Коронавирус пандемиясынан улам Сауд Арабиясы быйылкы ажылык зыяратка чет элдиктерди киргизбейт. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра иштери министрлигинин маалыматына таянып жазды.
COVID-19 вирусунан улам март айында умра зыяратына да тыюу салынган. Жылына дүйнөнүн 180 мамлекетинен миңдеген мусулмандар ажылыкка барышат.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажылыкты чектөөгө байланыштуу азырынча Сауд Арабиясынан расмий кат келе электигин билдирди. Кат келери менен Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб зыяратка барам дегендерге маалымдайт.
Муфтияттын маалыматына ылайык, учурда Кыргызстандан ажылыкка барам деп каттоого тургандардын саны 9500 чамалуу.
Сауд Арабиясы Кыргызстанга былтыр 6110 кишилик орун бөлгөн. Ажылык сапардын акысы 3350 доллар болгон.
- автор Элеонора Бейшенбек кызы
COVID-19: АКШда 120 миңден ашык киши жан берди
Соңку күндөрү АКШнын 23 штатында өпкөнү сезгенткен вируска чылдыккандар көбөйдү. Техас, Аризона, Жоржия, Флорида баштаган бир катар штаттарда ооруканага түшкөндөр көбөйдү жана бул өз кезегинде илдеттен көз жумгандар дагы арбышы ыктымал деген кооптонууга негиз болду.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу соңку көрсөткүч АКШда акыркы 1,5 айдан берки карантин чараларын жумшартуу аракети оорунун жайылышын шарттайт деген божомолдорду бекемдей баштады.
Техастын губернатору Грег Эббот коронавирус болуп көрбөгөндөй тездик менен жайылып жатканын эскертти. Бирок губернатор Техаска кайрадан карантин киргизүү акыркы чара болорун айтып, жарандарды санитардык эрежелерди сактоого чакырды:
«Азыр COVID-19 Техаста болуп көрбөгөндөй ылдамдык менен жайылып жатат жана бул басаңдашы керек. Бизде оорунун жайылышын токтотуу боюнча бир канча ыкма бар. Бардык техастыктар буга чейин колдонулган эрежелерди сакташы керек. Үйдө болгула, колуңарды жууп тургула, аралыкты сактагыла, эгерде коопсуз аралыкты сактабасаңар беткап тагынгыла».
Убагында АКШда оорунун очогуна айланган, дээрлик 22 миңдей бейтап ажал тапкан Нью-Йоркто дүйшөмбүдөн тартып карантин чараларын жумшартуунун кезектеги баскычы башталды. Ага ылайык, штатта соода жайлары, жайкы террасасы бар ресторандар, чачтарачтар ачылды жана айрым кеңсе кызматкерлерине жумушка барууга уруксат берилди.
Мунун алдында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму оору жуккан учур эң чоң көрсөткүчкө жеткенин билдирген. Уюмдун чукул кырдаалдар боюнча директору Майк Раян эл жыш жашаган аймактарда оору тездик менен жайылышы ыктымал экенин белгилеп, коронавируска кабылгандардын көбөйүшү тест алуунун эле жыйынтыгы эместигин айткан:
«Менимче, АКШнын айрым штаттарында оору кайрадан жайыла баштады. Мен бейтаптардын жаш курагы тууралуу азырынча 100 пайыз ынанымдуу айта албайм, бирок алардын арасында жаштар көбөйгөнү тууралуу баяндамаларды көрдүм».
Ушул тапта оору Пакистанда, Индияда жана Латын Америкасында, айрыкча Бразилияда кеңирип жайылып жатат. Буга карабай Рио-де-Жанейродо пляждарга жык-жыйма адамдар чогулду. Оорунун очогуна айланган бул өлкөдө өпкөнү сезгенткен вирустан ажал тапкандар 51 миң бейтаптан ашты.
Бир катар мамлекеттер өз экономикасын батырак калыбына келтирүү максатында санитардык талаптарды сактоо шарты менен карантин чараларын жумшартууну улантууда.
Кытай бийлиги Бээжиндеги тамак-аш сатылган ири базарда оорунун жаңы очогу катталгандан бери коронавируска каршы чараларын күчөтүп жатат. Дүйшөмбүдө баш калаада айрым чектөөлөр кайрадан киргизилди жана жарандардан жапырт тест алынып жатат.
Дүйнө жүзү боюнча өпкөнү сезгенткен вируска кабылгандар тогуз миллион адамдан ашты. Бул илдет 471 миңден көп бейтаптын өмүрүн кыйды.
Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди узатуу учурунда сүрөткө беткапсыз түшкөндөрдүн ичинен 28 адамга айыппул салынды. Бул тууралуу 23-июнда “Азаттык” радиосуна Бишкектин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча борборунун жетекчи орун басары Мира Курманова билдирди:
"“Бузуулар жөнүндө” кодекске ылайык 28 протокол түзүлгөн. Ар бирине 5 миң сомдон. Протоколдор тапшырылган. “РСК-банкка” төлөшөт. Дүмүрчөктөрдү азырынча алып келише элек”.
Мекеменин маалыматына караганда, айыппул салынгандар арасында мурдагы жана азыркы өкмөт башчылар Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубатбек Боронов, вице-премьер-министрлер жана өкмөттүк аппараттын бөлүм башчылары бар.
Мурдагы премьер-министр Абылгазиевди узатып жатып өкмөт үйүнүн алдында түшкөн жамааттык сүрөт социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан. Айрымдар сүрөттөгү экс-премьер-министр баш болуп вице-премьерлер жана башка жүзгө чукул кызматкердин биринде да беткап жоктугун жана коопсуздук аралыгы сакталбаганын сынга алышкан.
Өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов бардык кызматкерлер күн сайын ишке киришер алдында дене табы текшерилип, тиешелүү көзөмөлдөн өтөрүн, аппаратта санитардык талаптар бекем сакталарын “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирген.
19-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавируска кайдыгер мамиле күч алганын белгилеп, өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, беткапсыз сүрөткө түшкөнү илдетке каршы күрөшүүдөгү аракеттерди текке кетиргенин айтып, сындаган.
Боронов "Бир сүрөт алты айлык ишибизге көлөкө түшүрдү" деген.
Сербиялык белгилүү теннисчи Новак Жокович коронавируска чалдыкканын билдирди. Билдирүүдө спортчунун аялы да вирусту жугузуп алганы, балдарынын анализдери жакшы чыкканы айтылат.
Буга чейин хорватиялык Борна Корич, болгариялык Григор Димитров жана сербиялык Виктор Троицки өткөн жумада Жокович уюштурган "Adria Tour" мелдешине катышкандан кийин ооруп калганы кабарланган.
Турнирдин 21-июнга белгиленген финалы Димитров вирус жугузуп алгандан кийин болбой калды.
Жокович мелдешти уюштурууда санитардык нормаларды сактабагандыгы, Белграддагы беттешүүлөрдөн кийин майрамдык кече өткөргөндүгү үчүн сынга кабылган. Ошол эле маалда Сербия жана Хорватия карантиндик чектөөлөрдү жумшарткандыктан, жергиликтүү мыйзамдар бузулган эмес.