Бүгүн, 26-июнда БШКнын курамы коронавируска каршы ыкчам штабдын өкүлдөрү менен чогуу Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңешке шайлоо маселесин талкуулайт. Алдын-ала маалыматтарда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шайлоо өнөктүгүнүн убактысын жылдыруу да талкууланаары айтылууда.
Өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо белгисиз мөөнөткө убактылуу жылдырылган.
Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтүшү керек. (Толук маалымат бул жерде)
Кыргыз өкмөтү өлкө аймагында коронавируска байланыштуу кайрадан өзгөчө абал жарыялоонун кажети жок деп эсептейт. Бул тууралуу 26-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифингде билдирди:
“Премьер-министр Кубатбек Бороновдун жетекчилиги менен чогулуш өтүп, эч кандай өзгөчө абал киргизүүнүн кажети жок деп, бирок бир канча тапшырма берилди. Биринчиден, мамлекеттик органдарда да көп учур катталганына байланыштуу кызматкерлерин болушунча үйүндө, башкача айтканда, аралыктан иштөөгө өткөрүүнү караштыруу. Экинчиден, жергиликтүү администрацияларга, айрыкча Бишкектин жана Оштун мэрияларына базарларда, соода түйүндөрүндө жана башка эл көп барчу жерлерде көзөмөлдү күчөтүү”.
Кыргызстанда соңку күндөрү коронавируска чалдыккандардын саны азайбай жатат. Бишкек мэриясынын өкүлү эгер абал жакшырбаса кайрадан өзгөчө абал киргизилиши мүмкүн экенин айткан.
Кыргызстанда анализинен коронавирус табылбаган, бирок клиникалык белгилери боюнча окшош дартка чалдыккандар үчүн кошумча орундар ачылууда.
26-июндан тартып Чүйдүн Воронцовка айылындагы Курортология жана калыбына келтирип дарылоо боюнча кыргыз илимий-изилдөө институтунда 300дөн ашуун орун ачылганын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Соңку күндөрү бул илдетке чалдыккандардын саны көбөйүү жагында баратат. Өкмөт абал айрыкча Бишкекте оор экенин белгилөөдө. (толук маалымат бул жерде)
Бишкектин “Тез жардам” кызматына кайрылгандардын арасынан өпкөсү кагынган (пневмония) адамдардын саны соңку күндөрү кескин көбөйдү. Бул тууралуу 26-июнда “Азаттык” радиосуна Ыкчам медицина борборунун (“Тез жардам”) жетекчиси Искендер Шаяхметов билдирди.
Анын айтымында, жай мезгилинде мындай диагноз менен кайрылгандар такыр катталчу эмес, башка убактарда бир күндө ашып кетсе үч учур болчу:
“Пневмония 24-июнда 57 болчу, кечээ, 25-июнда 48 болду. Биз пневмония деп жатабыз, бирок өлкөнүн башкы пульмонологу коронавирус болгондо ошентет деп айтып жатат. Адатта пневмония суткасына бир-эки, ашып кетсе үч киши болчу. Жайында такыр жок болчу да! 1,5 ай мурда суткасына беш-алты учур каттала баштаганда ооруканаларда кошумча орундарды ачуу керектигин айтып, Саламаттык сактоо министрлигине кайрылгам”. (Толук маалымат бул жерде)