Кыргыз бийлиги коронавирустун жана пневмониянын расмий статистикасын бириктирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу 8-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Ал 20-июндан бери өпкөсүнөн кагынып ооругандар (пневмония) көбөйгөнүн, мурда коронавирус тастыкталган бейтаптарга көбүрөөк көңүл бурулуп келгенин, эми мындай диагноз коюлганга чейин эле бардык муктаждарга жардам берилерин айтты:
«Ооба, COVID-19 катталган алгачкы күндөрдөн тартып республика аймагында пневмония болгондор бирин-серин гана катталып жаткан. Биздин адистер коронавирус деген диагнозду ПЧР анализдин жыйынтыгына карап гана коюшчу. Азыр пневмония болгондор көбөйгөндүктөн ПЧР анализди күтпөстөн тез жардам берүү зарылчылыгы пайда болуп жатат. 20-июндан бери пневмония болгондор көбөйдү. Ошондуктан азыр эки статистиканы бириктирүү жагы каралып жатат».
Бишкек шаарында соңку эки жумадан бери коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал курчуп турат. Баш калаанын мэри Азиз Суракматовдун айтымында, конуштарда да абал начар болуп турат, ал жакта коронавируска чалдыккандар 680 адам болду.
Суракматов сасык тумоо болуп же өпкөсүнөн кагынып ооругандар жаңы ачылып жаткан күндүзгү стационарларга кайрылышы керек экенин айтты. Мындай стационарлар бир нече күн мурда ар бир райондо бирден ачылган. Бүгүн дагы кошумча ачылып жатат.
Ал эми Ош облусунда обсервация үчүн 1910 орун даярдалган. Ал эми ооруканаларда уюштурулган изоляторлордо учурда илдетти жугузуп алган адамдар дарыланып жатат.
Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айынын ортосунда башталган. Ошондон бери коронавирус 8486 адамдан табылып, алардын 112си кайтыш болду. Пневмония деген диагноз 3695 адамга коюлду, алардын ичинен 268 бейтап көз жумду.
Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айынын экинчи жарымында башталды. Ошондон бери бул илдеттен ооруканада жаткан 112, ал эми пневмониядан 268 бейтап кайтыш болду.
Пневмония деген диагноз март айынан бери 3695 адамга коюлду, алардын 1907си айыкты.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) коронавирус аба аркылуу жукканына далилдер бар экенин, бирок акыркы тыянак чыга элек экенин билдирди. Уюм буга чейин COVID-19 көбүнесе бейтап дем алганда, чүчкүргөндө же жөтөлгөндө чыккан майда тамчылар аркылуу жайыларын билдирип келген. Ошондой эле бул вирустун салмагы салыштырмалуу оорураак болгону үчүн абада көп кармалбай, кыска убакыттын ичинде эле жерге түшөрүн да маалымдалган.
ДССУнун өкүлдөрү коронавирус аба жана абада калкып жүргөн майда бөлүкчөлөр аркылуу мурда айтылгандан көбүрөөк жайылышы мүмкүн экенин четке каккан жок. Ошондой эле вирус өзгөчө эл көп топтолгон жерлерде, жабык же жакшы желдетилбеген жайларда аба аркылуу жугушу мүмкүн экенин ишарат кылды.
Өткөн дем алышта 32 өлкөдөн чыккан 239 илимпоз дүйнөлүк уюмду «коронавирус аба аркылуу жугушу мүмкүн экенин көрсөткөн далилдерди көз жаздымда калтырып жатат» деп айыптаган. Алардын ДССУга жазган ачык катында вирус имараттын ичинде 1,5 метрлик бийиктиктен жерге түшкөнгө чейин аба аркылуу ондогон метрлик аралыкка жетери белгиленген.
Эгер бул айтылгандар расмий ырасталса, анда ДССУ адамдар ортосундагы 1,5-2 метрлик аралыкты сактоо сыяктуу бир катар эрежелерди жаңылашы мүмкүн. Ошондой эле адистер коомдук жайларда, транспортто беткап тагынууга мурдагыдан да катуу талап коюлушу керек экенин айтып жатышат.
Кыргыз өкмөтү эмгек өргүүсүндө жүргөн бардык медицина кызматкерлерин жумушка чакыртып алмай болду. 8-июлда коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал чечкиндүү аракеттерди талап кылып жатканын айтты.
Ал “Ооруп жаткандар дарыланып, саламаттыгын чыңдашсын. Бирок дени сак жана эмгек өргүүсүндөгү медкызматкерлер ишке чыгып, күнү-түнү нөөмөттө туруп, бейтаптарды кабыл алып жаткан кесиптештерине жардам берүүгө тийиш» деди.
Боронов азыр оорунун күчөгөн учуру Бишкек шаарына жана Чүй облусуна туура келгенин айтып, “Бишкекте жашаган саламаттыкты сактоонун бардык кызматкерлерин өргүүдөн ишке чыгууга чакырам. Бул азыркы учурдун талабы болуп жатат» деп кошумчалады. Толук маалыматты бул жерден окуңуз.
Соңку бир суткада АКШда дагы 60 209 кишиден коронавирус табылды. Бул эпидемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Өлкөдө акыркы бир күн ичинде 1114 адам COVID-19 илдетинен көз жумду. Кошмо Штаттарда вирус жуккан адамдардын жалпы саны 3 миллионго чукулдаса, илдеттен каза тапкандардын саны 130 миң адамдан ашты.
7-июлда Калифорния менен Техас штаттарында 10 миңден ашуун адамдын аназилинен коронавирус чыкты. Бул эки штат үчүн бир күн ичиндеги эң жогорку көрсөткүч.
Дүйнө жүзүндө коронавирус жугузуп алгандардын саны 11 миллион 840 миңден ашты. Былтыр декабрь айында Кытайдан башталган бул илдеттен баш-аягы 545 миңдей адам кайтыш болду.
Вирустун жайылышы боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган Бразилияда бир миллион 670 миңдей адам вирусту жугузуп алса, алардын 67 миңдейи кайтыш болду. COVID-19 илдетин сасык тумоого салыштырып жүргөн Бразилиянын президенти Жаир Болсонару коронавирус жугузуп алганы ырасталды.
Коронавирус пандемиясынын алдын ала албаганы үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун айыптап келе жаткан АКШ бир жылдан кийин бул уюмдагы мүчөлүгүн токтоторун 6-июлда расмий түрдө Бириккен Улуттар Уюмуна билдирди. Кошмо Штаттар дүйнөнүн 190дөн ашуун өлкөсү мүчө болгон бул уюмду каржылаган мамлекеттердин башкы сабында турат. Уюмдун жылдык бюджетинин 15% АКШдан келет.