18-июлга карата Кыргызстанда 70 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
- Бишкек шаарында – 25
- Чүй облусунда – 19
- Ош шаарында – 18
- Ош облусунда – 1
- Талас облусунда – 2
- Жалал-Абад облусунда – 5
Ал эми акыркы суткада 8 медициналык кызматкер айыгып, ооруканадан чыгарылды. Жалпысынан өлкөдө COVID-19 вирусун 2269 медициналык кызматкер жуктурганы аныкталды. Алардын ичинен 600 медкызматкер айыгып чыккан.
Вирустан каза болгон медицина кызматкерлеринин саны, бейрасмий эсеп боюнча жыйырмадан көп. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин расмий эсебинде кайтыш болгондордун саны буга чейин жогорудагы эки дарыгерден тышкары алтоо болчу.
Дарыгерлер жетишсиз болуп жаткандыктан премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык билими бар бардык кыргызстандыктарга кайрылган жана эмгек өргүүсүндө жүргөндөрдү ишке чыгууга чакырган.
Өкмөт чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, каза болгондорго 1 миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек. "Азаттыктын" бүгүнкү күнгө чейин канча дарыгерге канча сом төлөнүп берилгени тууралуу суроосуна Каржы жана Саламаттык сактоо министрликтери жооп бере элек.
Хьюстондогу Бириккен мемориалдык медицина борборунда 86 аскердик медицина кызматкеринен турган бригада түштүк штаттарга көмөктөшүү максатында түзүлгөн.
Коронавирус катуу каптап жаткан Техас жана Калифорния штаттарына аскердик дарыгерлер жиберилди.
Калифорнияда аскердик медицина кызматкерлери дарыгерлер жетишпей жаткан сегиз бейтапканага бөлүндү. Техаста коронавируска чалдыккан жана андан набыт болгондордун саны өсүүдө.
17-июлга карата штатта 10 миңден ашуун адам вирусту жуктуруп, 174 адам көз жумганы расмий кабарланды. Калифорнияда 17-июлда 9229 адам коронавируска чалдыгып, 119 адам андан көз жумган.
АКШда 17-июлга карата 77 638 адам коронавируска чалдыкканы кабарланган. Бир суткада оорудан 927 киши көз жумган. Бул пандемия башталгандан берки убакта АКШдагы эң жогорку көрсөткүч.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына караганда, 18-июлга карата жалпы дүйнөдө коронавируска 14,2 млн. адам чалдыкты. 599 438 киши оорудан улам жарык дүйнө менен кош айтышты. 8,5 млн. адамга чукулу илдеттен сакайды.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда Биринчи радиого маек курду. Мамлекет башчысы өлкөдөгү абал тууралуу суроолорго жооп берип, ой-пикирлери менен бөлүштү.
Ал илдеттин жайылып кетишине негизги беш эреженин сакталбагандыгы да себеп болгонун айтты.
“Бул кандай эреже? Колду жуу, беткап тагын, социалдык аралыкты сакта, ооруп калсаң дарыгерге кайрыл, кеңеш ал. Эгерде оорураак болсоң ооруканага жат, жеңил болсо үйдө дарылан, ооруп калгандан кийин бирөө менен байланышпа. Өзүңдү сакта, андан кийин жаныңдагыны сакта деген нерсе — бул жөнөкөй нерсе да. Ушуларды сактабаган үчүн вирус тарады. Бирок дагы деле айтып, талап кылып жатабыз, бул эрежелерди сакташыбыз керек”, - деди президент.
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков учурда сырттан келген акчаны чоңдор «жеп койду» деген сөз эң көп айтылып жатканын белгилеп, ага жол берилбесин эскертти. Ал ошондой эле азыркы оор кырдаалда эл башына түшкөн жүктү чогулуп, жабыла көтөрүп кеткен элдин ынтымагына кубанганын кошумчалады. Ыктыярчылардын, дарыгерлердин баатырдыгына ыраазычылыгын билдирди. (Толук маалымат бул жерде)
Жон Хопкинс университети дүйнөдөгү мамлекеттердин өкмөттөрү берген маалыматтарга таянуу менен 18-июлда коронавирусту жугузуп алгандардын саны 14 миллиондон ашканын кабарлады.
Пандемиянын курмандыктары расмий маалымат боюнча 600 миң адамга жетти.
ДССУ соңку кезде вирус тездик менен тарай баштаганын билдирди. Акыркы суткада дүйнө жүзүндө 237 740 адамга вирус жукканы белгилүү болду.
Инфекцияны алып жүрүүчүлөрдүн 3 миллиону АКШда, 2 миллиону Бразилияда, 1 миллиону Индияда.