Америка Кошмо Штаттарында 2-декабрда коронавируска байланышкан дагы бир антирекорд катталды. COVID-19 диагнозу менен ооруканаларда жаткандардын саны 100 миңден ашты. Оорудан бир күндө 2 733 бейтап көз жумду, 200 миңдей киши илдетти жуктуруп алганы аныкталды. Бул бир аптада миллиондой кишиде вирус табылганын билдирет.
Эпидемиологдор алдыдагы 2-3 ай өлкөнүн саламаттык сактоо тармагы үчүн эң оор мезгил болорун эскертишүүдө.
Илдеттерди көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун жетекчиси Роберт Редфилддин айтымында, февралга чейин коронавирустан АКШда 450 миң киши каза болушу мүмкүн. Коронавирус 273 миң кишинин өмүрүн алып кетти.
Абал Алкыш айтуу майрамынан кийин кескин начарлады. Адистер ал күндөрү миллиондогон америкалыктар эки жакка чыкпоо, көп чогулбоо тууралуу эскертүүлөргө баш ийбей койгонун, алдыдагы Рождество жана жаңы жыл майрамдары вирустун жайылышына шарт түзөрүн белгилешет.
3-декабрда дүйнөнүн жүз чакты лидери БУУнун Башкы ассамблеясынын атайын сессиясында коронавирус менен күрөшүү, пандемиядан кийин экономиканы көтөрүү жолдорун талкуулашмакчы.
Бишкек шаарынын жетекчилиги борбор калаада коронавирус боюнча абал 10-декабрга чейин курчушу ыктымалдыгына даярдык көрүүдө. Бул тууралуу шаардык кеңештин сессиясында 2-декабрда мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.
Түлөбаев азыр Бишкекте ооруканаларда коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн үч жүзгө жакын бош орун бар экенин, эпидемиологиялык абал оору күчөгөн июль айына салыштырганда туруктуу болуп жатканын айтып, мындан аркы абал кандай өнүгөрү 10-декабрдан кийин белгилүү болорун билдирди:
“Биз эпидемиологиялык кырдаалдын курчушун 1-10-декабрь деп күтүп жатабыз. Эгер ушул темпте кетсек мындан ары да ушундай темпте кете беребиз деген оюбуз бар. Коронавирус боюнча абал Бишкекте азырынча туруктуу. Июль айында күндө 700-800 бейтап катталып, күндүзгү стационарларга 4500гө чейин кишини кабыл алдык. Бүгүн 90го жетпеген оору чыкты, бир жума мурда 168 болгон. Көрсөткүч төмөндөп баратат”.
Мэрдин милдетин аткаруучунун айтымында, эгер илдет күчөсө №1 оорукана кайра толугу бойдон коронавирусту дарылоого берилет, ал толсо №6 оорукана, эгер ал да жетпесе “Семетей” госпиталы ачылат. 1,1 миң орундуу “Семетейде” 500-600 орун даяр. Июлдагыдай кырдаал кайталанса 20га жакын күндүзгү стационар ачууга даярдык көрүлгөнү да белгилүү болду.
COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 3-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды. Бишкек шаарында үч, Ош облусунда бир өлүм катталды.
Бир күндө вирус дагы 420 кишиден жаңы аныкталды.
Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 73 933 адамды түздү. Анын 65 589 киши сакайганы айтылды. Бир күндө 400 адам ооруканалардан айыгып чыкты.
Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1281 кишиге жетти.
18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.
Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2689 бейтап стационарда, 3570 киши үй шартында дарыланууда.
Бул - вирус лабораториялык ыкма менен аныкталгандардын расмий статистикасы. Дарыгерлер анализ тапшырбай, илдетке чалдыгып үйдө жаткандар мындан көп болушу ыктымал экенин айтып келишет.
Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко БУУнун Башкы ассамблеясынын атайын сессиясында өлкөнүн COVID-19га каршы вакцинасы 100 миң кишиге сыналганын билдирди.
Аларга Гамалея атындагы институттун "Спутник V" вакцинасы сайылган. Мурашконун айтымында, препаратты иликтөө уланып жатканы - анын жигердүүлүгүн көрсөтөт.
“Чогултулган маалыматтар эмдөө өтө күчтүү антителалык жана клеткалык иммунитет жаратарын көрсөттү ”- деди министр.
Орусия бардыгы болуп үч вакцина иштеп чыкты. "Спутник V" вакцинасынан тышкары “Вектор” илимий борбору ”ЭпиВакКорона” вакцинасын ойлоп тапкан. Экөө тең сыноонун бардык баскычтарынан өтүп бүтө электе эле каттоого алынып, эл аралык жана орусиялык адистердин сынына кабылган.
Үчүнчү вакцина – Чумаков атындагы борбордун препараты. Ал азыр үч сыноонун экинчисинен өтүп жатат.
Ал эми Жамбыл облусунда наркы 7 млрд. теңгеге (16,5 млн долларга) бааланган коронавируска каршы казакстандык вакцина чыгара турган завод курулууда.
Жергиликтүү бийлик вакцина келерки жылдын март айынан тарта өндүрүлө баштарын билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы заводдо иштей турган биолог, вирусолог окумуштуулар үчүн атайын үй курулууда. Заводдо 65 киши иштемекчи.
Быйыл июнь айында Жамбыл облусунун Кордай районунда түрдүү инфекцияларга, анын ичинде коронавируска каршы вакциналарды чыгара турган заводдун курулушу башталган. Завод жылына 30-60 млн. доза коронавирус вакцинасын өндүрмөк. Андан тышкары куш тумоосу, бруцеллез, дерматит сыяктуу илдеттерге каршы вакцина чыгарылары айтылууда.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19га каршы эки казакстандык вакцинаны өз тизмесине кошкон.