- автор Элиза Кененбаева
Вакцина өндүрүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы орунда турган Индия коронавирус пандемиясын ооздуктоо боюнча глобалдык күрөшкө киришүүгө даярданууда.
Индия дүйнөдө өндүрүлгөн вакцинанын 60% чыгарат. Жергиликтүү ишканалар азыртадан эле COVID-19 илдетине каршы ойлоп табылган, баасы боюнча көптөргө жеткиликтүү болот деп саналган "AstraZenecа" компаниясынын “Ковишилд” деп аталган вакцинасын өндүрүүгө даярданып жатат. Андан тышкары дагы сегиз компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
"Азыркы күндө Индия вакцинаны өндүрүү боюнча маанилүү өлкөлөрдүн бири. Албетте биздин да атаандашыбыз бар. Ал Кытай. Вакцинаны ири масштабда өндүрүү боюнча Индия эбегейсиз мүмкүнчүлүккө ээ", –деди Индиядагы Серум институтунун аткаруучу директору Суреш Жадхав.
Бул институт вакцина өндүргөн дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири катары эсептелет. Мекеме “АстраЗенека” компаниясынын 50 миллион дозасын даярдап, бөтөлкөлөргө куюп койду. Качан гана бул вакцина менен адамдарды эмдөөгө уруксат берилгенде жайылта баштайт.
Жалпысынан аталган институт эмдиги жылдын июль айына чейин “Ковишилд” вакцинасынын 400 миллион дозасын өндүрүүнү көздөп жатат.
Ошондой эле өндүрүш мүмкүнчүлүгүн жылына 1 миллиард доза препарат өндүрө ала тургандай кылып, кубаттуулугун жогорулатууда.
Ал арада дары-дармектин тышкы кагазын даярдаган "Schott Kaisha" компаниясы вакцина куя турган бөтөлкөлөрдү чыгарууга камданып жатат.
Индияда өндүрүлгөн алгачкы вакциналардын партиясы өлкө ичинде эле колдонулары күтүлүүдө. Анткени коронавируска кабылгандардын саны боюнча Индия АКШдан кийинки эле экинчи орунда турат. 1,3 миллиард калкы бар өлкөдө инфекция жугузгандардын саны 10 миллионго чукулдады.
Азырынча өкмөт башчы Нарендра Моди анын өкмөтү канча доза вакцинага буйрутма берерин так айта элек. Бирок, Саламаттык сактоо министрлиги калкты эмдөөгө жакынкы бир нече аптада уруксат берилерин билдирди.
Ал эми өз вакцинасын ойлоп тапкан Индиядагы "Bharat Biotech" компаниясы өкмөттөн эмдөөгө уруксат сурап кайрылып, Түштүк Америка, Азия жана Чыгыш Европадагы ондой мамлекет менен өз продукциясын сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Орусия "Sputnik V" вакцинасын өндүрүү жана экспорттоо боюнча индиялык компаниялар менен келишим түздү.
Ал эми Индиядагы "Hindustan Syringes" компаниясы кийинки жылдын жарымына чейин өндүрүш кубаттуулугун жогорулатып, 1 миллиард даана шприц чыгарууну көздөп жатат.
Ушул убакка чейин аталган компания 140 миллион даана шприц чыгарган.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
- Бишкек - 113
- Ош - 10
- Чүй облусу – 45
- Ош облусу - 18
- Талас облусу - 13
- Нарын облусу - 6
- Ысык-Көл облусу – 69
- Жалал-Абад облусу – 33
- Баткен облусу - 20
Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 327
Жалпы: 76718
COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары:
- Жалал-Абад облусу – 1
Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 1
Жалпы: 1307
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 379 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен үч адам каза болду. Бул тууралуу 10-декабрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.
Каза болгондор Бишкек шаарынын, Ош облусунун жана Талас облусунун тургундары.
Жаңы катталгандардын көбү Бишкек шаарына (120) жана Чүй облусуна (98) туура келет. Ош шаарында жана калган облустарда 10-20дан, айрымдарында 80ден катталды.
9-декабрга карата соңку бир күн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 527 адамды түздү.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 76 391 кишиге жукту. Анын 68 894 айыкканы айтылды. Вирустан 1306 адам кайтыш болду.
Учурда 2305 бейтап стационарда, 3041 киши үй шартында дарыланууда.