Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 8-декабрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен төрт адам каза болду. Алардын үчөө Бишкек шаарында, дагы бири Ош облусунда. Жалпысынан март айынан бери көз жумгандардын саны 1 301 кишиге жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 295 адамдан табылды.
- Бишкек шаары – 68;
- Ош шаары – 10;
- Чүй облусу – 87;
- Ош облусу – 13;
- Талас облусу – 8;
- Нарын облусу – 4;
- Ысык-Көл облусу – 56;
- Жалал-Абад облусу – 34;
- Баткен облусу – 15.
Оору жуккандардын жалпы саны 75 690 адамга жетти.
Бир күндө 473 бейтап сакайып чыгып, оорудан айыккандардын саны 67 873 киши болду. Ушул күндөрү ооруканада 2 426 адам жатат. Алардын ичинен 35 бейтаптын абалы канаттандырарлык, 1 687 кишиники орто оор, 598 адамдын абалы оор деп бааланууда. Штаб 106 бейтаптын абалы өтө оор экенин кабарлады. Дагы 3 256 киши үйдөн дарыланууда.
Бул - вирус лабораториялык ыкма менен аныкталгандардын расмий статистикасы. Дарыгерлер анализ тапшырбай, илдетке чалдыгып үйдө жаткандар мындан көп болушу ыктымал экенин айтып жүрүшөт.
Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Августта өлүм учурлары катталбай калган. Сентябрдан тартып каза болгондор кайра катталып жатат.
Кыргызстанда 6-декабрга карата дагы 328 адамдан коронавирус илдети аныкталып, беш киши ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, мурда ооругандардын арасынан 455 адам айыкты.
Жаңы аныкталган учурлар:
-Бишкек шаары - 122;
-Чүй облусу - 87;
-Ысык-Көл облусу – 48;
-Баткен облусу - 17;
-Жалал-Абад облусу – 13;
-Ош облусу - 12;
-Талас облусу - 12;
-Ош шаары – 11;
-Нарын облусу – 6.
Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. Илдетке каршы республикалык штабдын расмий кабарына ылайык, андан бери коронавирус 74 973 кишиге жукту, алардын 1295и каза болуп, 66 993ү айыкты.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 6-декабрга карата дүйнөдө бул ооруга кабылгандардын саны 66 миллион 500 миңден ашты. Алардын 1,5 миллиондон көбү жашоо менен кош айтышып, 43 миллиондой адам сакайды.
Москвада коронавируска каршы эмдөө башталды. "Спутник V" препараты менен акысыз эмдөө күнүгө шаардык бейтапканаларда болот.
"Азаттыктын" орус кызматы кабарлагандай, алгач эмдөөгө билим берүү, социалдык камсыздоо, саламаттык тармагынын 18ден 60 жашка чейинки, өнөкөт оорулары жок, кош бойлуу эмес жана бала эмизбеген адистери жазылат.
Москва мэриясы 5-декабрда кабарлагандай, алгачкы беш саатта эле эмдөөгө 5 миң адам жазылды.
Орусиянын академик Николай Гамалея атындагы улуттук эпидемиология жана микробиология институту сыноо деңгээлинде өндүрүп жаткан "Спутник V" вакцинасы 90 пайыздан ашык натыйжалуу болгону кабарланган.
"Медуза" басылмасы "Sputnik V" вакцинасынын экинчи компонентинин жоктугу жапырт эмдөөдө маселе жарытышы мүмкүн экенинжазган.
5-декабрдагы маалыматка ылайык, Орусияда соңку бир суткада 28 782 адамдан коронавирус аныкталды. Бир күндө 508 адам көз жумду.
Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 2,5 миллионго жакындап калды. Алардын 42 миңден көбү көз жумду.
Орусиядан тышкары, АКШ жана Британия да коронавируска каршы вакцина чыгарып, каттоо жараянында турат.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
- Бишкек - 99
- Ош - 20
- Чүй облусу – 133
- Ош облусу - 22
- Талас облусу - 15
- Нарын облусу - 2
- Ысык-Көл облусу – 45
- Жалал-Абад облусу – 39
- Баткен облусу - 26
Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 401
COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары:
- Бишкек – 5
- Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 5
- Жалпы: 1290