Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:08

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

11:51 5.12.2020

Кыргызстанда 5-декабрга карата дагы 401 адамдан коронавирус илдети аныкталып, дагы беш киши ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, мурда ооругандардын арасынан 425 адам айыкты.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. Илдетке каршы республикалык штабдын расмий кабарына ылайык, андан бери коронавирус 74 774 кишиге жукту, алардын 1290у каза болуп, 66 538и айыкты.

Дүйнөдө бул ооруга кабылгандардын саны 66 миллионго жакындап калды. Алардын 1,5 миллиондон көбү жашоо менен кош айтышып, 42 миллиондон ашууну сакайды.

17:30 4.12.2020

«Азаттыктын» түркмөн кызматы ишенимдүү булактарына таянып бир катар аймактарда оор абалда бейтапканаларга жатып калган дарыгерлер көбөйгөнүн жазды. Марый велайетинде илдетке кабылгандар көбөйгөндүктөн экинчи оорукана карантинге жабылды. Түркмөнабаддагы көп тармактуу бейтапканадагы бери дегенде 15 кызматкер өпкөсү сезгенип ооруп калды.

Бул жагдайдан улам өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен кандайдыр бир комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Түркмөнстанда өпкөсү сезгенип ооругандар жана бул илдеттен көз жумгандар көбөйгөнү менен бийлик өлкөдө коронавирус бар экенин эмгиче бышыктай элек. Бирок бир катар катаал карантин чараларын киргизген жана коомдук жана тамактануучу жайлар, мечиттер жабылган.

Өткөн айда Ашхабад беткап боюнча эреженин сакталышына көзөмөлдү күчөткөн. Анда бул милдет алгач полиция кызматкерлерине, аткаминерлерге жана мугалимдерге жүктөлгөн. Андан кийин диний ишмерлер менен аксакалдар беткаптын пайдасын коомчулукка жайылтуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мындай талаптын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча иштерге тартыла баштаган.

15:38 4.12.2020

Казакстан 22-декабрдан тартып Орусиянын коронавируска каршы «Sputnik V» вакцинасын жасай баштайт. Бул тууралуу Ак ордонун басма сөз кызматы президент Касым-Жомарт Токаев менен премьер-министр Аскар Маминдин жолугушуусунан кийин жарыялады. Ага ылайык, алгач ушул айда эки милилон доза вакцина даярдалат.

Токаевдин басма сөз кызматы өлкөдө келерки жылдын башынан тартып жапырт эмдөө башталарын билдирди. Вакцинаны биринчи кезекте калктын аялуу катмарынын өкүлдөрү, дарыгерлер, мугалимдер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери алат.

Өткөн айда Токаев орус вакцинасын өндүрүш үчүн атайын завод куруларын билдирген. Анын алдында эки өлкө вакцина алуу тууралуу макулдашкан.

Буга чейин Нур-Султан март айынан баштап өз вакцинасын чыгарарын маалымдаган. Анда Жамбыл облусунда наркы 7 млрд. теңгеге (16,5 млн долларга) бааланган коронавируска каршы казакстандык вакцина чыгара турган завод куруу башталганы айтылган. Ага ылайык, завод жылына 30-60 млн. доза өлчөмүндө коронавируска каршы вакцина өндүрмөкчү. Андан тышкары куш тумоосу, бруцеллез, дерматит сыяктуу илдеттерге каршы вакциналар чыгарылары айтылган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19га каршы эки казакстандык вакцинаны өз тизмесине кошкон.

11:06 4.12.2020

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 4-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды. Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарында бирден өлүм катталды.

Бир күндө вирус дагы 440 кишиден жаңы аныкталды.

Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 74 373 адамды түздү. Анын 66 113 киши сакайганы айтылды. Бир күндө 524 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1285 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2635 бейтап стационарда, 3528 киши үй шартында дарыланууда.

Бул - вирус лабораториялык ыкма менен аныкталгандардын расмий статистикасы. Дарыгерлер анализ тапшырбай, илдетке чалдыгып үйдө жаткандар мындан көп болушу ыктымал экенин айтып келишет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG