Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:44

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

15:57 17.7.2020

Түштүк Африка ооругандардын саны боюнча Мексика менен Чилиден озуп, дүйнөдө алтынчы орунга чыкты. 57 миллион калктуу бул өлкөдө жарандардын дээрлик 14 пайызы ВИЧ/СПИД инфекциясы менен жашайт. Мындан улам коронавирус кошул-ташыл болсо калктын аялуу катмарына кесепети дагы оор болот деген кооптонуу айтыла баштады.

АКШда соңку бир күндө өпкөнү сезгенткен илдет дагы 77 миңден ашык адамдан аныкталды жана бул кезектеги антирекорд болуп калды.

Флорида, Түштүк Каролина жана Техас штаттарында оорунун тарашы басаңдай элек. Айрым штаттарда моргдор толуп калгандыктан, бийлик муздаткычы бар машиналарды убактылуу пайдаланганы жатат.

Кошмо Штаттарында оору жуккан учурлар май айынан бери үч эсеге көбөйдү. Бул өлкөдө ооруну жуктуруп алгандар 3,6 миллионго жетип калды жана илдеттен 138 миңден көп бейтап көз жумду.

АКШдан кийин эле тизменин экинчи сабында турган Бразилияда COVID-19ду жуктуруп алгандар эки миллион кишиден ашып, илдеттен көз жумган бейтаптар 77 миңге жетти. Бразилияда май айынын аягынан бери күнүгө орто эсеп менен миңге чукул адам өмүрү менен кош айтышып жатат.

Коронавирус жугузуп алгандардын саны боюнча дүйнө жүзүндө үчүнчү орунда турган Индияда бул илдеттен 26 миңге чукул бейтап каза болду. Мунун алдында өлкө бийлиги 125 миллиондон ашык эл жашаган Бихар штатын 15 күнгө карантинге жапкан.

Франция эмки аптадан тартып жабык жайларда беткап тагынуу милдеттүү болорун билдирди. Австралиянын Виктория штатында оорунун жайылышы басаңдай элек, аймакта соңку бир күндө оору дагы 428 адамдан табылды.

Бразиялиялык бийчи.
Бразиялиялык бийчи.

Кырдаалга байланыштуу 17-июлда Европа Биримдигине мүчө 27 мамлекеттин башчылары Брюсселге эки күндүк саммитке чукул чогулду. Алар коронавирус коркунучун азайтуу ишине 750 миллиард евро өлчөмүндөгү каражат бөлүп берүү планын талкуулашмакчы. Буга чейин мындай планды Франция менен Германия колдоп чыккан, бирок Европанын түндүгүндөгү бир нече мамлекет каршы болууда.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Европа үчүн "чынчылдыкты жана дымакты көрсөтүү маалы келгенин" билдирди:

"Биз азыр саламаттык сактоо, социалдык жана экономикалык тармактарда мурда болуп көрбөгөндөй каатчылыкты баштан кечирип жатабыз. Бул көбүрөөк тилектештикти жана дымакты талап кылат. Биз Европада бардык тармакта кайра жандануу болушу үчүн азыр мунаса табышыбыз керек", - деди Макрон.

Өткөн аптада Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель коронавирус пандемиясынын көп жабыркаган өлкөлөргө 500 миллиард еврону карызга, ал эми калган 250 миллиардды грант түрүндө берүүнү сунуштаган. Нидерланд, Австрия, Швеция жана Дания буга каршы чыгып, гранттын көлөмүн мүмкүн болушунча азайтуу керектигин айтып жатышат.

23:07 17.7.2020

Израилде соңку бир күндө коронавирус дагы 500гө чукул адамдан аныкталды. Өлкө бийлиги оору жайылып жаткандыктан ресторандарды кайра жапты жана эл көп катышкан иш-чараларга тыюу салды. Тель-Авив дем алыш күндөрү дүкөндөр, музейлер жана көңүл ачуучу жайлардын баары жабык болорун билдирди.

Израиль коронавирус пандемиясынан улам март айында карантин киргизип, аны май айынан тарта жумшартып жаткан. Бир канча аптадан бери оору жуккан учурлар тынбай өсүп жатат.

Испаниянын Барселона шаарынын бийлиги да айрым карантин чараларын кайталап киргизди. Ага ылайык, кинотеатрлар, түнкү клубдардын баары жабылат, 10дон ашык киши чогулганга болбойт. Ресторандар иштей берет, бирок ичинде отургандар жарым-жартылай гана толушу керек.

Европанын айрым бир өлкөлөрүндө оорунун жайылышы басаңдаганы менен дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде илдет эселеп көбөйүп жатат.

Дүйнө жүзүндө COVID-19 менен ооругандар 14 миллион адамга чамалап калды, илдеттен 600 миңдей бейтап көз жумду. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемиясын мындан төрт ай мурун жарыялаган.

10:24 18.7.2020

Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой 1-августтан тартып өлкө коронавирус жана пневмония болуп ооругандарды чогуу эсептей турганын билдирди. Ал 17-июлда мындай чечим Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү менен кеңешкенден кийин кабыл алынганын айтты.

Алексей Цойдун айтымында, жыл башынан тартып 15-июлга чейин өпкөсү кагынган 3327 бейтап көз жумган. Буга чейинки расмий маалыматта пневмониядан 1772 адам ажал тапканы, жалпысынан бул оору 98 миңден ашык адамдан аныкталганы эсептелген.

Мунун алдында казак президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө коронавируска кабылгандарды жана пневмония менен ооруп жаткандардын статистикасы боюнча бир чечимге келүүнү тапшырган.

Расмий статистика боюнча Казакстанда COVID-19ду 66,8 миңдей адам жуктуруп алып, 396 бейтап көз жумду.

11:57 18.7.2020

18-июлга карата Кыргызстанда акыркы сутка ичинде COVID-19 U07.1 (коронавирус) жана U07.2 (пневмония) чалдыккан 1264 адам жаңы катталды. Анын ичинен басымду бөлүгү Бишкекте.

  • Бишкек шаарында – 506,
  • Ош шаарында – 61
  • Ош облусунда – 138
  • Чүй облусунда – 181
  • Талас облусунда – 88
  • Нарын облусунда – 29
  • Ысык-Көл облусунда – 100
  • Жалал-Абад облусунда – 113
  • Баткен облусунда – 48

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, COVID-19 вирусуна жана пневмонияга кабылгандардын жалпы саны өлкөдө ушуну менен 25 047 адамга жетти.

Ал эми акыркы суткада COVID-19 илдетинен жана пневмониядан 73 киши каза болду. Анын ичинде:

  • Бишкекте – 22
  • Чүй облусунда – 2
  • Ош облусунда – 15
  • Талас облусунда – 2
  • Нарын облусунда – 7
  • Ысык-Көл облусунда – 1
  • Жалал-Абад облусунда – 19
  • Баткен облусунда – 5 киши.

Пандемия башталгандан бери бул оорулардан көз жумгандардын саны 858 адамга жетти.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG