Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:24

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

16:47 26.6.2020

Илдеттин алдын-алуу жана көзөмөлдөө борборунун маалыматына ылайык, шаршембиден бейшембиге чейин АКШда коронавирус жугузуп алгандардын саны дагы 37 миңге көбөйдү.

Мындан улам Техастын губернатору карантиндик чектөөлөрдү алууну токтотууга аргасыз болду.

Штатта ошондой эле дээрлик эки жумадан бери ооруканаларга жаткандардын саны көбөйдү. Губернатор Грег Эбботт орун тартыш болбосун деп пландуу операцияларды токтото турууну чечти.

29 миллион калкы бар Техас жана башка бир катар штаттарда эпидемия башталганда COVID-19ду жугузуп алгандар бүгүнкүдөн аз болчу. Орегон жана Ютанын жетекчилери да чектөөлөрдү алуу азырынча эрте экенин жарыялашты.

Оору тез жайылып жаткан 40 миллион калкы бар Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом бюджет тартыштыгына байланыштуу чукул кырдаал жарыялады.

Бейшембиде бир суткада штатта вирус жугузуп алган 5 миң 350 киши аныкталды. Анын алдында 7 миң 149 болчу, бирок ооруканаларга кайрылгандар кескин көбөйгөн.

Акыркы жумаларда өлкөнүн батыш жана түштүк бөлүктөрү инфекциянын очогуна айланды. Ал эми буга чейин эпидемиянын чордону болуп келген Нью-Йоркто өлгөндөрдүн саны азайды.

Дүйнөдө COVID-19 инфекциясы 10 миллионго жакын кишиге жукту. 480 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылган Латын Америкада пандемия туу чокуга жетип турган кез.

Бразилияда көз жумган бейтаптардын саны 55 миңге жакындады, инфекцияны алып жүргөндөр 1 млн. 200 миңдин айланасында. Мексикада илдеттен өлгөндөрдүн саны 24 миңден ашты.

Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Европадагы кырдаал толугу менен жакшырды деп айтууга эрте экенин эскертти.

Уюмдун аймактык директору Ханс Клугенин айтымында, европалык 11 өлкөдө коронавирустун жайылуу көрсөткүчү тез өскөндүктөн “тиешелүү чаралар көрүлбөсө, эпидемия кайрадан кеңири жайылып, саламаттык сактоо системаларына күч келет”.

Лиссабондун айрым бөлүктөрүндө, Германиянын эки чөлкөмүндө экинчи ирет карантин киргизилди.

Иранда 25-июнда COVID-19дан каза тапкандардын саны 10 миң кишиден ашты. Бир жума катары менен өлгөндөрдүн саны күнүнө 100дөн көп болуп жатат.

Ал эми вирустун алгачкы очогу болгон Кытайда бийлик Бээжиндеги эпидемия көзөмөлгө алынганын билдирди. Борбор калаада инфекция жугузгандардын көбөйүшү экинчи толкун башталышы мүмкүн деген чочулоого жем таштаган.

17:57 26.6.2020

Өзгөчө абал режимин кайрадан киргизүү өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал өтө начарлап кетсе көрүлө турган акыркы чара болот. Бул тууралуу 26-июнда өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын жыйынында сүйлөп жатып Боронов өкмөт андай чарага барбоо үчүн колунан келген аракетин көрөрүн айтты. Ар бир адам санитардык талаптарды так аткарса, карантин киргизүүнүн зарылчылыгы болбой турганын белгиледи.

Өкмөттүн маалыматына караганда, эпидемиологиялык абал Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында начар болуп турат. Вирус жуккандардын 50% бул инфекцияны кайдан жуктуруп алганын билбейт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов дарыгерлер күнү-түнү шайы кеткиче иштеп, ооруга өздөрү да көп чалдыга баштаганы жалпы саламаттык сактоо системасынын ишине залакасын тийгизип жатканын билдирди.

Өкмөт башчы медицина кызматкерлеринин кадр резервин түзүп, аларды окутуу эң башкы маселелердин бири болуп жатканын айтты. Тез арада медициналык окуу жайында иштегендерден, ординатурада, интернатурада окуп жаткандардан медицина адистерин даярдоо милдети коюлду. Мындай иш Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзүлүшү керектиги айтылды.

Кубатбек Боронов «Саламаттык сактоо тутумубуз күз-кыш мезгилинде оорунун көбөйүү ыктымалдыгына даяр болушу керек. Ар бир облуста медициналык кадрлардын резервин даярдоо абдан маанилүү» деди.

Жалпысынан 26-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 669 медицина кызматкерине жукту. Алардын 403ү айыгып, ооруканадан чыккан, экөө кайтыш болгон.

Өкмөт вирус жуккандар менен иштөөгө мажбур болгон медицина кызматкерлерине айлыгына кошумча акы төлөп берүүнү убада кылган. Март, апрель жана май айлары үчүн кошумча маяна элден чогулган акчанын эсебинен төлөндү. Акчаны бөлүштүрүү комиссиясы соңку жыйынында эсепте калган 4,5 миллион сомдун баарын ооруканаларга медициналык жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жумшоо тууралуу чечим кабыл алган.

Өкмөттүн буйругуна ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом жөлөкпул төлөнүп берилет.

09:50 27.6.2020

Коронавирус тууралуу дүйнөлүк статистика. Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 6:45теги маалымат

Инфекция жугузгандардын жалпы саны: 9 840 552.

Өлгөндөр: 494 719.

Айыккандар: 5 314 604.

Коронавирус эң көп тараган беш өлкө

АКШ: инфекция жуккандардын жалпы саны – 2 541 376, акыркы суткада катталгандардын саны – 36 788, өлгөндөрдүн жалпы саны – 127 321, акыркы суткада көз жумгандардын саны – 541.

Бразилия: инфекция жуккандардын жалпы саны – 1 244 419, акыркы суткада катталгандардын саны – 11 272, өлгөндөрдүн жалпы саны – 55 304, акыркы суткада көз жумгандардын саны – 250.

Орусия: инфекция жуккандардын жалпы саны – 620 794, акыркы суткада катталгандардын саны– 6800, өлгөндөрдүн жалпы саны – 8781, акыркы суткада көз жумгандардын саны – 176.

Индия: инфекция жуккандардын жалпы саны​ ​ – 509 446, акыркы суткада катталгандардын саны – 18 276, өлгөндөрдүн жалпы саны – 15 689, акыркы суткада көз жумгандардын саны – 381.

Британия: инфекция жуккандардын жалпы саны – 309 360, акыркы суткада катталгандардын саны – 1380, өлгөндөрдүн жалпы саны – 43 414, акыркы суткада көз жумгандардын саны – 184.

10:11 27.6.2020

27-июнда өлкө аймагында дагы 309 адамга коронавирус жукканы аныкталды. Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар 4513 адамга жетти.

  • Жалал-Абад облусунда – 288
  • Ош облусунда – 468
  • Ош шаарында - 594
  • Чүй облусунда – 610
  • Бишкек шаарында – 1670
  • Баткен облусунда – 51
  • Нарын облусунда – 469
  • Ысык-Көл облусунда – 81
  • Талас облусунда - 42 киши.

Алардын 712и медкызматкерлер. 414ү айыкты.

Обсервацияда жаткандардын саны 1569 адам. 2212 адам айыкты. 628 адам ооруканада, 52 адамдын абалы оор, 12 адам реанимацияда жатат. Үй шартындагы изоляцияда 1627 адам бар. 46 адам каза болду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG