коронавирустан улам 410 адам каза болду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG