Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавируска 4196 адамдын анализи алынып, алардын арасынан илдет жуккан 207 адам катталды. Бул тууралуу 24-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 92 адам. Ош шаарында 43, Чүй облусунда 35, Ош облусунда 28, Нарын облусунда беш, Ысык-Көл облусунда эки жана Жалал-Абад, Талас облустарында бирден адам.
Бир суткада бул илдеттен бир адам каза тапты. 48 жаштагы бейтап Ошто облус аралык ооруканада дарыланып жаткан.
Коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 28 бейтап айыгып, акыркы сутка ичинде үйүнө чыкты.
Жалпысынан 18-марттан 24-июнга чейин өлкөдө коронавирус 3726 адамдан табылды, алардын ичинен 42 бейтап кайтыш болду, 2082 бейтап айыгып кетти. (RK)
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Москвадагы парадга ардактуу конок катары катыша алган жок.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Москвага учуп барганда кыргыз делегациясы коронавируска анализ тапшырып, экөөнүкү таза эмес болуп чыкты.
Президенттин расмий сайтында жарыяланган маалыматка караганда, "Алгоритмге ылайык, президент Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуудан карманды. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды".
24-июнда президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Москвадан кайткандан кийин үч күн обочолонууда болорун билдирди.
Анын айтымында, анализинен коронавирус чыккан эки кызматкер 14 күнгө обочолонот. Алар менен Москвага чогуу учуп барган президент жана башкалар анализ тапшырып, жыйынтыгы чыкканча болжол менен үч күн өзүнчө болушат.
Стамалиева кыргыз делегациясынын мүчөлөрү Москвага учар алдында COVID-19га анализ тапшырганын, баарыныкы таза чыкканын кошумчалады.
Бүгүн Москванын Кызыл аянтында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад өттү. Ага бир катар өлкө лидерлери чакырылган, айрымдары баруудан баш тартышкан.
Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы Москвага 23-июнда учуп барган.
Парадга Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын жоокерлери катышты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурган экс-депутат Каныбек Осмоналиев абалы начарлап, коронавируска анализ тапшырды.
Мекеменин басма сөз кызматы 24-июнда кабарлагандай, шейшемби күнү ага "Тез жардам" чакыртылган:
"Учурда Осмоналиевдин абалы канааттандырарлык. Ага тиешелүү медициналык текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен дарылануудан өтүүдө. Ошондой эле Осмоналиев COVID-19га карата ПЧР анализ тапшырды".
Маалыматта УКМК кызматкерлери өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу тиешелүү медициналык текшерүүдөн тынымсыз өтүп жатканы белгиленди.
Парламенттин мурдагы депутаты Осмоналиев быйыл 2-мартта Бишкекте камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо боюнча митингди алып барган. Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда чогулгандар менен милиция кагылышкан. 170ке жакын адам кармалып, Осмоналиев менен кошо дагы үч кишини камакка алынган.
АКШ өкмөтүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү өлкөнүн бардык аймагында коронавирус кеңири жайылып жатканынан улам тынчсыздануусун билдиришүүдө.
Аллергия жана инфекциялык оорулар боюнча улуттук институттун жетекчиси Энтони Фаучи эпидемияны ооздуктоо үчүн алдыдагы эки жумада болгон аракет көрүлүшү керектигин белгиледи. Ал өлкө коронавирустун алгачкы толкунан чыга электигин эскертти.
АКШда ушул тапта күн сайын оору жуккан 30 миңдей учур катталып жатат. Карантин чаралары киргизилген маалда бул көрсөткүч 20 миңге чейин төмөндөгөн.
Шаршембиге карай Кошмо Штаттарда коронавирусту 2 миллион 347 миңден көп киши жугузуп алды, COVID-19дан каза болгондордун саны 121 миңден ашты.
Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнө жүзүндө коронавируска кабылгандар 9,2 миллион адамдан көп, илдет 474 миңден ашык бейтаптын өмүрүн кыйды.
Европада бул оорудан көз жумгандардын саны 193 миңдей адамды түзөт жана өлкөлөр биренин аркасынан бири карантин чараларын жумшартып жатат.
Ал арада "New York Times" гезити Еврошаркет АКШдан келген-кеткендерди чектеши мүмкүн экенин жазды.
Ушу тушта илдеттин очогуна айланган Бразилияда коронавирус жугузуп алгандар 1,1 миллион адамдан ашты, бул илдеттен 51 миңден көп бейтап өлдү. Өлкөнүн федералдык соту бардык расмий адамдарды, анын ичинде президент Жаир Болсонаруну коомдук жайларда беткап кийүүгө милдеттендирди.
Коронавирус пандемиясынан улам эл жыш жашаган Индия менен Пакистанда да жагдай оор. Бул мамлекеттерде ооруканаларга бейтаптар батпай, саламаттык сактоо тармагында олуттуу кыйынчылыктар жаралды.