Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:11

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

11:44 9.12.2020

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 322 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен эки адам каза болду. Бул тууралуу 9-декабрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.

Каза болгондордун бири - Бишкектин, бири - Ош облусунун тургуну.

Жаңы катталгандардын көбү Чүй облусуна (104) жана Бишкек шаарына (83) туура келет. Ош шаарында жана калган облустарда 5-10дон, айрымдарында 30-40тан катталды.

9-декабрга карата соңку бир күн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 494 адамды түздү.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 76 012 кишиге жукту. Анын 68 367 айыкканы айтылды. Вирустан 1303 адам кайтыш болду.

Учурда 2370 бейтап стационарда, 3128 киши үй шартында дарыланууда.

14:15 8.12.2020

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова сентябрь айында жетиден 17 жашка чейинки жаштагы 48 баладан коронавирус табылганын айтты.

Бул сан октябрь айында 315ке жетип, 6,5 эсе көбөйгөн. Ал эми 1-декабрга карата 320 баладан вирус чыкты.

«Мектепке баруу менен байланышкан бир да учур катталган эмес, бардык учурлар үй шартындагы абалга байланыштуу болгон», - деди Акматова.

Ошондой эле оору эң көп 65 жаштан жогору адамдар арасында да катталууда, башкача айтканда 100 миң калкка 1 560 учур туура келет.

COVID-19 илдетине байланыштуу Кыргызстанда мектептер, жогорку, орто окуу жайлары менен бала бакчалар 2020-жылдын 20-мартынан тартып аралыктан иштөөгө өткөн. Абал турукташкан айрым аймактарда кээ бир класстын окуучулары кадимки режимде окуй баштады.

Кыргызстанда 8-декабрга карата коронавирус жуккандардын жалпы саны 75 690 адамга жетти. Анын ичинен 1 301 киши каза болду. Оорудан 67 873 киши айыкты.

13:57 8.12.2020

11:56 8.12.2020

Кыргызстанда коронавирус жуккан медициналык кызматкердин 608ине 200 миң сомдон кенемте төлөнүп берилди. Бул тууралуу 8-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Анын сөзүнө караганда, андан тышкары COVID-19 вирусун жумуштан жугузуп алып каза болгон медицина кызматкерлеринин арасынан 30нун үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон кенемте төлөндү.

«Учурда дагы 148 саламаттыкты сактоо кызматкерине жана каза болгон эки медициналык кызматкердин үй-бүлөсүнө компенсация төлөө үчүн документтер даярдалууда», - деди Акматова.

8-декабрга карата дагы алты медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаары менен Чүй облусунда экиден жана Жалал-Абад менен Ош облусунда бирден дарыгер.

Бир суткада стационардан төрт, үй карантининен 12 медкызматкер айыгып чыгарылды. Кыргызстанда COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3 986 учур катталды, алардын ичинен 3695 медкызматкер сакайды.

Өлкөдө вирус жуккандардын жалпы саны 75 690 адамга жетти. Анын ичинен 1 301 киши каза болду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG