Соңку сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан 11, пневмониядан 74 бейтап каза болду. Бул тууралуу 15-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Пневмониядан кайтыш болгондордун 57си аймактарда, 17си Бишкекте. Март айынан бери өпкөсүнөн кагынып көз жумгандардын саны 571 адам болду.
Жалпысынан мындай диагноз менен март айынан бери ооруканага 9204 адам жаткырылды, алардын 954и соңку бир суткада аныкталды.
Коронавирустан кечээтен бери каза болгондордун төртөө Бишкекте, калгандары аймактарда. Бир күндө бул диагноз менен 439 адам катталды.
Былтыр бир жыл ичинде Кыргызстанда пневмониядан 626 киши кайтыш болсо, быйыл алты айда эле 651 өлүм катталды.
Адистер азыр денеси ысып, жөтөлгөндөрдүн баары коронавирус экенин айтып жатышат. Бийлик пневмония менен коронавирустун статистикасын бөлүп кароодо.
Коронавируска чалдыккандардын республика боюнча жалпы саны:
- Бишкек 5554,
- Чүй облусу 2262,
- Ош шаары 1165,
- Ош облусу 729,
- Жалал-Абад облусу 714,
- Нарын облусу 654,
- Баткен облусу 421,
- Ысык-Көл облусу 382,
- Талас облусу 96
- Ушуну менен коронавирус жуккандардын жалпы саны 11 977ни түздү. 5314 адам айыкты, 160 адам каза тапты.
Кыргызстанда коронавирус жугузуп алып каза болгон медицина кызматкерлеринин жалпы саны - алты.
Расмий статистикалык маалымат ушундай экенин “Азаттык” радиосуна 15-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб каза болгондугун бышыктаган маркумдар төмөнкүлөр:
1. Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси, 58 жаштагы Жүзүмкан Көкүмбаева 2-майда каза болгон;
2. Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун дарылоо-кеңеш берүү бөлүмүндө фтизиатр болуп эмгектенип келген дарыгер, 59 жаштагы Альберт Исмаилов 2-июнда каза болгон;
3. Ички иштер министрлигинин Оштогу дарылоо борборунун ординатор дарыгери, 70 жаштагы Жамал Тазабекова 30-июнда каза болгон;
4. Ош шаарында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары, 62 жаштагы Артыкбай Эралиев 7-июлда каза болгон;
5. Ысык-Көл облустук ооруканасынын балдар бөлүмүнүн башчысы педиатр, 62 жаштагы Эдил Садыков 4-июлда каза болгон;
6. Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси, 55 жаштагы Айчүрөк Келдибекова 14-июлда каза болгон;
Бул расмий статистика. Журналисттер өз эсептөөлөрүнө таянып, коронавирустан жана пневмониядан каза болгон медицина кызматкерлеринин саны 20га чамалап калганын болжолдошууда.
Соңку бир сутка ичинде коронавирустан дарыланып жаткан медкызматкерлердин алтоо айыгып, үйүнө чыкты. Дагы 105 медицина кызматкерине диагноз жаңы коюлду.
Дарыгерлер жетишсиз болуп жаткандыктан, премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык билими бар бардык кыргызстандыктарга кайрылган жана эмгек өргүүсүндө жүргөндөрдү ишке чыгууга чакырган.
13-июлда Бишкекте күндүзгү стационарда иштеген Медициналык академиянын студенти Адинай Мырзабекова пневмониядан каза болгон.
Кошмо Штаттарда сыноодон өткөрүлгөн алгачкы вакцина адамдын иммундук системасын бекемдеп, окумуштуулар күткөндөй жыйынтык көрсөттү.
Бул тууралуу вакцинаны чыгарган "Moderna" компаниясы 14-июлда жарыялады. Аны мартта сыноо катары 45 адамга сайышкан. Алардын канында инфекцияны тосмолоп сала турган жөндөмгө ээ антителалар пайда болгон.
Толук жыйынтыктар "New England Journal of Medicine" басылмасына жарыяланды.
«Кандай болсо да, бул жакшы жаңылык» деп билдирди АКШнын Аллергия жана инфекциялык оорулар боюнча улуттук институтунун башчысы Энтони Фаучи. АКШ бийлиги коронавируска каршы вакцина жыл соңуна чейин же кийинки жылдын башында чыгып калат деп үмүттөнөт.
27-июлдан тарта сыноонун негизги баскычы башталат. Бул жолу вакцинанын күчүн текшерүү үчүн 30 миңдей адам эмдөөдөн өткөрүлөт. Учурда окумуштуулар бул сыноого катышууну каалаган ыктыярчылардын тизмесин топтоп жатат.
Ушу тапта дүйнөдө COVID-19га каршы 20дай вакцина сыноодон өтүп жатат.
Ал эми Кыргызстанда коронавирусту хижама же канды чегүү менен дарылоо ыкмасы кызуу талаш-тартыш жаратты.
Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбетакун Намазбековдун хижама боюнча түшүндүрмөсүн жарыялады. Анда Намазбеков хижама ыкмасын коронавирус жана башка ооруларга колдонууга болбой турганын айтты.
“Хижаманы коронавирус жана башка оору болсо деле жасай берген туура эмес. Медицина боюнча дагы туура келбейт. Ал кээде гана атайын көрсөтмө менен колдонулат. Бирок аны медициналык билими бар, бардыгын жакшы үйрөнгөн адис жасашы керек. Бизде хижаманы медициналык билими жок молдолор, көзү ачыктар колдонуп жатат. Дарыгерлер бул ыкманы колдонгонун көрө элекмин”, - деди Намазбеков.
Бишкекте түнкүсүн иштөө үчүн жаңы ачылган эки стационарда 15-июлга караган түнү 282 адам тейленди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан 220 орунга эсептелген түнкү эки стационар 14-июлда ачылды. Алар кечки 9дан эртең мененки 9га чейин иштейт.
Мындан тышкары мэрия 4-июлдан бери 12 күндүзгү стационар ачып, иштетип жатат. Аларда жалпысынан 31 миңден ашуун адамга жардам көрсөтүлүп, кеп-кеңеш берилди. 187 адам ооруканага жаткырылды, тогуз адам каза болду. (Толук маалымат бул жерде)