Омбудсмен аппаратынын дагы бир кызматкеринен COVID-19 илдети аныкталганын басма сөз кызматы маалымдады. Учурда илдет жуктуруп алган инспектор обочолонууга кетти.
Маалыматка караганда, буга чейин аппараттын бөлүм башчыларынын биринен коронавирус аныкталган. Тазалык жана коопсуздук чаралары көрүлгөн. Айрым кызматкерлер аралыктан иштеп атышат.
"Кыргыз Респубикасынын омбудсмени жөнүндө" мыйзамга ылайык, Акыйкатчы институту өзгөчө абал же аскердик абал жарыяланган учурда деле ишти токтотпойт. Омбудсменге арыз-муң менен кайрылчу кишилер 115 ыкчам номуруна байланышса болот.
Соңку күндөрү өлкөдө парламент, президенттик аппарат баштаган бир нече мамлекеттин органдардын кызматкерлеринен коронавирус аныкталды.
“О” уюлдук операторунун сайтында ишкананын коронавирус аныкталган төрт кызматкери обочолонууга алынганын жазды.
Саламаттык сактоо министрлигинин талабына ылайык, илдет аныкталгандар менен байланышта болгон кызматкерлер анализ тапшырып жатышат.
Компаниянын сайтында жазылган маалыматка ылайык, ишкананын көпчүлүк кызматкерлери аралыктан иштеп жатышкан. “Нур Телеком” компаниясы кардарларды тейлөөчү бардык бөлүмдөрдө санитардык эрежелер сакталганын кабарлады. Буга чейин үйдөн иштеп жаткан компаниянын бир кызматкеринен коронавирус аныкталган. Учурда ал бейтап сакайып кеткени айтылды.
Июнь айынын ортосунда “Мегаком” жана “Билайн” компанияларынын кызматкерлеринен коронавирус чыккан.
Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация 24-июнда Орусиянын Москва шаарынан кайтып келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Санитардык-эпидемиологиялык алгоритмге ылайык, делегация мүчөлөрү коронавирус инфекциясына кайрадан анализ тапшырышты. Президент баш болуп алардын бардыгынын анализдери чыкканга чейин үч күн өз алдынча обочолонууда болушат. Анализинен илдет аныкталгандар 14 күн обочолонууга алынды.
24-июнда Москвада Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган майрамдык парад өттү. Ага катышуу үчүн Бишкектен президент баштаган делегация жөнөп кеткен. Параддан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү планга ылайык өтүштү, бирок Жээнбеков ардактуу конок катары бул иш-чарага катышкан жок.
Себеби, Москвадан текшерилгенде президенттик аппараттын эл аралык бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана бир жансакчыдан коронавирус табылганы расмий айтылды.
Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери бул илдетке чалдыккандардын эң көп саны - 228 адам катталды. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 25-июнда билдиргендей, бир суткада 4160 кишинин анализи текшерилип, анын 228инен коронавирус табылды.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 113 адам. Ош шаарында 32, Ош облусунда 31, Чүй облусунда 24, Ысык-Көл облусунда 12, Жалал-Абад облусунда 10, Талас облусунда үч, Баткен облусунда эки жана Нарын облусунда бир адам.
Коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 30 бейтап айыгып, акыркы сутка ичинде үйүнө чыкты.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бүгүнкү күндө коронавируска чалдыгып, ооруканага түшкөндөрдүн 42синин абалы оор экенин билдирди. Анын айтымында, 12 бейтап реанимацияда жатат:
"Бүгүнкү күндө стационарда 635 бейтап дарыланууда. Анын 42си оор абалда, 12си жандандыруу бөлүмүндө. 213ү орточо абалда. 380инин абалы канааттандырарлык".
Ошону менен катар оорунун белгилери байкалбаган 1164 адам үй шартында обочолонууда.
Соңку бир сутка ичинде коронавирустан Кыргызстанда дагы бир адам каза болуп, бул көрсөткүч 43кө жетти. Жаңы катталгандар – 228 адам.
Жалпысынан 18-марттан 25-июнга чейин өлкөдө коронавирус 3954 адамдан табылды, алардын ичинен 43 бейтап кайтыш болду, 2112 бейтап айыгып кетти.