Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

20:30 7.7.2020

Индия Орусиядан ашты, АКШда өлгөндөр азайды

Соңку күндөрү коронавирус жуккан учурлар АКШнын 50 штатынын 39унда кескин көбөйдү. Аллергия жана инфекциялык оорулар боюнча улуттук институттун жетекчиси Энтони Фаучи өлкөдөгү пандемияга байланыштуу абалды «анча жакшы эмес» деп баалады. Ал 6-июлда Кошмо Штаттар оорунун биринчи толкунунан чыга элек экенин, Европа менен Азиянын айрым өлкөлөрүнөн айырмаланып, АКШ ооруну ооздуктоого олуттуу көңүл бурбаганын белгиледи.

Өлкөдө COVID-19га чалдыккандар жакынкы күндөрү үч миллиондон ашат деген божомолдорго карабай, президент Дональд Трамп карантин чараларын азайтууга чакырып жатат.

АКШ
АКШ

Оору күчөп жаткандыктан Калифорния, Техас жана Флорида өңдүү штаттар карантин чараларын жумшартууну токтотту.

Бирок Кошмо Штаттарда оорудан каза болгондор апрель-май айларына салыштырмалуу азайды. Ошол убакта күнүгө үч миңдей бейтап каза болуп жаткан болсо, азыр мындай көрсөткүч 600 кишини түзөт. Жалпысынан бул илдеттен 130 миңден көп бейтап көз жумду.

Ооругандардын жана көз жумгандардын сандык көрсөткүчү боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган Бразилияда президент Жаир Болсонару дүйшөмбүдө тест тапшырып, өпкөсүн рентгенге тарттырганын, анализи таза чыкканын билдирди. Анын алдында айрым жергиликтүү басылмалар Болсонаруда оорунун белгилери байкалып жатканын жазышкан. Бразилиянын президенти коронавирусту «кадимки эле сасык тумоого» теңеп, оору коркунучун кенебегени үчүн сынга кабылып келет. Бул өлкөдө COVID-19 жугузуп алгандар 1,6 миллион адамга жетип, илдет 65 миңден көп бейтаптын өмүрүн кыйды.

Орусияны басып өтүп, үчүнчү орунга чыккан Индияда коронавирус дээрлик 700 миңдей адамдан табылды, оорудан 20 миңдей бейтап көз жумду. Айрым эксперттер 1,3 миллиард киши жашаган бул өлкөдө ооругандар жана каза болгондор расмий статистикадан алда канча көп болушу мүмкүн деп эсептешет.

20:30 7.7.2020

Премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык билими бар адамдардын баарына кайрылып, келишимдик негизде иштеп берүүгө чакырды. 7-июлдагы онлайн брифингде ал Бишкекте жана Чүй облусунда дарыгерлерди келишим негизинде жумушка тартуу иши башталганын, айлык акысы 70 миң сомго чейин болорун айтты:

«Өкмөт башчы катары сиздерди расмий түрдө ишке чакырам. Медициналык билими бар, бүгүнкү күндө иштебей жүргөн, «иштейм, жардам берем» деген жарандарыбыз болсо, биз аларды ишке чакырабыз. Контракт түзүп, бир же эки айгабы, үч айгабы, жогорку деңгээлдеги дарыгерлер 70 миң сомго чейин, категориясына жараша акча төлөнүп берилет».

Боронов келишимдик негизде иштей турган дарыгерлердин жата турган жери жана тамак-ашы мамлекеттин эсебинен болорун кошумчалады.

Премьер-министр Кубатбек Боронов инфекциянын жайылышынын алдын-алуунун жана токтотуунун бир гана жолу бар экенин, ар бир адам ички тартипти жана санитардык нормаларды бекем сакташы керек экенин билдирди:

«Баарын эле токтотуп, тыюу салып коюу жолу менен маселени чече албайбыз. Коронавирус оорусунун биринчи толкунунан чыгып бүтө элекпиз. Дүйнө жүзүндө алдыңкы илимпоздор «экинчи толкуну бар» деп жатышат. Эгер күзүндө экинчи толкуну келе турган болсо, биз ага даяр болушубуз керек. Андай болбой эле койсун, бирок азыртан пландарды түзүп жатабыз».

Жалпысынан 18-марттан 7-июлга чейин өлкөдө коронавирус 8141 адамдан табылды, алардын ичинен 99 бейтап кайтыш болду, 2916 бейтап айыгып кетти.

Кыргызстанда соңку аптадан бери пневмониядан каза болгондор көп болуп жатат. Ооруканаларда орун калбай, бийлик кошумча стационарларды ачууга мажбур болууда. Март айынан бери бул дарттан каза болгондордун саны 224 кишиге жетти.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.

Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19га 1225 медицина кызматкери чалдыкты, алардын 515и айыгып кетти. Ооруканада жатып каза болгондордун расмий саны беш кызматкер.

20:31 7.7.2020

Борбор Азиядагы коронавирус бар экенин ырастабаган жалгыз мамлекет - Түркмөнстанга дүйшөмбүдө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) адистери келди. Уюмдун мындай миссиясынын башчысы Кэтрин Смоллвуд бул топ 10 күн болорун, түркмөн бийлиги менен COVID-19дун жайылышына каршы чогуу-чаран иштешерин айтты.

Ашхабад өлкөдө өпкөнү сезгенткен илдет жугузуп алгандар бар экенин расмий бышыктабагынан улам ДССУ адистерин мындан эки ай мурун жөнөтүүгө аракет кылган. Смоллвуд анда алардын сапарына пандемиядан улам ары-бери каттоого киргизилген чектөөлөр жолтоо болгону айтты.

Түркмөн бийлиги өлкөсүндө коронавирус бар экенин ушул күнгө чейин ырастай элек. Бирок бийлик оорунун жайылышына каршы катуу чара көрүп жатат. Ошондой эле коронавирустун белгилери менен ооруканада жаткан бейтаптап тууралуу маалыматтар чыккан.

Бул өлкөдө оорунун жайылып-жайылбаганы тууралуу анык маалымат алуу мүмкүн эмес. Буга чейин бийликтин көрсөтмөсү менен «коронавирус» деген сөздү колдонууга, жазууга, айтууга тымызын тыюу салынган.

10:23 8.7.2020

Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде коронавирустан 13, пневмониядан 44 бейтап каза болду. Бул тууралуу 8-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Коронавирустан көз жумгандар: Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында 67 жаштагы эркек, №6 шаардык ооруканада 52 жаштагы эркек, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада 69, 55 жана 70 жаштагы үч эркек, Ош шаардык клиникалык ооруканасында 52 жаштагы эркек, Жалал-Абад облустук ооруканасында 53 жаштагы эркек, Ат-Башы аймактык ооруканасында 64 жаштагы эркек жана 55 жаштагы аял, Жайыл аймактык ооруканасында 63 жаштагы эркек жана 59, 70 жаштагы эки аял, Москва аймактык ооруканасында 49 жаштагы аял бейтап.

Бир сутка ичинде коронавирус деген диагноз дагы 345 адамга коюлду, дарыланып жаткан 67 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды.

Жалпысынан 18-марттан 8-июлга чейин өлкөдө коронавирус 8486 адамдан табылды, алардын ичинен 112 бейтап кайтыш болду, 2983 бейтап айыгып кетти.

Пневмониядан март айынан бери каза болгондордун саны 268 кишиге жетти.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG