Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:16

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

10:15 4.7.2020

4-июлда өлкө аймагында дагы 327 адамга коронавирус жукканы аныкталды.

Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар 7094 адамга жетти.

  • Бишкек шаарында – 2882
  • Чүй облусунда – 1354
  • Ош облусунда – 517
  • Ош шаарында - 756
  • Жалал-Абад облусунда – 416
  • Нарын облусунда – 528
  • Баткен облусунда – 139
  • Ысык-Көл облусунда – 181
  • Талас облусунда - 81 киши.

Алардын 1065ү медкызматкерлер, 490у айыкты.

2 адам кайтыш болду. 4-июлга карата каза болгондордун жалпы саны 78 кишиге жетти.

Үй шартындагы изоляцияда 3632 адам бар. Стационарда 670 адам дарыланууда. 104 адамдын абалы оор, 18и реанимацияда жатат.

Ал эми өпкөсүнөн кагынып, ооруканада дарыланып жаткандардын 31и соңку бир сутка ичинде көз жумду.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын кабарлашынча, март айынан бери пневмониядан каза болгондордун 151 адамды түздү.

Штабдын маалыматына караганда, азыркы учурда стационарларда өпкөсүнөн кагынып ооруган (пневмония) 2122 бейтап жатат, 496сынын абалы оор. Оор абалдагылардын 153ү реанимацияда.

Жалпысынан март айынан бери бул илдетке чалдыккандардын саны 3009 болду, алардын 736сы айыгып чыкты.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.

14:06 4.7.2020

АКШда соңку күндөрү коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар көбөйдү. Акыркы үч суткада илдетти жаңы жугузгандардын саны күн сайын 50 миңден ашты. Көз карандысыздык күнүнө даярданып жаткан өлкө бийлиги адамдарды үйүнөн чыкпоого чакырууда.

Бир катар штаттарда ишканалар убактылуу ишин токтотту. 50 штаттын ичинен кыркында вирус жуктургандардын саны көбөйдү.

АКШнын түштүк жана батыш штаттарында абал курч болуп турат. Флоридада күнүнө оң миңден ашык адамдан вирус аныкталып, ооруканага жаткандар көбөйүүдө. Аймактын бийлиги коменданттык саат режимин киргизип, эс алуу жайларынын ишин убактылуу токтотту.

Ал эми Калифорнияда болсо ишканалардын ишин жанданттуу планы кийинкиге жылды.

Учурда дүйнө боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 11 миллион адамдан ашты, анын ичинен 524 миң адам каза болду. Дүйнөдө вирус аныкталган жана каза болгондордун жалпы санынын төрттүн бири АКШга туура келет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемияга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырууда.

14:51 4.7.2020

Премьер-министр Кубатбек Боронов коронавируска байланыштуу Бишкек шаарында катталган абалга башка аймактар даяр болушу керек экенин билдирди. Бул тууралуу өкмөт башчысы 3-июлда билдирди. Ал аймак жетекчилерин абал начарласа, ооруканаларда кошумча орундарды даярдоону тапшырды.

Ушу тапта Бишкек шаарында төрт күндүзгү медициналык стационардык борбор ачылууда. Алар сасык тумоо, пневмония, респиратордук вирустук инфекция жугузуп алган адамдарды кабыл алат.

Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, стационардык борбор үчүн Ленин районунда “Газпром” спорттук комплекси, Биринчи май районунда Кожомкул атындагы спорт ордосу, Свердлов районунда Раатбек Санатбаев атындагы дене тарбия борбору, Октябрь району боюнча Түштүк магистралдагы наабайкананын имараты берилди.

Спорт залында ачылган убактылуу оорукана. Бишкек. 4-июль, 2020-жыл.
Спорт залында ачылган убактылуу оорукана. Бишкек. 4-июль, 2020-жыл.

Ар бир борбор 200 орунга эсептелген. Алар күнүнө 4000ден 6000ге чейин адамды тейлөөгө ылайыкташкан.

Андан тышкары Бишкектеги убактылуу стационарлар №1 интернаттын (150 орун), Азиз жана көрүүсү начар балдардын интернатынын (80 орун) базасында ачылды.

Бишкекте "Discovery" мейманканасында да 30 орундуу убактылуу оорукана иштей турганы кабарланды.

Анда иштеген дарыгер, медайымдардын айлык акысын, тамак-ашын, ал жерде жашоо-шартын, жана техникалык муктаждыктарды камсыздоону мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов өз моюнуна алмакчы.

22:52 4.7.2020

Кыргызстан дагы эки дарыгеринен айрылды.

Алардын бири - Ысык-Көл облустук ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмүнүн башчысы Эдил Садыков. 62 жаштагы дарыгер 30-июнь күнү коронавирус аныкталган соң ооруканадагы обсервацияга жаткан.

Ал эми медицина илимдеринин доктору, профессор Абдиманап Муратов пневмония илдетинен көз жумду. 59 жаштагы Муратов Коронавируска каршы күрөш боюнча илимий-консультативдик кеңештин мүчөсү болчу.

Ушуну менен Кыргызстан пандемия башталгандан бери жети дарыгерин, эки медайымын жоготту. 18 марттан бери 1065ү медкызматкер ооруп, 490у айыкты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG