Ошто коронавирус илдети жугуп, Ош шаардык ооруканасында дарыланып жаткан 34 жаштагы аял 1-июлда аталган оорукананын 3-кабатынан боюн таштап алган жараатынан ошол эле жерде каза болду.
Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал 29-июндан бери COVID-19 вирусунан дарыланып жаткан.
Ушул тапта укук коргоо органдары менен саламаттыкты сактоо кызматкерлери биргеликте бул окуяны иликтеп жатышат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Маркум 25-июнда көз жарган. Өзү дарыланып жатканына байланыштуу наристеси апасынын колунда болгон.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) дары-дармектердин, медициналык каражаттар менен беткап, антисептиктердин баасынын жогорулашына жол бербөө боюнча дарыканаларда рейд өткөрүп жатат.
Мекеме кабарлагандай жогорудагы товарларга бааны негизсиз көтөргөндөр аныкталган жана катуу чара көрүлөт. Финансы полициясы ишкерлерге, дарыкана ээлерине абалдан пайдаланып медициналык каражаттардын баасын көтөрүүгө болбой турганын эскертти.
Ошондой эле макеме элге кайрылып, дары-дармек негизсиз кымбат сатылып жаткан окуялар боюнча Финансы полициясына 1955 номуру аркылуу чалып же receivefinpol.gov.kg@gmail.com кат жазууну өтүндү.
Соңку күндөрү Кыргызстанда дарыканага кезек күткөндөр көбөйүп, негизинен вируска каршы дарылар жок болуп жатканын жана дарылар кымбаттап кеткенин социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары жазып жатышат.
Бишкекте оорукананын алдында иниси жан берген адам эми ооруган агасынан айрылды. 1-июлда кечке жуук Данияр Эрназаров аттуу тургун кайтыш болгонун «Азаттык» радиосуна анын иниси Баймурат Эрназаров билдирди:
«Бир апта ичинде эки бир тууганымдан айрылдым. Агам инимден эрте ооруп баштаган экен. Ал Орусиядан ооруп келген. Абалы кескин оорлошуп кетти. Тести таза чыккан».
Бул үй-бүлөнүн окуясын «Азаттык» 27-июнда баяндаган. Бишкек шаарынын тургуну Баймурат Эрназаров өпкөсү сезгенип, ооруп калган иниси Улуттук госпиталдын пульмонология бөлүмүнүн короосунда дарыгерлерге жетпей жан бергенин билдирген. Инисинин дене табы 22-июнда көтөрүлгөн. Адеп коронавируска тапшырган анализи таза чыкканы менен абалы жеңилдеген эмес. Мындан улам туугандары аны Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга, Чүй облустук ооруканасына алып барышканы менен бирөө да кабыл албай койгон.
«Ноокат райондук ооруканасында эки дарыгер каза болду» деген маалыматты оорукананын жетекчиси Асамидин Марипов «чындыкка жатпайт» деди. Анын айтымында, медайым райондук ооруканада иштечү эмес. Ал эми ардагер дарыгерден болсо COVID-19 табылган эмес.
«Медайым Бишкекте жашаган баласынан жугузуп алган. Экөө ооруканага оор абалда түшүп, эки-үч күндөй жатышты. Өпкөсү иштен чыгып түнкү саат экилер чамасында каза болду. Ал (медайым) райондук ооруканада иштеген эмес. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда медайым болгон. Ал эми 70 жаштагы ардагер дарыгердин ПЧР анализи таза чыккан. Ал жүрөгүнө кан уюгандан улам каза болгон», - деди Марипов.
Ош облусунда алгачкы жолу Ноокат районунда 20-март күнү COVID-19 жугузуп алгандар аныкталган. Ошол эле күнү районго өзгөчө кырдаал жарыяланып, оорунун очогу чыккан айылдар тосулган.