Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:33

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

16:38 16.7.2020

Өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруп жаткандар да коронавирус деп катталышы керек. Саламаттык сактоо министрлиги ушундай буйрук чыгарганын 16-июлда вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди:

“Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 боюнча улуттук клиникалык колдонмонун үчүнчү версиясын бекитти. Аны эксперттер тобу иштеп чыккан. Бул колдонмо бейтаптарды коронавирустан, анын ичинде пневмониядан стационардык жана амбулатордук шартта дарылоо алгоритминен турат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда кабыл алынган Оорулардын эл аралык классификациясына ылайык, 07 классы өзгөчө кырдаал шартында колдонулат. COVID-19 лабораториялык жол менен тастыкталган U07.1 кодуна жана лабораториялык жол менен тастыкталбаган, бирок белгилери байкалган, рентгенден көрүнгөн U07.2 кодуна карайт деп бекитилген. Коронавирустук инфекцияны дарылоодо бирдиктүү ыкманы колдонуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги буйрук чыгарды. Ал буйрукка ылайык, пневмония U07.2 кодуна карайт. Ошентип, пневмония боюнча статистика COVID-19 деп эсептелет”.

Март айынан бери Кыргызстандын ооруканаларында, расмий эсеп боюнча, пневмониядан 612, коронавирустан 167 адам кайтыш болду. Клиникаларда орун жок болгондуктан көбү үйүнөн дарыланып, каза болуп жатышканы тууралуу кабарлар социалдык түйүндөргө жарыяланууда.

Буга чейин бир топ адистер өлкөдө өпкөсүнөн кагынып ооруган, бирок анализинен коронавирус табылбаган бейтаптардын баарын COVID-19 катары дарылоо керектигин айтып чыгышкан.

“Илимий-консультациялык комитет” бирикмеси Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабга кайрылып, коронавирус менен пневмонияны өз-өзүнчө эмес, чогуу кароого чакырган. Коронавирустун статистикасында кош стандартуулук болуп жатканы, дарылоонун ийгилиги диагноздун туура коюлушунан гана көз каранды экенин белгилеген.

Ал эми милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков 16-июлдагы онлайн брифингде өлкөдө пневмония жана COVID-19 илдетине кабылгандар акысыз дарылана турганын билдирди.

“Кыргыз жарандары үчүн пневмония жана COVID-19 диагноз менен ооруган бейтаптарды акысыз дарылоо тууралуу чечим кабыл алынды”.

Калыковдун айтымында, күндүзгү стационарларда иштеп жаткан дарыгерлерге кенемте төлөнөт. Жыл башынан бери республикалык бюджеттен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна кенемте төлөмдөргө 233,7 миллион сом бөлүнгөн.

Өлкө боюнча 20 миңден ашык медициналык кызматкер ( 5308 дарыгерлер, 9556 орто медкызматкер, кенже медкызматкер 3398, 2671 ар кандай кызматкерлер) кенемте алышты. Инфекциянын очогунда иштеген медкызматкерлерге жалпы 503,6 млн. сом өлчөмүндө кенемте төлөндү.

Расмий маалыматка караганда, 16-июлда өлкө боюнча 96 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Жалпысынан республикада 2076 медициналык кызматкерден коронавирус табылып, анын 583ү айыкты. Өкмөт алты медициналык кызматкер коронавирус менен күрөшүп жүрүп, илдет жуктуруп алгандан кийин каза болгонун маалымдаган. Бирок расмий эмес маалыматтарда коронавирус козгогон пневмониядан каза болгон ак халатчандардын саны мындан бир топ көп.

22:07 16.7.2020

Индия: 125 миллиондон ашык адам жашаган Бихар штаты карантинге жабылды

Индиянын бийлиги аталган штаттагы катаал карантиндик чектөөлөр 15 күнгө созуларын билдирди. Бул өлкөдө акыркы бир күндө коронавирустан 600дөн көп бейтап көз жумду жана ажал тапкандардын жалпы саны 25 миңге чамалап калды.

Эксперттер ооругандардын санына карап АКШ менен Бразилиядан кийинки эле үчүнчү орунда турган Индияда COVID-19га кабылгандар ушул апта ичинде бир миллион адамга жетет деп божомолдоп жатышат.

Орусияда соңку бир күндө оору дагы 6428 адамдан табылды жана илдетке кабылгандардын саны 750 миңден ашты. Москвада акыркы бир күндө COVID-19ду жуктуруп алган 531 адам катталды жана бул соңку он күндөн берки эң төмөн көрсөткүч болуп калды. Борбор шаарда күн сайын ооругандардын саны 600дөн ашык катталып жаткан эле.

Жон Хопкинс университетинин эсебинде, COVID-19ду дүйнө жүзүндө жуктуруп алгандар 13,5 миллион адамга жетти. Бул илдет 584 миңден көп бейтаптын өмүрүн кыйды.

09:12 17.7.2020

Британ Улуттук киберкоопсуздук борбору орусиялык хакерлер коронавируска каршы вакцина тууралуу маалыматты уурдоого аракет кылган деп айыптады. Маалыматка ылайык, хакерлер орус чалгын кызматынын көрсөтмөсү менен иштешкен. Мекеме APT29 деп аталган хакердик топ Британиядагы, АКШдагы жана Канададагы коронавируска каршы вакцина иштеп жаткан уюмдарга чабуул жасаган деп маалымдады. Билдирүүдө ушундай эле корутундуну АКШ менен Канаданын атайын кызматтары да билдиришкен деп жазылган. Бирок уюмдардын аталышы менен адамдардын ысымы аталган эмес.

Коронавируска каршы вакцина сыноодон өтүп жатканын алгачкылардан болуп британ окумуштуулары апрель айында кабарлашкан. Оксфорд университетинин бул багытта иштеген окумуштуулар тобу вируска каршы вакцина иштеп чыгууда лидерлер катары саналышат.

Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб Лондон башка союздаштары менен чогуу киберчабуул жасагандарды жоопко тартарын убада кылды. Анын “орусиялык атайын кызматтар коронавирус пандемиясына каршы күрөшүп жаткандарга каршы иштегени кабыл алынгыс иш” деген сөзүн британ өкмөтүнүн сайты жазды.

APT29 (Cozy Bear жана Dukes) деп аталган орус тилдүү хакердик топ 2014-жылдан бери белгилүү. Бул хакерлерди АКШда президенттик шайлоонун алдында Демократиялык партиянын улуттук комитетине жана батыш өлкөлөрүнүн өкмөттүк мекемелерине жасаган чабуулу үчүн айыпташкан.

АКШ бул чабуулдардын артында Орусиянын атайын чалгын кызматы турат деп эсептейт.

Орусия британ коопсуздук кызматынын билдирүүсүн четке кагып, COVID-19га каршы вакцина тууралуу маалыматтарды уурдоонун зарылчылыгы жоктугун билдирди. Орусиянын инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев "Р-Фарм" компаниясы Британиянын фармацевтикалык "AstaZeneca" компаниясы менен чогуу оксфорддук вакцинаны Орусияда чыгарууну макулдашканын "Times Radioнун" эфиринде айтты.

11:28 17.7.2020

Саламаттык сактоо министрлиги 16-июлда өпкө кагыны (пневмония) жана COVID-19 инфекциясын чогуу эсептөө тууралуу буйрук чыгарган.

Ага ылайык COVID-19 лабораториялык жол менен тастыкталган U07.1 кодуна жана лабораториялык жол менен тастыкталбаган, бирок белгилери байкалган, рентгенден көрүнгөн U07.2 кодуна карайт деп бекитилген.

17-июлда COVID-19га каршы республикалык штаб Кыргызстанда U07.1 жана U07.2 коду менен катталган жаңы учурлардын саны бир суткада 1654 учурга жеткенин кабарлады.

  • Бишкек 613
  • Ош 67
  • Чүй облусу 272
  • Ош облусу 125
  • Талас облусу 76
  • Нарын облусу 39
  • Ысык-Көл облусу 234
  • Жалал-Абад 134
  • Баткен 94

Ошону менен илдетке чалдыккандардын жалпы саны 23 783.

Бир сутка ичинде U07.1 жана U07.2 коду менен катталган​ COVID-19 ​инфекциясынан өлгөндөрдүн саны 83 адамды түздү.

  • Бишкек 33
  • Чүй облусу 7
  • Ош облусу 9
  • Талас облусу 2
  • Нарын облусу 3
  • Ысык-Көл облусу 17
  • Жалал-Абад 11
  • Баткен 1

Өлгөндөрдүн жалпы саны 785

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG