Президенттин кеңсеси жана парламент жайгашкан имаратты карантинге жабуу маселесин комиссия чечет. Бул тууралуу 25-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Онлайн брифинг учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал:
“Бүгүнкү күндө жалаң гана Ак үйдө эмес, башка мекемелерде да илдет тастыкталган учурлар катталып жатат. Ошондуктан санитардык нормаларды туура сактап, мамлекеттик кызматкерлер аралыктан иштөөгө өтүүдө. Ак үйдү карантинге жабуу тууралуу чечимди пленардык отурумда комиссия карайт”.
24-июнда президенттик аппаратта иштеген эки адамдан коронавирус табылганы алар Москвага мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековду коштоп барганда аныкталды. Ага чейин Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана төрт кызматкеринен вирус табылган.
Жалпысынан 18-марттан 25-июнга чейин өлкөдө коронавирус 3954 адамдан табылды, алардын ичинен 43 бейтап кайтыш болду, 2112 бейтап айыгып кетти.
Москвага барып келген расмий делегациянын курамындагы эки адамдан коронавирус тастыкталды, президенттин анализи таза чыкты. Бул тууралуу 25-июнда мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 24-июнда Москвадан келери менен баары тең кайрадан тест тапшырышты:
“Мамлекет башчынын анализинин жыйынтыгы таза чыкты. Президент Сооронбай Жээнбеков обочолонууну улантат жана ишин аралыктан жүргүзөт. Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматкеринен коронавирус инфекциясы тастыкталды. Аларда илдет белгилери жок өтүп жаткандыктан бүгүнтөн тарта үйдө обочолонуу шартында дарыланышат”.
Делегациянын калган мүчөлөрүнүн жана аларды коштоп баргандардын кайрадан тапшырган анализи таза чыкты. Алар да обочолонуу шартында болууда.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 25-июндагы онлайн брифингде Москвадан кайткан экөө ооруканага жаткырылганын айткан:
“Диагнозу тастыкталган экөө Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Калгандарын обсервацияга алдык. Оорунун инкубациялык мөөнөтү 14 күн. Делегациянын мүчөлөрү үч күн обочолонууда болот. Клиникалык белгилерине карап, кайра анализ тапшырат. Таза болсо, жумушка чыгат”.
“Азаттык” маалыматты тактоо үчүн президенттик аппаратка кайрылып, Сыдыков жана күзөт офицери ооруканада эмес, үй шартында дарыланып жатышканын билди.
23-июнда президент Жээнбеков баштаган расмий делегация Орусиянын борбору Москвага Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата майрамдык парадга катышуу үчүн барган. Бирок делегация курамындагы эки адамдан коронавирус табылып, мамлекет башчысы майрамдык иш-чараларга катышпай калган.
Жогорку Кеңештин депутаттары арасынан коронавирус табылгандары төртөө. Соңку маалымат ушундай экенин 25-июнда парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.
Ал "Фейсбуктагы" жеке баракчасына жазганына караганда, Жогорку Кеңеш аппаратынын төрт кызматкери да учурда вирустан дарыланып жатат:
"Дагы эки ЖК депутатынан COVID-19 аныкталды. Баары төрт депутат, төрт аппарат кызматкери дарыланууда. ПЦР-тест тапшыруу иштери уланууда".
Төрт депутат ким экени айтылган жок. Бирок өткөн аптада Бейшеналы Нурдиновдон бул илдет аныкталганы белгилүү болгон. Бакыт Төрөбаев да жуктуруп алганы айтылган, бирок маалымат расмий тастыкталган эмес.
Ибраим Нуракун уулу өзү да коронавирустан дарыланып, Чүйдөгү ооруканада жатат.
Парламент жана президенттик аппарат орун алган имаратта 20-июнда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн. Парламенттеги аппарат кызматкерлери, басма сөз кызматында иштегендердин баары жана Жогорку Кеңештин депутаттары анализ тапшырышкан.
Имаратты карантинге жабуу маселесин комиссия чечерин 25-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
АКШда соңку бир күндүн ичинде коронавирус дагы 34,7 миңден ашык адамдан катталды жана бул апрель айынын аягынан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды.
Мындай жагдайдан улам Нью-Йорк, Нью-Жерси жана Коннектикут штатынын губернаторлору оору көбөйүп жаткан сегиз штаттан, тактап айтканда, Алабама, Арканзас, Флорида, Түндүк Каролина, Түштүк Каролина, Техас жана батыштагы Аризона менен Ютадан келгендерди 14 күндүк карантинге алууну чечти.
Оору очогуна айланган Техаста акыркы эки аптанын ичинде ооруканага жаткырылган бейтаптардын саны эки эсеге, ал эми өпкөнү сезгенткен вирусту жугузуп алган адамдардын саны үч эсеге көбөйдү. Штаттын губернатору Грег Эбботт тургундарды үйдө болууга чакырды.
Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен вирустан 480 миңден ашык бейтап жан берди. Ооруга кабылгандардын жалпы саны 9,3 миллиондон ашты.