Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:04

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

15:09 30.6.2020

Кыргызстанда коронавирустан дагы бир медицина кызматкери каза тапты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, 30-июнда Ички иштер министрлигинин Оштогу дарылоо борборунун ординатор дарыгери Жамал Тазабекова 70 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал кызматтык милдетин аткарып жүрүп COVID-19 илдетин жугузуп алгандыктан 22-июнда Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери наамына татыган адис, эки баланын энеси Тазабекова 1949-жылы 16-декабрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. ИИМдин дарылоо борборунда 1982-жылдан бери эмгектенип келген.

Жалпысынан COVID-19 жуккан медицина кызматкерлеринин саны Кыргызстанда 830га жетти, алардын 442си айыгып, ооруканадан чыккан. Кайтыш болгондордун саны буга чейин экөө болчу.

Өкмөт коронавирус шартында иштеп жаткан дарыгерлердин шайы кеткенин, жаңы кадрлар резервин түзүү керектигин 26-июнда билдирген.

20:06 30.6.2020

«Алай» футбол клубунун эки оюнчусу COVID-19 инфекциясын жугузуп алганы аныкталды.

Ош шаарынын «Алай» футбол клубунун COVID-19 илдетин жугузуп алган бир оюнчусу жана дарбазачысы обсервацияда жатышат.

Клубдун базасы жайгашкан Оштогу Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадион карантинге жабылганын клубдун жетекчиси Алмаз Сулайманов «Азаттык» радиосуна билдирди.

(Макаланы толук бул жерден окуй аласыз)

20:23 30.6.2020

Өзбекстандын коронавируска каршы күрөшүү боюнча комиссиясы 1-июлдан тартып өлкөдө карантиндик чараларды күчөтүүнү чечти.

Ага ылайык, ири соода комплекстери жана буюм-тайым базарлары ишемби-жекшембиде дезинфекция үчүн жабылат.

Коомдук жайларда жарандар ортодо 2 метр аралыкты сактап, медициналык беткап жана колкапчан жүрүүгө тийиш. Супермаркеттердин кире беришинде беткап акысыз берилери да кабарланды.

Андан тышкары «кызыл» жана «сары» деңгээлинде деп белгиленген карантиндик аймактарда күндүз үч кишиден ашык чогулууга, түнкүсүн көчөдө же кабат үйдүн короолорунда жүрүүгө тыюу салынат.

Чектөөнү бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылары атайын комиссиянын бүтүмүндө камтылган.

Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандар 30-июнга карата 8300 кишиге жеткени расмий кабарланды. Анын ичинде айыгып чыккандар 5,5 миң киши. 24 киши коронавирус кесепетинен пайда болгон илдетти көтөрө албай көз жумду.

Ал эми Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков карантин чаралары киргизилбей турганын айтты. Макаладан толук окуңуз.

10:16 1.7.2020

1-июлда өлкө аймагында дагы 439 адамга коронавирус жукканы аныкталды.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 195 адам. Чүй облусунда 175, Жалал-Абад облусунда 24, Баткен облусунда 13, Талас облусунда 12, Нарын облусунда 10, Ош шаарында жана Ош облусунда бештен адам.

Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар 5735 адамга жетти.

  • Жалал-Абад облусунда – 360
  • Ош облусунда – 489
  • Ош шаарында - 656
  • Чүй облусунда – 1047
  • Бишкек шаарында – 2392
  • Баткен облусунда – 90
  • Нарын облусунда – 494
  • Ысык-Көл облусунда – 129
  • Талас облусунда - 78 киши.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус жугузуп алгандан кийин 5 киши каза болду. 1-июлга карата каза болгондордун жалпы саны 62 кишиге жетти. 2 443 адам айыкты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG