Жон Хопкинс университетинин эсебине караганда, коронавирустун жайылышы боюнча Казакстан дүйнөдөгү алдыңкы 30 мамлекеттин катарына кирди.
Расмий статистикага ылайык, кошуна мамлекетте COVID-19 илдетине 63 миңден көп адам чалдыкты. 375 адам көз жумду. Ал эми өпкө кагынынан (пневмония) каза болгондордун саны 600дөн ашты. Жыл башынан бери 100 миңге чукул адам пневмония болгон.
300дөн ашуун медициналык кызматкер COVID-19 инфекциясын жуктурган. Акыркы жумаларда өлкөдө коронавирустан же пневмониядан каза тапкан медкызматкерлердин саны арбыды.
13-июлда, коронавирус пандемиясынан каза тапкан адамдарга жалпы аза күтүү күнүндө Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин пандемияга каршы күрөштө коронавирус жуктуруп жана пневмониядан каза тапкан 42 медициналык кызматкерге сыйлык ыйгаруу тууралуу жарлыгы чыкты.
Кокшетау шаардык ооруканасынын бөлүм башчысы Олег Исаев менен Актөбөдөгү жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Калихан Козбагаровго жогорку деңгээлдеги мамлекеттик сыйлык берилди. 40 медицина кызматкерине сыйлык ыйгарылды. Арасында дарыгерлер, фельдшерлер, медайымдар жана “Тез жардам” автоунаасынын айдоочулары бар.
Аза күтүү күнү бул өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 вирусунан өлдү делген отуздан ашуун дарыгердин тизмесин жарыялап, бирок ошол эле күнү кайра алып салды.
Коронавирустун жайылышы боюнча учурда АКШ, Бразилия жана Индия сап башында турат.
Кошмо Штаттарда бул илдеттен каза болгондордун саны 136 миңден ашты. Өлкөнүн батыш жана түштүк штаттарында күнүнө 60 миңдей адамдан коронавирус аныкталып жатат.
АКШнын Хопкинс университетинин маалыматына караганда, Казакстан оорулардын көптүгү жагынан дүйнөдө 30-орунда турат.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түркмөнстандагы пневмония тууралуу кабарларга тынчсызданып жатканын билдирип, бийликти COVID-19 өлкө ичинде бардай эле чараларды кабыл алууга чакырды.
Түркмөнстанда расмий түрдө коронавирус каттала элек. 10 күн мурда Ашхабадга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун атайын миссиясы барган. Алар бир катар ооруканаларды, лабораторияларды жана чек аралаш аймактарды кыдырышты.
14-июлда миссиянын жетекчиси Кэтрин Смолвуд бийликти өпкө инфекциялары менен катталган жарандарды обочого алып, алар байланышта болгон адамдарды текшерүүгө, калкка вирустук инфекциялар тууралуу маалыматтарды жеткирип, алардын коргонуу чараларын түшүндүрүүгө чакырды.
Уюмдун өкүлдөрү барганда Ашхабад бир катар эпидемиологиялык чараларды киргизген. Ири дүкөндөр, базарлар, мечиттер жабылды, Мары шаарында той-аштарга тыюу салынды.
Жарандар көчөгө беткап тагынып чыгууга милдеттендирилди. Бийлик муну “өпкөгө чаң киргизбеш үчүн” деп түшүндүргөн. Бир күн мурда поезд каттамдары токтотулду. Анын себеби айтылган жок.
“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчылары Түркмөнстандын ооруканалары пневмония менен ооругандарга толуп калганын, арасында көз жумгандар көп экенин маалымдап келатышат.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өкмөт башчы Кубатбек Бороновду жана жалпы эле бийликти обсервациялардагы, ооруканалардагы жана күндүзгү стационарлардагы абалга көз салып, андагы башаламандыктарга көңүл бурууга чакырды. Депутат 15-июлда Бишкектин четиндеги мурдагы "Ганси" аба базасынын ордуна ачылган “Семетей” обсервациясына барып, абалы менен таанышып келген:
“Таптакыр тартип жок. Оорулуулар, врачтар менен бейтаптардын тууган-уругу аралашып эле жүрүшөт. Көзөмөлдөп койгон киши жок. Орусиядан келген дарыгерлер иштеп жатышкан экен, мага акыбалды айтып, кадимкидей ыйлашты. Эгер мындай болсок биз дагы бир-эки жылдап оору менен алышабыз деп жатышат”.
“Семетей” обсервациясындагы антисанитариялык абал, оор абалда жаткандар менен башкалар аралашып жүргөнүн, ар кандай таштандылар чыгарылбай жатканын 13-июлда ыктыярчы Эрнест Бөрүбаев да тасмага тартып Интернетке жарыялаган.
Кыргызстандын ооруканаларында кечээтен бери коронавирустан жети, пневмониядан 41 бейтап каза болду. Бул тууралуу 16-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Коронавирустан каза болгон жети адам: Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында 78 жаштагы эркек, Баткен облустук ооруканасында 71 жаштагы аял; Нарын облустук ооруканасында 72 жаштагы аял, Жайыл аймактык ооруканасында 42 жаштагы аял жана 63 жаштагы эркек, Кара-Буура аймактык ооруканасында 79 жаштагы эркек жана Панфилов райондук жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунда 53 жаштагы эркек.
Пневмониядан бир суткада кайтыш болгондордун 21и Бишкекте, калгандары аймактарда. Март айынан бери өпкөсүнөн кагынып көз жумгандардын саны 612 адам болду. Жалпысынан мындай диагноз менен март айынан бери ооруканага 9204 адам жаткырылганы 15-июлда айтылган. Кечээтен бери бул оорудан дарыланып жаткан 379 бейтап айыгып, үйүнө чыкты. Бардыгы болуп 3794 бейтап айыгып кетти.
Коронавирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 167 адам. Жалпысынан эпидемия башталгандан бери бул илдетке 12498 кыргызстандык чалдыкты, алардын 521и соңку бир күндө катталды. Дарыланып жаткандардын 75и бир сутка ичинде үйүнө чыгарылып, бул боюнча жалпы көрсөткүч 3735 адам болду.
Адистер азыр денеси ысып, жөтөлгөндөрдүн баары коронавирус экенин айтып жатышат. Бийлик пневмония менен коронавирустун статистикасын бөлүп кароодо.