Коронавирус эпидемиясына байланыштуу бүгүнтөн тартып кошумча орундар Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскердик лицейде да ачылып жатат.
Бул тууралуу 1-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан ал жерде 150 керебет даярдалды, азыр тийиштүү медициналык жабдыктар жана кызматкерлер менен камсыз кылуу маселеси талкууланып жатат:
“Керебет гана эмес, ал жерде штативдер, медициналык аппаратура жана медицина кызматкерлери керек. Саламаттык сактоо министрлиги бул багытта иштеп жатат”.
Жалпысынан 18-марттан 1-июлга чейин өлкөдө коронавирус 5735 адамдан табылды, алардын ичинен 62 бейтап кайтыш болду, 2447 бейтап айыгып кетти.
Өпкөсүнөн кагынып ооругандардын саны соңку күндөрү кескин көбөйүп, ооруканаларда орун жетпей жатат.
Бишкекте коронавирусту аныктоого уруксат дагы эки менчик лабораторияга берилди. Бул тууралуу 1-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Анын айтымында, мындан ары каалоочулар Auqalab жана "Экспресс плюс" лабораторияларына кайрылса болот:
"Алардын баасы ПЧР (Полимераздык чынжырча реакциясы) 1600 сом болуп жатат. ИФА (Иммуноферменттик анализ) баасы боюнча айырма бар. Арзан эле. Кайрылып, анализ тапшырсаңар болот".
Коронавирусту аныктоо үчүн анализ мамлекеттик ооруканаларда жүргүзүлөт. Апрель айында мындай укук Бонецкий лабораториясына берилген. Анда ПЧР анализдин баасы 2400 сомдун тегерегинде.
Ал эми Ош шаардык санитардык лабораториясында COVID-19 вирусун аныктоочу 200 чамалуу пробирка калды. Бул пробиркалар оор абалдагы оорулуулардын анализин тактоого иштетилип жатат.
Кыргызстанда өпкөсүнөн кагынып ооруп жаткандарды дарылоо үчүн негизги медициналык жабдыктар жетишпей жатат. 1-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдиргендей, бүгүнкү күндө жасалма дем алдыруучу аппараттан 220, ал эми кычкылтек концентратынан 2003ү жетишсиз болуп жаткандыктан чет өлкөлөрдөн жардам суралды:
"Бүгүн Орусиядан күтүп жатабыз. 3-июлда Кытайдан келет. Түркия менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Өпкөсүнөн кагынып ооруп жаткандар үчүн жаңы ачылган орундарды медициналык жабдыктар менен камсыз кылуу боюнча иштеп жатабыз".
Каратаевдин айтымында, жасалма дем алдыруучу аппараттан мурда өлкөдө 473ү бар болчу, коронавирус башталганы кошумча дагы 20 даана алынган. Ал эми кычкылтек концентратору 610 болчу, кийин 109у кошумча алынган.
Соңку күндөрү анализинен коронавирус табылбай, бирок өпкөсүнөн кагынып, оор абалга туш болгон бейтаптардын саны күндөн-күнгө көбөйүп жатат.
Дем жетпей кыйналгандарга жасалма дем алдыруучу аппарат коюлат. Бул аппараттар кычкылтек концентратору менен иштейт.
Өлкөдөгү ири шаарлардын бири Алматыда COVID-19дан жан берген тууган-уругунун сөөгүн моргдон алып кеткени келгендердин узун кезеги пайда болду.
Ушул тушта социалдык тармактарда Алматыдагы өлүкканадан коронавирустан кайтыш болгондордун сөөгүн алып кетүү үчүн бир канча саат саргарып кезек күткөн, жоон топ адамдар тартылган видеолор тарап жатат. Бул жайдын күзөтчүсүнүн айтымында, моргго түшкөндөрдүн саны бир канча жума мурдагыга караганда азыр эки эсе көбөйдү.
Алматыдагы дээрлик бардык дарыканалардын алдынан узун кезекти көрүүгө болот. Ооруканалар абалы өтө оор бейтаптарды гана кабыл алып жаткандыктан илдет жугузуп алгандардын көбү үйдөн дарыланып, дары-дармектерди өздөрү сатып алып жатышат:
«Биз жашпыз да. Ошондуктан оорунун жеңил формасы менен ооруп жатабыз го. Мен азыр антибиотик алайын деп турам. Мына, тизмени карасаңыз, бул жерде көп дарылар бар. Жумушта баары ооруп жатат», деди дарыкананын алдында кезек күткөндөрдүн бири.
Шаарда коронавируска тест алчу жайларга кезек күткөндөр да көп. Топтолгондордун айрымдарын жумуш берүүчүсү жөнөткөн, кээ бирлери өздөрү келген. Ошондой эле операция жасатуу үчүн тестке муктаж болгондор да бар. Эгер буга чейин анализдер бир күндөн кийин эле берилсе, азыр болсо кеминде эки күн күтүшөт.
Соңку он күндүн аралыгында Казакстанда коронавирус жугузуп алган, өпкөсү кагынып ооруган адамдар кескин көбөйдү. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, күн сайын пневмония болгон 2,5 миңге чейин учур катталып жатат. Мындай бейтаптардын көбүнөн коронавирус аныкталган эмес. Толук маалымат бул жерде.
Мындай көйгөй Бишкекте да жок эмес. Учурда ооруканада көз жумгандарды кабыл алуучу өлүкканага түшкөн сөөктөр көбөйдү. Бул тууралуу 1-июлда «Азаттыкка» Республикалык патологоанатомиялык бюронун жетекчиси Валентина Пахман билдирди.
30-июнда бир суткада коронавирустан жети бейтап каза болгону расмий айтылды. Бул эпидемия башталгандан берки бир суткадагы эң көп сан болуп калды. Бирок илдетти аныктоо ыкмасы суроо жаратып жаткандыктан, өлгөндөр мындан көп болушу ыктымал деген божомол бар.
Муну «Азаттыкка» кайрылган угармандар жана окурмандар айтып, радионун социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчаларына жазып жатышат.
1-июлда «Бишкектеги өлүкканада орун калбай калыптыр» деген маалымат тарады.
Пахман ал жетектеген жайда мындай маселе жок экенин айтты. Ал ошондой эле соңку күндөрү каза болгондор көп түшө баштаганын ырастады.
Бишкекте эки өлүккана бар. Экөө тең Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын аймагында жайгашкан. Бирине ооруканада көз жумгандарды алып барышат. Экинчиси Соттук-медициналык экспертиза боюнча республикалык бюрого карайт.