Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева 2-декабрда Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында гуманитардык жардам тууралуу отчет берүүгө байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги жана жергиликтүү бийликтин дарегине катуу сын айтты.
«Бизге толук жана так отчёт керек. Муну жарандар, Жогорку Кеңештин депутаттары, жардам берген эл аралык уюмдар жана донорлор күтүүдө. Берилген отчёт толук эмес жана айрым пункттар боюнча түшүнүксүз. Мисалы, Талас жана Чүй облустарындагы аймактык медициналык мекемелерге кандай конкреттүү медициналык буюмдар жеткирилген? Ош облусу боюнча кандай чыгымдалуучу материалдар алынды, канча тест-система алынды? Жер-жерлерге өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын, концентраторлордун, рентген-аппараттардын канчасы жеткирилди? Отчетто 325 рециркулятор алынганы белгиленген, бирок алар кайда экени көрсөтүлгөн эмес. Эмне үчүн медициналык жабдуулар баланска алынган эмес жана тиешелүү тартипте белгиленген эмес. Жарандардан, донорлордон жана ыктыярчылардан алынган бардык жардамдар кылдаттык менен изилденет», - деди Сурабалдиева.
Сурабалдиеванын айтымында, отчетто канча дары каражаты түшкөнү жана алардын аталышы көрсөтүлгөн эмес.
«Бишкек шаарындагы поликлиникалардын врачтары жайында вируска каршы кытай таблеткаларын таркаткандыгы кооптондурат. Эмне себептен тийиштүү текшерүүлөрдү өткөрбөстөн, бул дары-дармектер медициналык мекемелерге берилген? Алардын курамын, сертификатташтырылгандыгын эч ким текшерген эмес. Бирок аларды пандемия учурунда иммунитети алсыз жарандарга беришкен. Мындай учурлар үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлерине тартиптик мүнөздөгү чаралар колдонулат. Мындан тышкары, Тез жардам станциясы жабдылбай турганынын себеби эмнеде? Менин пикиримде, анын себеби айлык акыга гана тийиштүү эмес. Мага белгилүү болгондой, жубайы Бишкек шаары боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдү башкарса, жолдошу Тез жардам станциясынын ишин координациялайт. Маалыматтарга ылайык, ошол эле учурда жолдошу жеке Тез жардам кызматын ачкан. Мында түздөн-түз кызыкчылыктар кагылышы бар экендиги байкалбайбы? Бишкек шаардык мэриясы кызыкчылыктардын кагылышуусу жана маселенин моралдык тарабын эске алуу менен кызматтык иликтөө жүргүзүүгө тийиш»- деди ал.
2-декабрдагы расмий маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус 73 513 кишиге жукту, алардын 1277си каза болуп, 65 189у айыкты.
Бишкекте кафе-ресторандардын ишине байланыштуу мурда киргизилген чектөөлөр алынып, тойканалар боюнча жаңы алгоритм иштелип чыгууда. Бул тууралуу 2-декабрда шаардык кеңештин сессиясында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди:
«Эки күн мурун кол койдум. Тойканалар боюнча жаңы алгоритм иштелип чыгууда. Ашканасы кандай болушу керек, тейлөөчү кызматкерлерге кандай талап коюлушу зарыл, ПЦР-анализ канча күндө бир алынып турушу керек деген нерселер тууралуу. Кафе-ресторандардан, супермаркеттерден мурда киргизилген убактылуу чектөөлөрдү алып салдык. Супермаркеттер мурдагыдай түнкүсүн да иштей бермей болушту».
Түлөбаевдин айтымында, жазында коронавируска байланыштуу киргизилген карантин чараларынын дээрлик баары алынды, болгону мектептер жана бала бакчалар жабык турат.
Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 73 миңден ашты, алардын 24 миңден ашыгы, башкача айтканда, 33% Бишкек шаарында катталгандар.
Британия «Pfizer» менен «BioNTech» жасаган вакцинаны биринчи колдонот
Лондон жапырт эмдөөнү келерки аптадан тартып баштаганы жатат. Британия коронавирустан көп жабыркаган мамлекеттердин бири.
Британия германиялык «BioNTech» компаниясы америкалык өнөктөшү «Pfizer» менен чогуу жасаган вакцинаны колдонууга Европа Биримдиги менен АКШдан озунуп макул болду.
«Pfizer» компаниясынын башкы директору Альберт Бурла мындай чечимди «тарыхый учур» катары сыпаттады.
Ал тараткан билдирүүдө «Биз дүйнө жүзүнө жогорку сапаттагы вакцинаны чукул арада коопсуз камсыздоого умтулабыз», - деп айтылат.
Апта башында британ өкмөтү коронавируска каршы үмүт жараткан бул вакцинанын 2 миллион дозасын аларын маалымдаган.
Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок эмдөө калктын аярлуу катмарынан башталарын, буга байланыштуу даярдык көрүлүп жатканын маалымдады.
«Эгер баары ойдогудай болсо биз эмдөөнү келерки аптадан тарта баштайбыз деп айта алам. Мен бул кабарга абдан толкунданып турам. Британия алгачкылардан болгонуна сыймыктанам. Мен «Pfizer» компаниясынын окумуштууларына жана өзүмдүн командама ыраазычылык билдирем.
Алар бул багытта чоң иш жасашты. Биз эмдөөнү коронавирус үчүн өтө аярлуу катмардан баштайбыз. Биз калктын аярлуу катмарын коргогондон кийин кадимки биз көнгөн жай турмушка, жакшы көрүп-жактырган нерселерибизге кайтабыз».
Британияга вакцина «Pfizer» компаниясынын Бельгиядагы заводунан келет жана алгач 800 миң доза алынат.
Буга чейин Лондон баш-аягы жети башка фармацевтикалык компания менен эгер алардын вакцинасы натыйжалуу болсо 350 миллион дозага чейин вакцина сатып алууну макулдашкан.
Британ өкмөтү бул программанын алкагында 67 миллион жарандын көбүн эмдөөнү пландаштырып жатат.
Британия коронавирустан көп жапа чеккен өлкөлөрдүн бири. Бул өлкөдө өпкөнү сезгенткен илдетти 1,6 миллиондон ашык адам жуктуруп алып, оорудан 60 миңдей бейтап көз жумду.
«Pfizer» менен «BioNTech» компанияларынын вакцинасынын клиникалык сыноосунун акыркы жыйынтыгы өткөн айдын ортосунда жарыяланган. Анда бул препарат 95 пайыз оң натыйжа көрсөткөнү маалымдалган. Андан сырткары аялуу топко кирген улгайган адамдарды да коргой алары ырасталган.
АКШ бул вакцинаны чукул арада каттоодон өткөргөн.
Мунун алдында, шейшембиде Кошмо Штаттарындагы «Moderna» компаниясы өзү өндүргөн вакцина сыноонун соңку баскычында 94 пайыз оң натыйжа көрсөткөнүн айтып чыкты.
Мындан улам компания АКШда жана Европада чукул арада каттоого уруксат алуу үчүн тиешелүү органдарга кайрылган.
Андан сырткары Орусияда Гамалея борбору даярдаган «Спутник V» вакцинасы 90 пайыздан ашык натыйжалуу болгону кабарланган.
Британиялык «AstraZeneca» компаниясы Оксфорд университети менен чогуу даярдап жаткан вакцина ийгиликтүү болуп жатканы кабарланганы менен өткөн аптада ага кошумча сыноо жүргүзүү зарыл экени белгилүү болгон.
Дүйнө жүзүндө коронавирус болгондор 70 миллион адамга чукулдап калды. Пандемия башталгандан бери 1,5 миллионго чукул бейтаптын өмүрү кыйылды.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун эсебинде, жалпысынан дүйнөдө 150дөн ашык вакцинаны даярдоо боюнча иш жүрүп жатат жана алардын 20дан ашыгын адамдын организминде сыноо башталган.
Кыргызстанда COVID-19 жугузуп алып ооруканаларда дарыланып жаткан 2651 бейтаптын 119унун абалы өтө оор. 711 бейтаптын абалы оор, 1794ү орто оордукта, 27 кишинин ден соолугу канааттандыраарлык деп бааланууда.
Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 2-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, учурда вирус жугузуп алганы расмий аныкталган 3600 бейтап үй шартында дарыланып жатат.
Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери андан көз жумгандар 1277 адамга жетти. Расмий эсепка караганда, ооруну 73 513 киши жугузуп, 65 189 киши айыгып чыкканы кабарланды.
Вирусту аныктаган тест тапшырбай, өз алдынча дарылангандарды кошкондо илдетке чалдыккандар мындан бир топ көп болушу мүмкүн экенин айткан дарыгерлер да бар.