Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:02

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

17:37 1.7.2020

Чоң-Алайдын акими Жумадилла Жапаровдон коронавирус табылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев «Ынтымак» телеканалында түз эфирде маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен да коронавируска чалдыккандар көп болуп жатат.

«Карантин убагында көп кызматкерлерибизди аралыктан иштөөгө жибергенбиз. Чоң-Алай районунда оору көп катталган эмес, вирус такталган он адамдын сегизи Тажикстандан кайткан кыргыздар болчу, алар Чүйгө кетишкен. Ал Ошко деле көп келчү эмес экен. Аким кайдан, кимден жугузуп алганы белгисиз. Андан вирус аныкталганы менен, белгилери жок болуп жатат», - деди ал.

Ош облусунун Араван районунун акими Курбанбай Айтибаевден да коронавирус илдети 18-июнда аныкталган. Өкмөттүн өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин маалыматына караганда, аким дарыланууда, абалы жакшы.

17:38 1.7.2020

Коронавирус күчөп кеткенине байланыштуу баш калаада коомдук транспорттун, коомдук тамактануучу жайлардын жана базарлардын иштөө убактысы чектелди. Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте коомдук транспорт - автобус, троллейбус, кичи автобустар - иш күндөрү эртең менен саат 07.00дөн 10.00гө чейин жана кечки 17.00 дөн 21.00гө чейин гана иштейт. Ишемби жана жекшемби күндөрү толук токтотулат.

Кафе, ресторан, коомдук тамактануу жайларына саат 08.00дөн кечки 20.00гө чейин гана иштөөгө уруксат берилди. Супермаркеттер, соода борборлору саат 07.00дөн кечки 19.00 ге чейин иштейт. Базарлар күн сайын саат 06.00дөн баштап кечки 17:00 чейин иштешет.

Мындан тышкары велосипедди ижарага берүү пункттарынын, балдардын оюн аянтчалары менен батуттардын ишине толук тыюу салынды. Балдардын оюн-зоок мекемелери, футбол аянтчалары жана оюн аянтчалары да таптакыр иштебейт.

Ошондой эле көчөдө уруксатсыз соода кылууга жана адамдарды тейлөөгө да уруксат жок.

Тойканалар, түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башка оюн-зоок мекемелери кардарлардын санына карабастан иштетилбейт. «Түндүкэлектр» жана «Бишкексууканал» ишканаларына кабыл алынган нормаларга ылайык карантин режимин бузгандыгы үчүн бул мекемелерге берилген суу жана электр жарыгын токтотуу сунушталат.

Мэрия элге парк, сквер, бульвар, борбордук аянт жана башка коомдук жайларга барууга чектөө коюлганын эскертүүдө.

10:21 2.7.2020

2-июлда өлкө аймагында дагы 526 адамга коронавирус жукканы аныкталды.

Алардын эң көбү Чүй облусунда - 231 адам. Бишкек шаарында 211, Жалал-Абад облусунда 27, Ош шаарында 19, Баткен облусунда 18, Ысык-Көл облусунда 10, Ош облусунда алты, Нарын облусунда үч жана Талас облусунда бир адам.

Илдеттен дарыланып жаткан 87 бейтап айыгып, акыркы сутка ичинде үйүнө чыкты.

Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар 6261 адамга жетти.

  • Бишкек шаарында – 2603
  • Чүй облусунда – 1278
  • Ош облусунда – 495
  • Ош шаарында - 675
  • Жалал-Абад облусунда – 387
  • Нарын облусунда – 497
  • Баткен облусунда – 108
  • Ысык-Көл облусунда – 139
  • Талас облусунда - 79 киши.

Алардын 921и медкызматкерлер, 464ү айыкты.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус жугузуп алган төрт бейтап каза болду: Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында 71 жаштагы бир эркек, Ноокат аймактык ооруканасында 70 жаштагы бир эркек, Кочкор аймактык ооруканасында 69 жаштагы аял жана 56 жаштагы эркек бейтап.

2-июлга карата каза болгондордун жалпы саны 66 кишиге жетти.

2 530 адам айыкты.

11:24 2.7.2020

Кыргызстандын ооруканаларында соңку эки күндө өпкөсүнөн кагынып ооруган (пневмония) 43 бейтап кайтыш болду.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын 2-июлдагы маалыматына караганда, ошентип, март айынан бери бул илдеттен өмүрү кыйылгандардын жалпы саны 97ге жетти.

Акыркы бир суткада каза болгондордун 13ү Бишкек шаарында экенин “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавируска анализи таза чыгып, бирок өпкөсүнөн кагынып (пневмония), ооруканада жаткандардын жалпы саны 1247 адам.

2-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, реанимацияда 112 адам жатат. Бейтаптардын 337синин абалы оор.

Жалпысынан бул илдет менен катталгандардын саны 1971 адам, алардын 97си кайтыш болгон, 627си сакайып кеткен.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.

Кырдаал курчуганына байланыштуу Кыргызстандагы медайымдар бирлиги коронавирус жана өпкө кагынуудан (пневмония) жапа чеккен бейтаптарга жардам берүүгө ыктыярчыларды чакырып жатат.

Бирлик "Фейсбуктагы" баракчасына бейтаптар менен иштөө үчүн медициналык билими барлар ишке чакырыларын жазды.

Медициналык билими жокторду санитардык иштерге чакырды. Кийинчерээк аталган бирликтин баракчасында санитардык иштерге талапкерлер көп чыккандыктан, орун толуп калганын, медициналык билими бар ыктыярчыларга дале муктаждык бар экени жазылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG